Алар бул орундарга кечээ Брюсселде Еврошаркеттин жогорку деңгээлдеги чукул чакырылган жыйынында шайланышты.
Саммитте кабыл алынган бул маанилүү чечимдерди биримдиктин ушу таптагы төрагасы Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелдт менен Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жарыялашты.
Белгиянын премьер-министри Херман Ван Ромпейдин талапкерлигин Швеция көрсөтүп, биримдиктин эки көч башчысы – Германия менен Франция колдоду. Аларга Британия жана башкалар кошулду. Натыйжада президенттер менен өкмөт башчылар аны Евросоюздун биринчи президенти кылып шайлашты.
Херман Ван Ромпей 62 жашта,христиан-демократтар партиясынын мүчөсү. 2007-жылдын жайынан тартып Белгия парламентинин төмөнкү палатасынын президенти болгон, былтыр декабрда өкмөт башчылыгына дайындалган. Каражаттарды үнөмдөө үчүн катаң чараларды көрүп, өлкөнүн коомдук сектордогу карыздарын бир топ кыскартканга жетишти.
Евробиримдиктин биринчи президентин прагматик, кыйын-кыстоо жагдайларда мунаса таба билген саясатчы катары мүнөздөшөт.
Шаркеттин тышкы саясий катчылыгына Европа комиссиясынын соода иштери боюнча комиссары,британиялык баронесса Кэтрин Эштондун талапкерлигин саммитке чейин эле сегиз өлкөнүн социалист премьерлери кубатташкан болчу. Ушундан улам ал көпчүлүк евролидерлердин колдоосуна ээ болду.
Эштон элүү үчтө, кесиби экономист. Мындан он жыл мурда "баронесса" наамын алып, лорддор палатасына мүчө болгон. Он жыл бою лейбористтер өкмөтүндө билим берүү, конституциялык иштер жана юстиция министрликтерин жетектеген. Былтыр октябрда Европа комиссиясынын соода иштери боюнча комиссарлыгына шайланган. Эштондун күйөөсү журналист.
Бул эки кызмат Лиссабон келишиминде каралган. Келишим 1-декабрдан баштап күчүнө кирет.
Лиссабон келишиминде аныкталгандай, шаркеттин президенти Европа Кеңешинин (союзга кирген өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылар органы) туруктуу төрагасы деп аталат. Аны шаркеттеги 27 өлкөнүн лидерлери эки жарым жылдык мөөнөткө шайлашат. Ага дагы ушунча мөөнөткө экинчи ирет шайланганга укук берилет. Президент Еврокеңештин бардык жыйындарына төрагалык кылат, бирок тигил же бул чечимдер боюнча добуш бере албайт. Евросоюздун атынан эл аралык жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышат жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Президент бир жылда 290 миң евро өлчөмүндө жалыйна алат.
Евробиримдиктин тышкы иштер министри эл аралык иштер боюнча катчы деп аталат жана Еврокомиссиянын курамында даражасы жагынан төраганын биринчи орунбасары болот. Евросоюздун толук кемелдеги тышкы саясий кызматын жүргүзөт, чет өлкөлөрдө дипломатиялык миссияларды ача алат. Шаркеттин тышкы иштер министрлер кеңешине, анын жыйындарына төрагалык кылат, Еврокеңештин көрсөтмөлөрүн аткарат, Кеңеште жана Европарламентте отчет берет, учурдагы тышкы саясий маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кечээги жыйында Европа комиссиясынын – шаркеттин аткаруу бийлик органынын – жаңы мүчөлөрү да шайланды. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу буга чейин эле өз кызматын дагы бир мөөнөткө сактап калган эле.