Бул 14 жаштагы Данияр Жуманазаровдун дилбаянынан бир үзүм. Ал былтыр Москва шаардык бийлиги окуучулар арасында жарыялаган “Москва - менин кыялым!” деген темадагы эң мыкты дилбаяндар конкурсуна катышып, башкы сыйлыкты жеңип алган. Аны менен кошо Кыргызстандан 9 окуучу жана бир мугалим конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катарына кирген. Алдын ала жарыялангандай, конкурс жеңүүчүлөрү Москва шаарына жакын жайгашкан “Московия” лагерине үч жумага эс алууга барышмак. Бирок, Билим берүү министрлиги түзгөн тизмеге анын ысымы башка конкурстун жеңүүчүлөрүнүкү сыяктуу эле кирбей калган. Буга абдан капа болгон Данияр, ортодо калпыс иштер, калыссыздык болуп кетти го деген оюн айтат.
Конкурс ар кыл багытта болуп, ага Кыргызстандан жалпы 150 чамалуу окуучу катышкан. Жеңүүчүлөргө былтыр эле грамота жана сыйлыктар тапшырылып, алар быйыл 6-июлда “Московия” лагерине эс алууга барышмак.
Конкурста жеңип чыккандардын ата-энелери мындайга нааразы болушуп, Билим берүү министрлиги тизмени алмаштырып, балдардын отун өчүрүп жатканын айтышууда.
Конкурс алкагында кыргыз мектептери арасындагы эң мыкты орус тили мугалими да тандалган. Ага катышып жеңип алган Бишкек шаардык № 64 мектептин мугалими Чынаркүл Белегенова балдарга баш болуп лагерге эс алууга бармак. “Эми элдин баарына айтып, Москвага камынып жаткан маалда мындай жаңылык катуу тийди”,- дейт ал:
- Мага жакында эле байланышып, эс алууга барасың деп дайын-дарегимди жазып алышкан. Мен бардык туугандарыма, балдарыма, тааныштарыма айтып, четинен камына баштагам. Эми азыр ушундай жаңылык угуп отурам. Бул мага абдан катуу тийди. Мисалы менде Билим берүү департаментинин ошол конкурс боюнча чыккан токтому турат. Конкурс № 17-мектептин базасында өткөрүлгөн болчу.
Билим берүү министрлигинин алдындагы Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Кудайбергенова болсо, жогорудагыдай конкурс мектептерде өткөрүлгөнү боюнча министрликтин эч кандай кабары жок экендигин, андыктан “Московия” лагерине кете тургандардын тизмеси билим сынактарында жеңгендердин арасынан тандалганын айтат. Анын айтымында, эми министрлик андай конкурстар өткөрүлгөн мектептерди текшерип, эмнеге жетекчиликке маалымат берилбегенин аныкташат.
Дамира Кудайбергенова: - Биз өзүбүз конкурс тууралуу кечээ билдик. Кечээ билип атсак кантип айтабыз майда-чүйдөсүн.
«Азаттык»: - Министрликтин уруксатысыз, сиздерге маалымат бербей туруп мектептер өздөрү ушундай конкурстарды уюштура бере алышабы?
Дамира Кудайбергенова: - Жок мектептерде андай жок…
«Азаттык»: - Анда бул жердеги маселени кандай түшүнсө болот, Мектептер өзүм билемдик кылышкан болуп калабы анда?
Дамира Кудайбергенова: - Мындай нерселер, туура эмес иштер болсо, анда ошол мектептин жетекчиси жооп берет. Биз дагы териштиребиз.
Москва шаар бийлиги жарыялаган дилбаян конкурсунда гран-при сыйлыгын жеңип алган Данияр Жуманазаровдин энеси Елена Баялинованын айтымында, Билим берүү министрлиги эмне үчүн тизме өзгөрүп кеткенине алгылыктуу жооп бере алышкан эмес:
- Бул конкурс Билим берүү министрлигине түздөн-түз баш ийген мектептерде өткөрүлдү. Таң калычтуусу, алар конкурс тууралуу такыр эле билбейбиз деп атышат. Кантип эле ушундай болсун. Биздин чиновниктерди каратып туруп мугалимдер өз билгендерин кылып аткандарына ишенип болбойт.
Атын атоодон чочулашкан конкурс жеңүүчүлөрүнүн айрымдары билдиргендей, Билим берүү министрлигинде отургандар алардан 1000 долларга чейин каражат сурап, эгер бул сумманы төлөй турган болушса тизмеге киргизиле тургандыктарын айтышкан.
Бирок аталган министрликтин өкүлү Дамира Кудайбергенова мындай маалыматты ушак-айыңга теңеп, министрликте андайга жол берилбесине ишендирүүгө аракет кылды:
- Ушундай ушак сөздөрдү койсоңор. Себеби андай нерселер тууралуу министрликте бир дагы сөз болгон жок. Болбойт, болушу да керек эмес...
Ошентип конкурс жеңүүчүлөрү эмне себептен былтыртан бери күтүп аткан негизги сыйлыктан куру калышканын түшүнбөй баштары маң болуп турушса, билим берүү министрлиги күнөөнү уюштуруучуларга оодарып, андай конкурс тууралуу маалыматтары жок экенин айтышууда.
Конкурс жеңүүчүсү Чынаркүл Белегенова “Азаттыкка” билдиргендей, анын үйүндө Билим берүү департаменти тараткан конкурс тууралуу жарыя сакталуу турат. Аталган конкурс Кыргызстанда бешинчи жолу өткөрүлүүдө.
Былтыр да жеңүүчүлөр тизмеге кирбей калып, акыры алардын маселеси оңуна чечилип, Билим берүү министрлиги өзү түзгөн тизмедеги окуучулар менен чогуу эс алууга барып келишкен. Ал эми быйылкы конкурс жеңүүчүлөрүнүн маселеси кандай чечилет, азырынча белгисиз.