Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Евробиримдик Беларус президенти Лукашенконун «алдына түшүүдө»


Беларус -- “Саясый көзкарашы үчүн аскерге чакырылбасын!” акциясы, Минск, 16-март 2009
Беларус -- “Саясый көзкарашы үчүн аскерге чакырылбасын!” акциясы, Минск, 16-март 2009

ЕБтин тышкы иштер министрлери Беларус жетекчилеринин уюмга мүчө 27 өлкөсүнө каттоосуна тыйуу салган чечимин убактылуу токтотту. Ага ылайык, президент Лукашенко жана башка мартабалуу чиновниктер келерки тогуз айда ЕБ өлкөлөрүнө эркин каттай алышат. Бул Беларусту бөлүү - өлкөнү Россиянын кучагына түртөт деген тарап менен, Лукашенкодон саясый реформаны тездетүүнү талап кылган уюм мүчөлөрү арасындагы мунаса чечим болду.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде 16-мартта болгон жыйынында Беларус жетекчилигине каршы 2006-жылы киргизген санкциясын өзгөрттү. Анын жүйөөсүн Биримдиктин учурдагы төрагасы, Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг мындай түшүндүрдү:

- Европа Биримдиги өз сөзүндө турат жана Беларустагы оң өзгөрүүлөрдү колдойт. Ошон үчүн Беларус жетекчилерине виза берүүнү дагы тогуз айга узарттык. Бир эле мезгилде чектөөлөрдү 12 айга узарталы деп чечтик.

Биримдик былтыр октябрда Беларусту биротоло бөлүп салгандан көрө өзүбүзгө тарталы деп, мартабалуу белорус чиновниктерине виза берүүнү алты айга жандандырган.

Беларус чиновниктерине виза режимин жеңилдетүү өлкөдөгү саясый жана медиажагдайды бир кыйла жакшыртты. Октябрда бардык саясый туткундар абактан чыгарылды. Биримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднердин маалымдашынча, ырасмий Минск ЕККу менен шайлоо системасын реформалоонун жолдорун сүйлөшүүгө макул болуп, жарандык уюмдар менен диалогго барды, оппозициячыл эки гезитти эркин таркатууга кепилдик берди. Бирок бир нече күн мурда оппозициянын беш активисти камакка алынды, башка бирөөлөрү аскерге чакырылды.

Президент Лукашенко өткөн жумада Ферреро-Валднер Минскиге келер алдында аны менен мурда пландалган жолугушуу болбойт деп, Арменияга жүрүп кетти. Анткен менен, Биримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнкү жыйынында Беларуска жакшы ыкласын көрсөтүүнү туура табышты.

Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн Беларусту алыстатуудан майнап чыкпайт деп билдирген жыйын алдында:

- Беларусту бөлгөнүбүздөн эч нерсе чыкпайт. Ошон үчүн кучак жайышыбыз керек. Бул Лукашенко же башка бийлик адамдары үчүн эмес, бул Брюссел белорус эли менен сүйлөшүүгө ачык экенин беларустарга көрсөтүү үчүн керек. Андыктан биз жалгыз санкция жана изоляцияга таянбашыбыз керек.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларус боюнча кабыл алган чечим уюмдун 19-20-марттагы саммитинде бекитилүүгө тийиш. Самитте Чыгыш менен кызматташуунун жаңы демилгесин да жарыялайт. Программа экс-советтик алты өлкөгө - Беларус, Украина, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжанга келечекте эркин соодалашууну, ошондой эле чек араны ачууну сунуш кылат. Бул сунуш Россиянын таасирин чектөөгө багытталганын Биримдик ачык эле айтууда.

XS
SM
MD
LG