Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Тянанмен аянтындагы кандуу окуяга 20 жыл


4-июнда аскерлер менен студенттер ортосундагы кагылышууда жарадар болгон кыз арабага жүктөлүп баратат. 1989-жыл. Бээжин.
4-июнда аскерлер менен студенттер ортосундагы кагылышууда жарадар болгон кыз арабага жүктөлүп баратат. 1989-жыл. Бээжин.

Туура 20 жыл мурда 4-июнда күн отургандан кийин танктар коштогон аскерлер Бээжиндин ортосундагы Тянанмен аянтын алты жума бою ээлеген элди каптап кирди. Ошентип, саясый реформаны жүргүзүүнү жана бийликтеги жемсөөлүктү токтотууну талап кылган акцияны басууда жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн. Кытайда Тянанмен кыйраканын эскерүүгө тыйуу салынган.

1989-жылы 4-июндун кечинде Кытай жетекчилиги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып, 20-апрелден бери Тянанмен аянтында көлкүлдөп жаткан элге каршы танктар коштогон аскерди сала берди. Бул түнү жүздөгөн адамдар ок жаңылып, же танкага тепселип өлдү. Түнү бою аянт чатырлардан жана элден тазаланып, көптөгөн демонстранттар абакка айдалды.
“Эгер өлкө модернизацияланууну кааласа, эркин экономикага өтүү жетишсиз. Саясый система да өзгөрүп, парламенттик демократияга өтүү зарыл”.
Чжао Цзыян, ККП БКсынын мурдакы башкатчысы.


Бээжиндин Тянанмен аянты. 2-июнь 1889-жыл.
Айоосуз басылган демонстрация Кытай Компартиясынын мурдакы башкатчысы Ху Яобан өлгөндөн эки күндөн кийин, аны кызматтан алуу жөнүндөгү токтомду “адилеттсиз” деп жокко чыгарууну жана сөөгүн жайга сый-урмат менен берүүнү талап кылуудан башталды. 17-апрелде Тянанменге миңдей адам чыкса, бир жумадан кийин чогулган 100 миңдей адам партия жетекчилиги арасындагы жемсөөлүктү токтотуу, жеке бизнеске уруксат берүү жана саясый бийликти бөлүшүү жөнүндө талап коюшту.

Бээжинге удаа эле Шанхай жана башка шаарларда да эл толкуп, маалыматтарга караганда, 1 миллиондой жумушчулар жана студенттер көчөгө чыккан.
Тянанмень тирешүүнүн тагдыры чечилчү майданга айланып, гүргүштөгөн четэлдик журналисттердин көзөмөлүндө турду. Ошон үчүн 4-майдын түнүндөгү кандуу калабаны көптөгөн өлкөлөр сыналгыдан көрүп жатышты.

Бул окуядан соң студенттерге каршы күч колдонуудан баш тартып, аларды сооротуу үчүн аянтка чыккан ККП БКсынын башкатчысы Чжао Цзыяндын кызматтан кетирилип, үй камагына отургузулду. Бээжинде чукул кырдаал абалы киргизилип, жети айдан кийин гана токтотулду. Ошентип, партиянын реформачыл канаты жеңилип, Ден Сяопин партиянын лидери болуп бекитилди.

Аскерлер Тянанмен аянтына кеткен негизги жолду кандуу окуядан эки күндөн кийин бууп турушат.6-июнь 1989-жыл.
20 жыл мурда Тянанмендеги кандуу булоон жана диссиденттерди камакка алуулар үчүн Кытай жетекчилиги катуу сынга кабылса, бүгүн жагдай башка. Былтыр Бээжинде болгон Жайкы олимпиада оюндары Батыштын Кытайдагы адам укугун бузууларды сындоосу жок өттү. Азыр Кытай өкмөтү 20-жылдыкка байланыштуу окуяларды Батыш маалымат каражаттары чагылдырбоосу үчүн алдын ала катуу чара көрдү. Четэлдик гезиттерди Кытайга алып кирүүгө, тыш өлкөлөрдүн телерадиосун саттелит аркылуу угууга бөгөт коюлду. Интернет булактары цензурага алынды.

Буга карабай ноябрда Кытай диссиденттери “эркин демократияга жана конституциялык түзүлүшкө” чакырган Хартияны жарыялашты. Мурдакы Чехословакиялык диссиденттердин Хартия-77сине үндөшкөн акциянын уюштурган жазуучу Лю Шаубо азыр камакта. Бирок Хартияга кол койгон 303 диссидент 4-июнь курмандыктарын эскерип, өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөргө чакырган жүрүштөр болот деген үмүттө. Хартиянын максаты жөнүндө укук коргоочу Ли Байгуан жакында Ройтер агенттигине буларды айткан:

- Акыркы 20 жылда өкмөт улам кубаттуу болуп баратса да, жөнөкөй жарандардын кадыр-баркы өспөдү. Бул биздин маңыроо бойдон калганыбызды көрсөтөт. Бирок, “Азыркы кубатуу өкмөт менен биз демократияны кантип кура алабыз?” Ал үчүн мыйзамдуулукту орнотуп, адамдардын укугун коргоо жана өкмөттү ийге салыш үчүн мыйзам менен жашаганга үйрөтүү керек.

Кытайлык диссидентер Тянанмен окуясынын мааракесин утурлай 2005-жылы көз жумган ККПсынын мурдакы башчысы Чжао Цзыяндын мемуарын чет өлкөдө чыгарышты. “Эгер өлкө модернизацияланууну кааласа, эркин экономикага өтүү жетишсиз. Саясый система да өзгөрүп, парламенттик демократияга өтүү зарыл”, деп жазат Чжао жашыруун жазган китебинде. Кытайдын коммунисттик жетекчилиги азырынча көп партиялуулукка макул боло элек.

Кытай: Тянанмэн аянтындагы кыргынга 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

XS
SM
MD
LG