Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Б.Бешимов: Мурдагы кылмыштуу режимди кол тийбестик коргоп калып жатат


Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов “Президенттин ишмердигиндеги кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамдан экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү жоболорду алып салуу жөнүндө сунуш менен чыгууда.

“Азаттык”: - Бакыт мырза, фракциянын жыйынында “Президенттин ишмердигиндеги кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш менен чыктыңыз. Эмне үчүн өзгөртүш керек деген ойдосуз?

Бакыт Бешимов: - Ал жерде 12-берене бар. Ошону толук алып салыш керек деп сунуштап жатам. Анткени сөз экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө болуп жатат. 2007-жылы декабрь айында шайлоо болуп жатканда элдин көбү экс-президенттин кол тийбестигин алып койсо болобу деп кайрылган. Биринчиден, ошол түрткү болду. Экинчиден, Башкы прокуратура менен мурдагы режимдеги жасалган кылмыш иштерин иликтеп чыксам, барып-барып эле кол тийбестикке такалып жатты. Мамлекет таза болуш үчүн, мамлекеттин келечеги ачылыш үчүн сөзсүз мамлекетке каршы жасалган кылмыштар учурунда аныкталып, ошого карата адамдар жоопкерчиликке тартылыш керек. Кылмыш жасап, анан жоопкерчиликке тартылбаса, анда бул мамлекетте ырк бузулат, эч качан ынтымак болбойт, адилеттүүлүк унутулат жана адал саясат эч качан жүргүзүлбөйт.

“Азаттык”: - Азыркы президенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Бул өзгөртүүлөр ошонун негизинде келип чыгып жаткан жокпу?

Бакыт Бешимов: - Бул экс-президентке да тиешеси бар, азыркы иштеп жаткан президентке жана мындан аркы президентке кайрылуум десем болот. Бийликте турганда эл үчүн иштеп, тазалыкты унутпаш керек. Кыргызстанды башкарган адамдар чыныгы элдин лидерлери болушу керек. Чоң тарыхый масштабда ойлонгон, жоопкерчиликти өтө терең сезген, салмактуу инсандардан болсо дейм да.

“Азаттык”: - Сиздин бул демилгеңиз депутаттар тарабынан колдоого алынат деп ишенесизби?

Бакытбек Бешимов: - Колдоп берет деп ишенем. Чынын айтканда, “Ак Жол” фракциясы чечет, ошолорго байланыштуу болот. Энергетика боюнча депутаттык комиссия түзөм дегенде, “эл үчүн күйгөндөр” ага каршы чыккан. Бул дагы өзүнчө кезектеги сыноо. Эгерде колдосо жакшы болот эле, колдобосо аны да көрөрбүз. Сессияда карала турган учурга мен да кээ бир материалдарды даярдадым, аны учуру келгенде айтам.

“Азаттык”: - Президенттик шайлоо боюнча да түрдүү пикирлер айтылып, ушул жылы, кийинки жылы болот дегендер бар. Бул багытта сиздин пикириңиз?

Бакыт Бешимов: - Аны көрөрбүз. Бул багытта Конституциялык Сот өз чечимин чыгарар. Бирок азыркы учурда маселе качан өтөт дегенде эмес. Кандай болот, кандай өткөрүлөт. Эгерде бурмаланып, ыплас өткөн шайлоонун кайсы жылда өткөнүнүн эмне айырмасы бар. Мага негизгиси таза, эркин өтсүн. Элге коюш керек, эл өзү шайлап, чыныгы лидерин тандап алыш керек. 18 жылдан бери эле Кыргызстанды сазга отургузган адамдар келип, өзүн таңуулап, элдин келечегин бууп, байлап жүрө берсе болбойт да. Биздин оюбуз мындай – президенттик шайлоону чоң, саясий окуя деп эсептеп, ага жалпы калайык калк даярдык көрүш керек. Анткени көп нерсе лидерге, мамлекеттин башында турган адамга байланыштуу. Үчүнчү жолу жаңылышканга жол бербешибиз керек.

“Азаттык”:
- Бакыт мырза, оппозиция менен бийликтин жолугушуусу качан болгону жатат? Жолугушууда эмне маселе боюнча сүйлөшүү жүрөт?

Бакыт Бешимов:
- Тилекке каршы, мен ал жыйынга катышкан жокмун. Бул боюнча тагыраак маалыматты Бириккен элдик кыймылдан алууга болот. Бирок менин бул багытта өз көз караштарым бар. Биз фракция аркылуу президент менен качан жолугушуу болот деген маалыматты күтүп атабыз. Жалпы Конституцияга гарант болгон, жалпы элдин биримдигине демөөрчү жана кепил боло турган адам сөзсүз бардык фракциялар менен эч болбосо жылына бир жолу жолугуш керек. Ошонун негизинде саясатын жүргүзсө жакшы болот эле. Бир жолугушу менен бүтпөш керек. Тагыраак айтканда, оппозиция менен бийликтин жолугушуусун такай өтчү процесс катары карап, бул дайыма болуш керек. Бул Кыргызстанга пайдалуу болот?

“Азаттык”: - “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевге болгон кол салууга көз карашыңыз кандай?

Бакыт Бешимов: - Азыркы бийлик ушундай саясатты жүргүзүп жатат. Мага түшкөн маалыматка караганда, мен Оштон кайтып келатканда мага атайын авария уюштурулуп жатыптыр. Азыркы учурда өзүнүн саясий атаандаштарына бийликтин ичинде жүргөн бир топ адамдар алардын өмүрүнө кол салганга даяр. Ошондуктан мен буга таң калбайм. Мындай саясатты токтотуу керек.

XS
SM
MD
LG