Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Жаратылыш газы арзандайт деген үмүт бар


“Газпромдун” жетекчиси А.Миллер Москвада акционерлердин жылдык жолугушуусунда сүйлөп жатат
“Газпромдун” жетекчиси А.Миллер Москвада акционерлердин жылдык жолугушуусунда сүйлөп жатат

Быйыл жайында мунай кымбаттаганда, кышында газ да кымбаттайт деп күтүлгөн. Европалыктар жаратылыштын бул ресурсуна муктаж. Бирок мунай арзандап кеткенден бери газ да арзандайт деген божомолдор айтылууда.

Жаратылыш газы качан арзандай тургандыгын алдын ала айтуу кыйын. Газга баа төмөндөгөн күндө деле аны колдонуучулар газ арзандаганын жакын арада сезишпейт.

Айрымдар газды энергиянын эң арзан булагы катары атап келгенине деле көп болгон жок. Мындан он жылдай мурдараак кээ бир мамлекеттер газдын ар бир миң куб.метрин болгону 35-40 доллардан сатып келсе, быйыл бир миң куб.метр газ Европадагы айрым өлкөлөрдө 500 долларга чейин чыкты.

Орусиядагы “Газпром” энергетикалык компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер (Alexey Miller) ушул айдын башында газ да эми арзандай баштаарын айткан. Миллердин билдирүүсүн Европа биримдиги жылуу кабыл алды. Анткени Евробиримдик импорттоп жаткан газдын 40% “Газпромдон” сатып алат.

Бирок качан газ чындап арзандай баштайт?

Жонатан Штерндын (Jonathan Stern) ишениминде, газ келерки жылдын алгачкы айларынан кийин гана арзандабаса, ага чейин өзгөрүү күтүүнүн кажети жок. Штерн – Оксфорд университетиндеги Энергетика Институтунда изилдөөчүсү, “Орус газынын жана Газпромдун келечеги” аттуу китептин автору. "Эң эле тез дегенде, газ келерки жылдын биринчи төрт айлыгында же экинчи төрт айлыгында арзандашы мүмкүн. Демек, акыркы үч айда мунайдын арзандашынын газдын баасына болгон таасирин келерки жылдын март же апрель айларында гана көрө алабыз", - деди ал.

Чарльз Эссер (Charles Esser) болсо Брюсселдеги Эларалык кризис тобунун энергетика боюнча аналитиги болуп иштейт. Анын айтымында, “Газпром” Евробиримдикке экспорттоп жаткан газдын басымдуу бөлүгүн Борбор Азиядан сатып алат. Борбор Азиянын газы Евробиримдикке СССРдин тушунда жаткырылган газ куурлары менен Украина жана Беларус аркылуу жеткирилет. Алардын да өзүнүн үлүшү бар. Анын үстүнө “Газпром” борбор азиялыктардын газын кымбат баада сатып алышаарын айткан. "Демек, баанын акыр аягында арзандашы да оңой чечиле турган маселе эмес", - дейт Эссер.

“Газпром” адатта келерки жылга карата келишимди жыл аягында түзөт. Демек, 2009-жылга карата Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен да келишимдерди жаңыртуу алдында турат. Эссердин айтымында, анализчилер бул жолу борбор азиялыктар газдын ар бир миң куб.метринин бүгүнкү баасынын үстүнө 40 доллардан 100 долларга чейин акча кошкула деп талап кылышы мүмкүн. Азырга чейин “Газпром” аларга ар бир миң куб.метр газ үчүн 150-185 доллардан төлөп келатат.

26-май, 2006. Биринчи вице-премьер-министр Дмитрий Медведев Анна айылын газдаштыруу боюнча жыйын учурунда
“Газпром” Украина жана Беларусь менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азырынча бул эки мамлекет газды, европалыктарга салыштырмалуу, өтө арзан баада алат. Бирок “Газпром” менен борбор азиялыктардын сүйлөшүүлөрү толук бүтмөйүн, Украина менен Беларус канча төлөшү керектигин Орусиянын компаниясы так айта албай тургандай.

Изилдөөчү Жонатан Штерн азыр убакыттын тардыгы да кыйнап жатат дейт. "Албетте, эгерде сиз сатуучу болсоңуз, газды кымбат саткыңыз келет, алуучу болсоңуз арзаныраак алганга аракет кыласыз. Мында бир пикирге келиш үчүн сүйлөшүүлөр узак убакытты алышы мүмкүн. Бирок маселенин баары жыл аягына чейин убакыт да тар болуп жатканында болуп атат. Менин айтаарым - эки аптанын ичинде сүйлөшүүлөрдү бүтпөй, дагы эле баанын үстүнөн кыжылдашып отура берсек, Жаңы жыл алдынан адамдар аябай зээни кейийт. Азыр газдын баасы тездик менен өзгөрүп турган чакта КМШ мамлекеттерине тил табышуу кыйын болот, бирок алар тез аранын ичинде бир мунасага келиши керек".

Газды колдонуучулар болсо ар кайсыл аймактарда ар башка бааны күтүп турушат. Мисалы, Евробиримдиктегилер үчүн газ арзандайт деп айтылууда. Ал эми Беларусь менен Украина, тетирисинче, аны мурдагыдан кымбатыраак алып калышы ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG