Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

К.Бакиевдин өлкөдөн чыкканына каршы акция өттү


16-апрелде эки жүздөн ашык адам УТРК, андан кийин Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү отурган Коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар утурумдук бийликтен мурдагы президент Курманбек Бакиевди, анын балдарын, бир туугандарын жана алардын айланасында иштеп ок атууга, коррупциялашкан системаны чыңдоого катыштыгы бар мурдагы өкмөт мүчөлөрүн да кармап, элдик сот аркылуу жазалоону талап кылышты. Кечке жуук алар Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева менен жолугушту.

“Коррупцияга жол жок!”, “Бюрократияга жол жок!”, “Бакиев алынып келинсин!” деп кыйкырып, 16-апрелде түшкү саат үчтөр чамасында 200дөн ашуун адам Улуттук телерадио корпорациясынын алдына чогулушту.

Алар Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгарылганына нааразылыгын билдирип, бул пикирлерди УТРК аркылуу түз эфирден чагылдырууну талап кылышты. Акцияга катышкандардын бири Перизат нааразылык акциясына чогулгандардын талабын айтты:

- Бизге бир топ партиялардан келип, тарап кетишибизди суранып, 200 доллардан сунуш кылып жатышты. Бирок биз 7-апрелден бери жүрөбүз. 80ден ашуун адамдын өлүмү деген оюн эмес да. Мисалы, биз бир дүкөндү барып талап-тоносок бир-эки жылга камап, соттойт. Ушунча адамды өлтүрүп коюп, К.Бакиев дагы кайсы бети менен “мен президентмин” деп айтып атат? Аны качырып да жиберишти. Кыргызстандан кармалбаган, Казакстандан кармалмак беле? Биздин талабыбыз Бакиевди алып келип берсин жана бюрократияга, коррупцияга жол жок.

Чогулгандардын арасынан атын атабаган бирөө 7-апрелден бери убактылуу өкмөт менен жолуга албай жүргөнүн, алардын Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибергенине нааразы болуп, сөз сүйлөдү.

- Канчалаган бир туугандар курман болду, канын төктү. Биздин бакубат жашообуз, эркиндигибиз үчүн жанын берди. Бул нерсени биз мээбизге жазып, жүрөгүбүзгө чегип коюшубуз керек. Бизге эркиндик улуу баа менен келгенин билип алышыбыз керек. Бакиев бизди канча кыйнады, талап-тоноду, алдады ошонун бардыгы үчүн биздин алдыбызга келип жооп бериш керек. Эгер башка улуу державалардын сөзүн уга бербей бир аз катуулук кылса азыркы убактылуу бийликтин аларды алып келүүгө кудурети жетет.

Нааразы болгондордун алдына УТРК кызматкерлери жана анын жаңы дайындалган жетекчиси Кубат Оторбаев чыгып, абалды тынчтандырууга аракет жасады.

- К.Бакиев кармалса болмок. Жазасын тартса болмок. Бирок жагдай кандай болгонун көрдүңүздөр. Өзүңүздөр түшүнүп турасыңар, 80 баланын өлүмү жалгыз бир кишинин башына татыбайт. Биз дагы балдарыбыздан айрылгыбыз келбейт. Сиздер бул жерге келдиңиздер. Рахмат, түшүнүп атам. Сиздердин үн да азыркы бийликке, элге жетиш керек. Бирок муну сабырдуулук менен чечели.

Ал эми Кыргыз радионун жетекчиси, акын Мирлан Самыйкожо көбүн жаштар түзгөн митингдин катышуучуларын, мекенчил жаштарды гимнди ырдоого чакырды.

Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар...

Андан соң чогулгандар Коргоо министрлигине карай жүрүштү. Өзүн Нарын облусунун тургунумун деп тааныштырган аксакал Бакиевдин кармалып, соттолушуна башка өлкөлөр кийлигишпесин деген пикирин айтты. 16-апрелде митинге катышкандардын дээрлик көпчүлүгү мына ушундай талап менен чыгышкан.

- Бакиевдин үй-бүлөсүндөгү күнөөкөрлөр соттолсун, өз кылган кылмыштары үчүн жооп берсин. Башка да Кыргызстанды ушундай акыбалга алып келген өкмөт мүчөлөрүнүн баары жооп берсин. Бул Кыргызстандын ички иши. Эч бир өлкө кийлигишпесин. Биз чечебиз, эл чечет. Кадимкидей соттошубуз керек. Элдик бийлик орнобой, убактылуу өкмөт сатылса дагы эл көтөрүлөт.

Сапар Бердикожоев:
Досубуз тирүү болчу. Ал да 7-апрелде окко учуп, каза болду. Аны 15-апрелде жерге бердик. Кечээки күнгө чейин күттүк, өкмөт унчукпайт. Чекесинен качып атат. Бизге андайдын кереги жок. Бизге кармалды деген бир туугандарын берсин. Аларды өлүп калган досторубуз, инилерибиз, бир туугандарыбыз үчүн ошолорду таш менен урабызбы, бетине түкүрөбүзбү жок дегенде бир көйгөйүбүздү чыгарып алалы. Антпесе өзүбүз барып табабыз.

16-апрелде кечинде Коргоо министрлигинин алдына чогулган 150дөй кишинин арасынан тандалган 12 өкүл Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева менен жолугушту. Жолугушууда Р.Отунбаева учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгаруудан башка чара калбай калганын, бул кадам дагы адам өмүрү кыйылуусуна жол бербөө максатында жасалганын айтты. Роза Отунбаева күнөөлүү адамдарды кармоо үчүн аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.


- Мен өзүмө жоопкерчиликти алдым, эмне болсо мени күнөөлөгүлө. Мен кетейин, мен жок болоюн саясаттан. Кыргызстанды такыр эле чөктүрүп, жок кылып, мына 85 адам кайтыш болуп атат, мен орун үчүн келип аткан жокмун. Биз ошол канкорду кетирип, ушунун ордуна башка турмуш куралы деп келип атабыз. Азыр ошого аракет кылып атабыз. Бирок биз башка эч кимди бербейбиз. Алардын эч киминде иммунитет, кол тийбестик жок. Алардын баары куралчан кылмышкерлер. Силердин келгениңерге эч капа эмеспиз, силердин мекенчил катары келип жатканыңарды мен жакшы түшүнүп турам.

Ошондой эле жолугушууга убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Болот Шерниязов менен Топчубек Тургуналиев да катышты. Жолугушууга катышкандар арасында өлкөгө демократияны камсыз кылуу, ал үчүн демократия институн ачуу сунушун айтты. Бул сунушту Топчубек Тургуналиев жеке көзөмөлдөп, ишке ашырмай болду. Мындан сырткары нааразы тарап жаңы өкмөттү мурдагы бийликтин жолун жолдобоого, демократиядан четтебөөгө жана элге куру убада берүүдөн алыс болууга чакырды. Бакиев жана анын туугандарынын кармалышын талап кылгандардын айрымдары Курманбек Бакиевдин күнөөлүү туугандарын кармоо операциясына катышмай болушту.
XS
SM
MD
LG