Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кытай обдулса эле Иран чабарманы жетип келди


МАГАТЭнин инспекторлору Тегеранга автобуста баратышат. 25-октябрь 2009
МАГАТЭнин инспекторлору Тегеранга автобуста баратышат. 25-октябрь 2009

Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Сайид Жалили Кытайга ырасмий сапарга келди.

Жалилинин Бээжинге келишине Кытайдын Иранга каршы жаңы санкция колдонуу боюнча сүйлөшүүгө макулдук бергени түрткү болду. Буга чейин Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ беш мүчөсүнүн ичинен Кытай гана Иранга каршы жаңы санкция киргизүүгө каршы болуп жаткан.

Сайид Жалили Бээжинге келер замат Иран жана Кытай арасындагы мамиле “абдан маанилүү” экенин айтып, өз визити тууралуу башка ооз ачкан жок. Анын алдында эле АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райс Си-Эн-Эн телеканалына берген интервьюда Кытай Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрү Германия менен чогуу отуруп, Иранга каршы чара көрүү маселесин талкууланганга ынанганын маалымдады.
Мамкатчы Хиллари Клинтон Ак Үйдө ядролук куралдарды кыскартуу жөнүндөгү жаңы СТАРТ келишими боюнча түшүндүрмө берүүдө. 26-март 2010


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон айым болсо береги сүйлөшүүгө тез камынуу керек экенин билдирди:

-Келерки жумаларда 5+1 формасындагы сүйлөшүүнүн катышуучулары, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана БУУнун башка мүчөлөрү менен кенен пикир алмашуулар болот.

Россия жана Кытай узак мезгил Кооопсуздук Кеңешинин жаңы санкцияга баруусуна ынабай жаткан. Бирок, Москва жакында санкция боюнча сүйлөшүүгө кошулууга көнгөн. Коопсуздук кеңеш буга дейре Иранды ядролук программасынан баш тарттыруу үчүн үч ирет санкция киргизген.

Батыш өлкөлөрү Тегеран танганына карабай Иран уранды ядролук бомба жасоо максатында байытууда деп боолгойт.

Кытайдын Тышкы иштер министринин өкүлү Цин Гаң.
Бейшемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министринин өкүлү Цин Гаң Бээжин Ирандын ядролук программасы боюнча “тийиштүү резолюция” иштеп чыгууга ынтызар экенин кабарлады:

-Кытайды Ирандын ядролук маселеси аябай тынчсыздантат. Кырдаалды дипломаттык жол менен жөндөө жана тийиштүү резолюция кабыл алуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен байланыштабыз.

Цин бирок санция тууралуу ооз ачкан жок. Бул, Гонконгдук серепчи Жозеф Ченгдин баамында, Кытай санкция боюнча бир бүтүмгө келе албай, эки анжы болуп турганын күбөлөйт:

- Россия иш жүзүндө Американын көз карашына оогондон кийин Кытай өзүн жоопкерчиликтүү өлкө катары көргөзгүсү келет. Ошол эле учурда Кытай Ирандын мунайына кызыкдар. Анткени, Кытай мунайдын 10 процентин Ирандан алат. Кытай Ислам өлкөлөрү менен үчүнчү дүйнөнүн кызыкчылыгын коргоодо эч кимди алдынан чыгарбагандай кылып көрсөткүсү да келет.

Ошон үчүн Кытай Иранга каршы санкцияга кошулса, Тегеран мунай экспортун кыскартышы этимал. Иран былтыр Кытай үчүн үчүнчү чоң мунай экспорттоочусу болгон.

XS
SM
MD
LG