Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Пьер Морель: ЕБ референдум 27-июнда болушун колдойт


ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Пьер Морел
ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Пьер Морел

Брюссель Кыргызстанда 27-июнда референдумдун өткөрүлүшүн жактайт. Мындай билдирүүнү өткөн аптада Кыргызстанда болгон Евробиримдиктин атайын чабарманы Пьер Морель жасады.

Карт дипломат Морель 23-июнда Европарламенттин тышкы иштер комитетинде сүйлөп, Кыргызстандын түштүгүндөгү коога Фергана өрөөнүндөгү башка өлкөлөргө жайылып кетиши мүмкүн экенин да айтты. Европарламенттин тышкы иштер комитетиндеги шаршемби күнкү бул угуу бир саатка созулду. Жыйында Евросоюздун атайын чабарманы Пьер Морель Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу булоонго байланыштуу ондон ашуун депутаттын суроолоруна жооп берди. Карт дипломат өз сөзүндө кырдаал өтө татаал экенине

өзгөчө көңүл бурду:

-(Кырдаал) аябай татаал, өтө татаал. Себеби, бул келечекте өлкөнүн(Кыргызстандын) эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионундагы коопсуздук жана стабилдүүлүккө коркунуч жаратат.

Борбор Азия мунай-газ жана электр энергиясынын мол запасына ээ болгонго катар калабалуу Ооганстан менен чектешкендиктен региондогу тынчтыкка Евробиримдик тышкы саясатында чоң маани берет.

Пьер Морель Кыргызстан коңшуларынан айрымаланып, авторитаризмден чыгууга аракет кылып жатканына карабай, Евросоюз буга чейин Бишкек менен жакшы байланышта болбогонуна да токтолду.

Азыр Бишкекте Германия менен Франциянын гана элчиликтери бар. Евросоюз өз өкүлчүлүгүн быйыл февралда эле ачкан.

Биримдиктин атайын чабарманы 10-июнда Ошто, артынан Жалал-Абадда тутанган калабаны экс-президент Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев баштаган топ “уюштурду” деп, бу эки шаарда наркотоптор менен ислам экстремисттери да бар экенин айта кетти. Дипломаттын айтышынча, ушу тапта Биримдик Кыргызстанда БУУ, ошондой эле ЕККУ менен чогуу иштөөнүн жолун караштырууда жана Биримдик Кыргызстан нукура демократиянын жолуна түшкөнүн каалайт:

-Евросоюздун максаты айдан ачык. Биз демократияга кайтуунун жол картасына түшүүгө чакырабыз. Биринчиден, коомдук тартиптин, экинчиден, мыйзамдуулуктун жана үчүнчүдөн, нукура демократиялык конституциянын калыбына келтирилишин каалайбыз.

Пьер Моррел Кыргызстандын жаңы конституциясындагы парламентаризмдин элементтери президенттин ролун баланстап, бийликти узурпациялап алган кландардын лидерлерине каршы буга чейин болгондой көчө жүрүштөрүнүн “Кыргызча айлампасын” биротоло токтотуш керек экенине астейдил белгиледи.

Европа Союзу Кыргызстанга 5 миллион евро гумжардам чегерген. Андан тышкары шайлоо өнөктөгүнө жана жарандык уюмдарды колдоого 6 миллион евро бөлгөн.

XS
SM
MD
LG