Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Евросоюзга Швеция төрагалык кылат


Швецияда төрагалык милдетти алганга бардык камылгалар көрүлдү.
Швецияда төрагалык милдетти алганга бардык камылгалар көрүлдү.

1-июлдан тартып Евросоюзга төрагалык кылуу милдети Швецияга өтөт. Буга байланыштуу бүгүн Стокгольмга Европа комиссиясынын делегациясы келет. Швед өкмөтүнүн өкүлдөрү жана еврокомиссарлар бир катар саясий темаларды талкуулашат.

Швед премьер-министри Фредрик Рейнфелдт алдыдагы алты айдын башкы милдеттери катары климат проблемасын, экономикалык кризисти атады. Мындан тышкары союздун төрагасы Ирандагы, Грузия менен Украинадагы кырдаалга агылгалап көз салып турмакчы.

Климат проблемасын башкы багыт катары бөлүп көрсөтүп, Рейнфелдт быйыл декабрда Копенгагенде боло турган дүйнөлүк лидер саммитинде Швеция Киото протоколунда каралган шарттарды күчөткөн жаңы келишим түзгөнгө, буга АКШ менен Кытайды активдүү тартканга аракет кыларын белгиледи. Дүйнөлүк атмосфераны булгаган газ калдыктарынын теңинен көбү жакынкы аралыкта ушул эки өлкөнүн үлүшүнө туура келип калышы ыктымал.

Рейнфелдт Чыгыш Европа менен Россияга байланыштуу экология маселелеринде проблемалар бар экенин бышыктады. Бул темада ар бир ирет чыгыш тараптагылар менен сүйлөшкөндө алар энергетика чөйрөсүндөгү, өзгөчө газ, мунай сыяктуу табигый отундарды ташуунун коопсуздук маселесин айтышат. Бул, албетте, керек нерсе, бирок глобалдык проблеманы ушуну менен эле чечкенге болбойт.

Дүйнөлүк экономикалык кризис проблемасы да Швециянын көз кырында болот. Өзгөчө Латвия, Венгрия, Румыния өңдүү өлкөлөрдү кысталыш абалдан чыгаруу стратегиясы такай байкоого алынат.

Мындан тышкары Швеция иммиграцияны жөнгө салуу жана кылмыштуулукту кыскартуу жагынан беш жылдык жаңы чаралардын планын сунуш кылгысы келет. Эл аралык чөйрөдө Ирандагы кырдаал көп камтама кыла баштады, Россия менен Украинанын ортосундагы мамилелер көңүл бурууну талап кылат.

Чыгыштагы өнөктөштүк долбоору, Грузиядагы абал күн тартибинде калат. Москва-Тбилиси мамилелериндеги Евросоюздун ролуна токтолуп, Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт жаңы төрага өзүнүн парзын сөзсүз эле ортомчулук озуйпадан эмес, баарыдан мурда европалык принциптерди жана кызыкчылыктарды коргоодон көрөрүн белгиледи. "Ошондон кийин гана арачылык маселесин карап көрсө болот", - деп айтты министр.

Евросоюзду кеңейтүү ишинде проблемалар бар экенин Билдт жашырган жок. Чек ара талаштарынан улам сүйлөшүү процессинде Хорватияга - Словения, Түркияга - Кипр, Македонияга - Греция бут тосууда.

Билдт булардын баарынан мурда Исландиянын Евросоюзга эрте кошулганга толук мүмкүндүгү бар деп эсептейт. Премьер Рейнфилдт да Рейкявик Евробиримдикке Швеция төрагалык кылып турганда эле мүчө болуп калышы ажеп эмес деп болжолдойт.

XS
SM
MD
LG