Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Убактылуулар заманы


Убактылуу өкмөттүн башчысы Р. Отунбаева жана анын орун басарлары Ө. Текебаев, Т. Сариев жана И. Исаков маалымат жыйынында. 2010-жылдын 8-апрели.
Убактылуу өкмөттүн башчысы Р. Отунбаева жана анын орун басарлары Ө. Текебаев, Т. Сариев жана И. Исаков маалымат жыйынында. 2010-жылдын 8-апрели.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, сот органдары жана прокуратура тармагын тейлеген Азимбек Бекназаров ишембиде жаңы бийликтин 10 күндүк иши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт 7-апрелден кийин өлкөдө кан төгүлүп кетүү ыктымалдуулугун болтурбай, К. Бакиевди ырасмий эмес үчүнчү аялы жана балдары менен өлкөдөн чыгарып жиберди.

Өлкөдө экономикалык, саясий негизде адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды жасагандардын бардыгы четинен кармалууда. Ал эми талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Убактылуу өкмөттүн кемчиликтери эмитен оркоюп көрүнө баштады.

Убактылуу өкмөт кулатылган президент Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жиберип, анын жан-жөкөрлөрүн, бийликте иштеп келишкен ага-туугандарын жана балдарын кармоо операцияларын жасашууда.

Азимбек Бекназаров
Сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун пикиринде
, Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева жеке кабыл алган жана бул эң туура чечим болду. Анын айтымында, Курманбек Бакиев сот жообунан эч кайда качып кете албайт. Бир дагы мамлекет ага баш калка бергиси келбей турат жана аны убактылуу кабыл алгандар кийин өткөрүп берүүлөрү керек. Эгер айтылып аткандай, Беларус президенти Александр Лукашенко ага баш калка бере турган болсо, эки өлкө мамилесине доо кетиши мүмкүн.

Ошондой эле ал 7-апрелдеги кандуу окуя жана экономикалык кылмыштар боюнча төмөнкүлөр сөзсүз жоопко тартыларын убада кылды:

- Биринчи, 7-апрель боюнча. Мамлекет башчысы, башкы командачы болуп турган Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Бакыт Калиев, Мурат Суталиев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов, Данияр Үсөнов, Каныбек Жороев жана башкалар жоопко тартылат.
Козголгон кылмыш иштери мурдагыдай жиги билинбей калбайт. Ага эркин ММК, жарандык коом, 7-апрелде курман болгондордун элеси, жалпы эл жол бербейт.
А. Бекназаров

Экономикалык кылмыштар боюнча түзүлгөн топ, А. Акаев жана К. Бакиевдердин элдик бийликти узурпациялап, элдин байлыгын талап-тоноосуна жол бергендер, көмөктөшкөндөр, ошондогу жоопту кызматкерлер жоопко тартылмакчы. Маселен, Ильяс Давыдов, Турсун Турдумамбетов, Нариман Түлеев, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Марат Алапаев, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Аламанов, Курманбек Темирбаев жана башкалар...


Экономикалык кылмыштар боюнча түзүлгөн тергөө тобу андан тышкары Бакиевдер менен бирге ар кыл махинацияларды жасаган, Е.Гуревич, А.Ширшов, А.Елисеев, С.Попов сыяктуу адамдардын үстүнөн кылмыш иши козголгонун, 2-3 күн ичинде MGN компаниясынын жетекчиси болуп турган Евгений Гуревич кармаларын айтты.

Ошондой эле А.Бекназаровдун айтымында, 7-апрелдин алдында “Азия универсал банк” аркылуу Максим Бакиев баштаган топ өлкөдөн 157 миллион долларды четке чыгарып кеткен. Сот жообуна андан тышкары “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком” ишканаларын сатууга катышкандар да тартылмакчы.

Андан тышкары А.Бекназаров “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, мурдагы президент А. Акаевдин кулашынан кийинкидей козголгон кылмыш иштеринин бардыгы жиги билинбей кетпесин, мал-мүлктөрдү Убактылуу өкмөт мүчөлөрү же алардын жакындары өз ара бөлүп кетпесин билдирди.
Жарандык коом кыймылдап, көзмөлгө албаса мурдагыдай эле процесстер башталат. М. Сариев

-Андай болуп кетишине эркин дем алып калган маалымат каражаттары, күчтүү жарандык коом, 7-апрелде курман болгондордун элеси, жалпы эл жол бербейт,- дейт ал.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Убактылуу өкмөт чоң убадаларды берип атканы менен илгерки совет доорундагыдай эле аң-сезими, эскиче башкаруу ыкмасы менен кала берүүдө. Бийлик алмашканда боло келчү мүлктөрдү бөлүштүрүү процесстери байкалууда:
Марс Сариев

- Азыр жарандык коом көтөрүлүп, алар бийликти көзөмөлдөп, өздөрү бийлик арасына кирүүлөрү керек. Төмөндөн жогору карай демилгелер кетиши керек. Азыр деген шаарда жарандык коом жатпайбы, байкап коюп эле. Ошолор кыймылдап, иштебесе, мурдагыдай эле процесстер башталат. Ирип-чиримейлер башталат. Мына азыр ишканаларды рейдерлик басып алуулар болуп атат деп атышат. Аларды кимдер уюштурмак эле? Ошолордун баары кошул-ташыл болуп атат.

Айрым талдоочулар Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганы эбегейсиз зор ыйгарым укуктарга ээ болуп калганын, андыктан буларды да коомдук көзөмөлдөө процесстерин күчөтүп, баш мыйзамды кабыл алуу жана шайлоо процесстерин максатка ылайык ишке ашыруу керектигин айтууда.

А. Бекназаров: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

XS
SM
MD
LG