Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

А.Табышалиева: “Аймактык жалпы тарыхты жазууга мезгил жетти”


Тарыхчы Анара Табышалиева. ЮНЕСКО, Париж ш. 2009-жылдын 5-октябры.
Тарыхчы Анара Табышалиева. ЮНЕСКО, Париж ш. 2009-жылдын 5-октябры.

Жакында (5-6-октябрда) ЮНЕСКОнун Париждеги башкеңсесинде бул эл аралык уюм соңку 57 жыл ичинде жарыялап келген дүйнөлүк жана аймактык тарых китептерине арналган эл аралык симпозиум болду. Ага катышкан кыргыз тарыхчысы, ушул тапта АКШда эмгектенип жаткан профессор Анара Табышалиева “Азаттык” үчүн маек куруп берди.

”Азаттык”: Анара, ошентип, 6-октябрда ЮНЕСКОнун эки күндүк симпозиуму соңуна чыкты. Анда талкууланган жаңы тарых китептеринин арасында “Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы” деген алты томдук китеп да болду. Сиз бул китептин акыркы томунун кош редакторунун бири жана бир катар макалаларынын автору болдуңуз. Бул сериянын мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

Анара Табышалиева: Бул өтө маанилүү серия болду. Баса белгилечү нерсе, анда алгачкы жолу Борбордук Азиянын ири мейкиндигинин жалпы элеси чагылдырылды. Мында мен “Чоң Борбордук Азия” деп айткан аймакка пост-советтик борбордук азиялык өлкөлөр, Монголия, Батыш Кытай, Түндүк Пакистан, Түндүк Ооганстан, Чыгыш Иран, Ооганстан, Сибир, Орусиянын бир бөлүгү камтылат. Бардык алты томду жазган авторлор жамааты 270 калемгерден турду.

Долбоор тээ 1980-жылы эле башталган. Албетте, алгачкы убакта долбоорго мурдагы советтик Борбордук Азия үчүн Маскөөнүн, Орусиянын окумуштуулары тартылган. Кызыктуу бир жагдай – тажикстандык профессор Мухамед Асимов бул эл аралык долбоордун төрагасы болгону. Кейиштүүсү, аны кийинчерээк, атуулдук согуштан соң, өлтүрүп кетишти. Бул долбоорго мен, башка бир катар казак, өзбек, түркмөн окумуштууларындай эле, 1995-жылы гана кошулдум.
Ал кезде Борбордук Азиянын окумуштуулары Орусиянын окумуштууларына караганда анча маанилүү эмес деп кабыл алынышчу.


”Азаттык”: Демек, бурулуш учур пост-советтик борбордук азиялык мамлекеттер эгемендикке жеткен соң гана келген экен да?

Анара Табышалиева: Абдан туура. Ага чейин биздин Борбордук Азия аймагыбыз үчүн негизинен Маскөө менен Ленинграддын илимпоздору өкүл болуп келишкен. Ал кезде Борбордук Азиянын окумуштуулары Орусиянын окумуштууларына караганда анча маанилүү эмес деп кабыл алынышчу.

”Азаттык”: Бул жалпылама эмгекке катышкан жергиликтүү, аймактык окумуштуулардан кимдерди атап кетээр элеңиз?

Анара Табышалиева: Казакстандан археолог Карл Молдакметович Байпаков, Өзбекстандан – Диларам Алимова сыяктуу тарыхчылар, кыргызстандык жана башка өлкөлөрдөн бир катар мыкты илимпоздор катышты. Анын ичинде тажикстандык Мухамед Асимов – чыгаан уюштуруучу жана окумуштуу болчу. Албетте, айрым учурларда биз бири-бирибизди түшүнө албай калган, убактылуу талашып-тартышкан чак да болду. Бирок жалпысынан Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн окумуштуулары кайрадан чогулуп, жамааттык эмгек жаза турганга неге болбосун деген бүтүмгө келдим.
Мурда Борбордук Азия тарыхы Маскөөнүн жетекчилиги астында жазылып, оторчул маанай үстөмдүк кылган, партиялык тизгин да байкалган.


”Азаттык”: Демек, ЮНЕСКОнун бул тажрыйбасы болочокто башка да аймактык жалпылама эмгектерди жаратууда өрнөк болот экен да?

Анара Табышалиева: Сөзсүз түрдө бул – ошондой сабактардын бири болуп калды. ЮНЕСКО демилге көтөрүп, Франция, Жапония, Кытай, Американын жана башка өлкөлөрдүн көптөгөн илимпоздору колдоп берген бул алты томдук долбоор өтө алгылыктуу болду. Мурда Борбордук Азия тарыхы Маскөөнүн жетекчилиги астында жазылып, оторчул маанай үстөмдүк кылган, партиялык тизгин да байкалган. Эми болсо өз алдыбызча жамаатка баш кошуп, жалпы аймактык тарыхыбызды жазууга мезгил жетти.

Албетте, талаш-тартышсыз мында эч мүмкүн эмес, ал түгүл бир эле өлкөнүн ичинде тарыхчылар өз ара талашып-тартышып жатышпайбы. Бул – кадыресе көрүнүш. Эң башкы шарт ушул – бул ишти аткаруу маалында академиялык эркиндик камсыз кылынууга тийиш.

”Азаттык”: Маегиңиз үчүн чоң ыракмат.
XS
SM
MD
LG