Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Ооганстан: Хамид Карзайдын өнөктөш тандоосу талаш жаратты


Ооганстан президенти Хамид Карзай алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкер катары катталып жатат
Ооганстан президенти Хамид Карзай алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкер катары катталып жатат

Ооганстандын президенти Хамид Карзай дүйшөмбү күнү алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катталды. Бул жаңылык эч кимди деле таң калтырган жок. Бирок анын шайлоого мурдагы талаа командири жана Коргоо министри Мухаммед Касим Фахим менен бирге бара турганы, эгер жеңип чыга турган болсо Фахимди вице-президент кылары тууралуу маалымат талаш-тартыш жаратты.

Хамид Карзай дагы беш жыл президент болуу тилегин дүйшөмбү күнү билдирип, Ооганстан элинин кызыкчылыгы жана өсүп-өнүгүшү үчүн дагы да кызмат кылууну көздөп жатканын айткан. Анын президенттик шайлоого бара турганы эч кимди деле таң калтырган жок. Бирок шайлоодо жеңип чыга турган болсо өзүнүн болочок вице-президенти катары мурдагы талаа командирин тандай турганы көпчүлүктү убайымга салды.

«Хан Фахим менен Карим Халили бул чоң жарышта менин вице-президенттикке сунуштай турган талапкерлерим болот»,- дейт Хамид Карзай.

Карзайдын мындай тандоосуна эл аралык коомчулук да дароо маани берип, Карзайдын шайлоо алдындагы оонган элинин кызыкчылыгы үчүн иштөө убадасы менен Фахимди тандоосу бири-бирине каршы келерин, бул көрүнүш Ооганстанда демократиянын өсүшү менен адам укуктарынын сыйланышына шек келтирери айтыла баштады. Анткени Фахим эл арасында мурдагы ырайымсыз талаа командири, адам укуктарын сыйлабаган адам катары белгилүү.

Дүйнөлүк адам укуктарын коргоо уюмдары да бул тандоо Ооганстанды жакшылыкка алып барбасын айта башташты. «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Азия аймагы боюнча директору Брайн Адамстын айтымында, Фахим Ооганстандагы кылмыштуу уюмдарды коргоп, маң заттарынын жайылышына көмөк кылып келген таасирлүү адамдардын бири катары белгилүү.

«Фахимди бийликтин бийик бутагына отургузуу Ооганстан үчүн артка карай абдан коркунучтуу кадам болот», - дейт Брайн Адамс.

Фахим убагында Мужахедин партизандарын жетектеп, анын согушчандары советтик аскерлерге каршы ийгиликтүү пайдаланылган. Кийин аны талиптер менен болгон согушта да жалдап, талип режимин кулатууда колдонушкан. Карзайдын алгачкы президенттик жылдарында Фахим вице-президенттик жана коргоо министри кызматын бир аткарып турган. Бирок кийинчерээк аны Карзай жогорку кызматтан алып, эл аралык коомчулук аны жылыш катары баалап, ооган бийлиги талаа командирлеринен арылуусу керектиги, алардын ордуна чыныгы адистер келиши керектиги айтылган.

Ооганстандагы саясат талдоочу, Кабулдагы ММК ресурстук борборунун жетекчиси Хажи Сайед Дауддун айтымында, учурда эл арасында бийлик борборуна кайрадан аскер башчылар келет экен деген коркуу сезимдери пайда болду:

«Элдер бул адамдардын дагы деле таасирлүү бойдон калып жатканына тынчсызданып турушат. Буларда мыйзамсыз курал-жарактар абдан көп жана көбү дагы деле тымызын куралдуу топторду башкарып атышат. Эгер алар бийликке кайра келишсе Ооганстандагы анчыз да кыйчалыш абалды андан бетер курчутуп жибериши ыктымал. Бирок Карзайды бул нерселер тынчсыздандырбайт өндүү. Анын эң негизги максаты, кандай жол менен болсо да шайлоодо жеңип чыгуу болуп жатат»,- дейт Хажи Сайед Дауд.

XS
SM
MD
LG