Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Балкан согушунда өмүрү кыйылган жаш баскетболчу


Босния-Герцеговина. Сараево шаарындагы кыргындын 15 жылдыгында маркумдардын аты чегилген дубалдын алдында дуба кылып жаткан аялдын колу. 28-август, 2010
Босния-Герцеговина. Сараево шаарындагы кыргындын 15 жылдыгында маркумдардын аты чегилген дубалдын алдында дуба кылып жаткан аялдын колу. 28-август, 2010

30-август - Жоголгон адамдардын эл аралык күнү. Балканда 1990-95-жылдардагы согушта жоголгон 15 миңдей адамдын дареги алиге чейин тактала элек.

Мына ошол аптада же Босния согушунун алгачкы күндөрү жазмыш келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш баскетболчу Эдин Салагаевичти аябады. Бүгүнгө чейин Балкандагы согушта жоголгон 15 миң адамдын сөөгү табыла элек.


Cогуш тилегине балта чапкан талант

Босния-Герцеговина. Адис-эксперт 1992-95-жылдары босниялык сербердин аскерлери өлтүрдү деп шектелген адамдардын сөөктөрүн иликтөөдө. Вышегрд шаарчасынын чыгыш жагындагы белгисиз көрстөн. 5-август 2010

1992-жылдын жазында Босниянын Тузла шаарынын “Слободан Дита” командасы баскетбол боюнча Югославиянын чемпиондугун жеңип алган. 18 жаштагы Эдин Салагаевич болсо эң мыкты баскетболчу деп табылган. Ошон үчүн бою 205 см бийик Эдин Белградга барып, өлкөнүн жаштар командасынын курамында Польшада өтчү Европа биринчилигине даярданам деп шыктанып жүргөн.

Эдинди Югославиянын “Партизан” жана “Ред Стар” сыяктуу мыкты клубдары да чакырып жаткан. Ал Белградга баргандан мурда, Власеница шаарчасында жашаган ата-энеси менен Орозо айтты чогуу өткөрүүнү чечет. 6-апрелде Босния-Герцеговина парламенти аймакты Югославиядан күнкорсуз жарыялайт. Мурдараак босниялык сербдер Серб Республикасы түзүлгөнүн жарыялаган.

Ушу болду босниялык мусулмандар менен сербдер арасында каршылашуу күчөп, сербдердин куралдуу топтору Босниянын чыгышындагы мусулман-босниялыктарга утуру кол сала баштайт. Серб күчтөрү 21-апрелде Эдин Салагаевичтин киндик каны тамган Власеницаны ээлешет. Алардын үй-бүлөсүн запастагы полициячы Предград Баста баштаган серб отряды үйдөн чыкпай отурууну буйруйт. Ал күндөрдү Эдиндин иниси, 31 жаштагы Недим мындай деп эскерет:

- Ал кезди кантип сүрөттөгөндү билбейм. Жерде тозок болсо, тозок Власеницада эле. Биринчи түнү биздин көчөдөгү эки адамды атып кетишти. Алар Власеницада тирүү мусулман калбайт деп кабар таратышты. Предград Баста ошондо Салагаевичтин тукумунан эч ким тирүү калбайт деди. Анын үнү алигече кулагымда жаңырат.

Недим 1992-жылы 13 жашта эле. Бу тушта Югославияда улуттук жиктешүү күчөй баштаган. Ага карабай, Югославиянын баскетбол федерациясы жана Сербиянын “Партизан” жана “Воеводина”командалары Эдин Салагаевичти тополоңдуу аймактан аман-эсен чыгарып кеткенге аракеттенет. Бирок серб коңшулары жана мурдакы достору Эдинди бошотпой коюшат.

-Алар биздин коңшуларыбызга, ошондой эле Власеница шаардык сотунун төрагасына барышса: “Серб болуп туруп мусулмандарды жактайсыңарбы?” деп айтышты. Муну угуп үрөйүбүз учту,-деп улантат Недим Салагаевич. - Бир ирет сербдер жана Тузла шаар жетекчилиги кысым жасагандыктан агам бошотулуптур деген кабар эшиттик. Бул сөз жалган болуп чыкты.

Балкан согушу учурунда серб, албан, босниялык, хорват болуп, 35 миң адам жоголгон. Эл аралык Кызыл крест уюмунун эсебинче, Хорватия, Косово жана Боснияда жоголгондордун алтымыш процентинин сөөгү аныкталган.

Босниялык сербдердин саясый лидери Радован Каражич (оңдо) жана серб күчтөрүнүн командачысы Ратко Младич (солдо). Власич тоосу. 1995-жыл

1992-жылдын 13-сентябрында Баста желдеттери менен Салаевичтин үйүнө келип, 19га эми толгон Эдинди атасы менен чогуу шаар четиндеги Сушича деп аталган жаңы курулган лагерге алып кетет. 13 жаштагы Недим апасы менен кошо автобуска күчтөп салынып, Власеницадан куулат. Ошол болду Недим не атасын, не агасын көрбөдү.

Эдинди эскерүү баскетболчуларды кайра бириктирди

Власеницада кыргында 1 миңдей адам жоголсо, алардын теңине жакынынын сөөгү табылып, жайга берилген. Сушича лагеринде 2600 босниялык мусулман кырылган.


Былтыр апрелде Эдин Салагаевичтин акыр аягында табылган сөөгү жерге берилди. Каргашада өлүп кеткен таланттуу баскетболчунун улуу сапарга узатууга бардык Балкан өлкөлөрүнөн келген баскетболчулар катышты. Бул тажия, Недим Салагаевич айтышынча, эрте өлүп кеткен агамды бүгүн бир нече өлкөгө бөлүнгөн мурдакы Югославияда урматташканын күбөлөйт. Ал ошондой эле маркум атасы аларды адамдарга тең мамиле жасаганга үйрөткөнүн айтат:

- Атам бизге бардык адамдарды сыйлагыла, жардам кылгыла деп үйрөткөн. Ал менин балалыгым бейкут өтсүн үчүн колунан келгенинин баарын жасады. Тилекке каршы, Власеницада береги окуялар болуп кетти. Атам саясатчы эмес болчу. Биздин үйүбүз ар ким үчүн ачык эле. Ким каалаган келе берчү,- деп эскерет Недим Салагаевич.

XS
SM
MD
LG