Ушу тушта Евросоюз менен Россиянын ортосун жакындаткан жагдайлар аз, бирок талаштырган маселелер арбын. Ошол себептүү Хабаровскидеги саммит кызматташуу ыкыласында эмес, атаандашуу маанайында өтүшү ыктымал.
Еврошаркет жакында эле Прагада экс-советтик алты өлкөгө, алардын ичинде Украинага, Грузияга жана Белоруссияга "Чыгыш өнөктөштүк" программасында тыгыз мамилеге өтүүнү сунуш кылды. Анын соңунан энергетикалык саммит өткөрүп,"Түштүк коридору" долбоорун жарыялап, аны "Жаңы жибек жолу" деп атады.
Москва бул демилгелердин биринчисин Брюсселдин Европада "жаңы ажырым тилкелерин" түзүү аракети катары баалады. Ал эми экинчисин "үзүрсүз план" деп атады. "Түштүк коридор" долбооруна Азербайжан менен Египет кошулду, ал эми Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан келишимди азырынча колдогон жок.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко "түштүк коридорунда" Европаны газ-мунай менен жабдыган негизги өлкөнүн – Россиянын кызыкчылыктары караманча эске алынбагандыгын көрсөтүп, долбоорду тек гана "саясий милдеттенмеге" салыштырды.
Премьер Путин өткөн аптада "Набуккого" ийгилик каалап,ошол эле учурда бу долбоордун курулушуна миллиарддаган доллар сарптап, акчасын жөн эле жерге көмүп салардан мурда европалыктар түштүк кууру аркылуу аларга качан газ келерин эске алышы керектигин эскертти.
Ошол эле аптада Россия менен Италия орустардын Кара деңиздин түбү аркылуу өткөн "Түштүк агым" газ куурунун кубаттуулугун арттырууну чечишти.
"Берлускони менен Путин кол койгон бул келишимдеги долбоор түздөн-түз "Набукконун" теңтайлашы экени талашсыз",-дейт Римдеги энергетикалык коопсуздук фирмаларынын биринде иштеген Федерико Бордонаро. Ал дегеле ырасмий чечимдерде Россия тууралуу эчтеме айтылбай турган болсо долбоорлордун баары "реалдуу иш болбой каларын" да белгилеп өттү.
Бүгүн башталып жаткан жыйынды утурлап, Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана шаркет үчүн Россия энергетика тармагындагы негизги өнөк экенин жана келечекте деле ушундай бойдон каларын айткан эле.
Ошентсе да Хабаровскидеги саммиттен эки тарап тең чоң саамалыктарды күтпөгүлө деп алдын-ала сактандырышты. Москва менен Брюсселдин мамилелерин акыркы жылдардагы кыйгыл-кычкыл кырдаалдардан соң дароо эле стратегиялык деңгээлге чыгара салуу мүмкүн эмес.
Еврошаркет ичинде Москва менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине байланыштуу шарттуу түрдө үч топ пайда болду. Биринчиси – "Россиянын достору", бу ийримге Франция, Германия, Италия баштаган Кипр, Греция жана дагы жоон топ өлкө кирет. Алар Россияны кандай болгон күндө да стратегиялык өнөк катары карашат.
Экинчи – кыйла "күдүктөнгөндөр" тобун Польша, Литва, Швеция түзөт, аларга Британия жакын турат. Акыры топто Финляндия, Латвия, Эстония, материктин түштүк-чыгышындагы өлкөлөр бар. Алар Россия менен прагматикалык кызматташтыкты Евросоюздун таламдарына төп келет деп эсептешет.
Бүгүнкү саммитке шаркеттен Соланадан тышкары Европа комиссиясынын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу, союздун ушу туштагы төрагасы Чехиянын президенти Вацлав Клаус, Россиядан президент Дмитрий Медведев, өкмөт мүчөлөрү катышат.
Хабаровскиде бүгүн Евросоюз менен Россиянын эки күндүк саммити ачылат. Күн тартибинде эки тараптын кызматташтыгына байланыштуу келишим, финансы кризиси, эл аралык орчун маселелер бар. Алардын арасында энергетика проблемасы талкуулардын башкы темасы болмокчу.