Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Токтогул суу сактагычы бери дегенде дагы беш жылда толот


Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дале аз. Айрым байкоочулардын баамында, Өзбекстандагы сугат иштерине да суунун кыйласы кете турганын эске алганда күз айлары менен кайрадан электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү башталышы ыктымал.

Эки жылдан бери электр жарыгы көйгөйү Кыргызстанда өзгөчө курч маселелердин бирине айланды. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кыйла төмөн түшүп кетип, анын айынан электр энергиясы мурдагыдан кыйла аз өндүрүлүүдө. Жыйынтыгында өкмөт калк үчүн бир топ түйшүктүү кадамдарга барып, өлкө боюнча электр жарыгын пайдаланууну чектөө режимин колдонуп келүүдө.

Ошентсе да алдыда президенттик шайлоо турган маалда бийлик электр энергиясын өчүрбөгөнгө аракет кылып, жеңиш камсыз болгуча жарыкка тийбей турууну чечкендери тууралуу кептер айтылууда. Бирок айрым адистердин айтымында, кандай болгон күндө жарыкты жай айларында үнөмдөөдөн жыйынтык аз болот. Андыктан жай айында жарыкты өчүрүп элди жүдөтпөй, күз, кыш айларында эле өчүргөн оң.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетиканы бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Марат Чолпонкуловдун пикиринде, маал-маалы менен жарыкты өчүрүү тажрыйбасы бери дегенде дагы 4-5 жылга созулат. Антпесе бөксө турган Токтогулду толтуруу кыйынга турмакчы:

- Азыр чектөө кылып, электрди өчүргөн менен пайда жок болуп атат. Анткени азыр эл токту көп колдонбойт. Элдер электрди күзүндө көп колдонот. Ошондуктан биз токту кышында өчүрүп, үнөмдөшүбүз керек. Жыл сайын кышында ушундай өчүрүүлөр боло берет. Бирок жыл сайын азайтып кете беребиз. Ошол эле убакта Токтогулдагы сууну көбөйтө беребиз. Маселен, биз - быйыл кышкы мөөнөткө 11 миллиард куб метр өлчөм менен кирели деп пландап жатабыз. Былтыр 9,6 миллиард менен киргенбиз. Наркы жылда болсо 13 миллиард менен киришибиз мүмкүн. Ошонун баары чектөөлөр менен гана камсыз болот. Ошентип отуруп 5 жылда суунун көлөмүн калыбына келтиребиз.

“Энергетиктер ассоциациясынын” жетекчиси Жамал Түлөбердиевдин пикиринде, быйыл өкмөт жакшы иштебесе кышында эл катуу жүдөп калышы ыктымал. Андыктан, сууну болушунча үнөмдөп, коңшу Өзбекстанга сугат суу берүү маселесин болушунча өз пайдага чечип, анын баасын көтөрүү керек:

- Токтогулдагы суунун көлөмү былтыркыдан 500 миллион куб метрге аз болуп турат. Мына сугат маалы башталып калды. Коңшу өлкөлөр жакында сугатты башташат. Аларга суу бергенде болушунча жакшылап сүйлөшүш керек. Суу кетип атканда жылуулук станцияларын жакшылап иштетпесе кыйын болчудай. Негизгиси, келаткан президенттик шайлоо менен алек болуп атып жарыкты үнөмдөө маселеси каралбай калбашы керек.

Экономист Айылчы Сарыбаевдин айтымында, өлкөдө жарыктын улам-улам өчүрүлүшү сөзсүз түрдө өлкө экономикасына таасирин тийгизет. Андыктан, сууну үнөмдөйбүз деп атып экономикага дагы да чоң залака келтирген өкмөт жакшы иштөөсү керек. Мындайда башка бир жолдорду издеп, жылуулук станцияларын дурустап иштетип, электрди өчүрбөгөнгө аракет кылган оң:

- Жарык деген такай күйүп турушу зарыл. Муну ошондой абалда кармап туруу мамлекеттин негизги милдети. Анан эле ар кандай шылтоо менен жайы-кышы жарыкты улам өчүрө берсе баланын оюнчугуна айланып калбайбы. Башкача айтканда, бул тармакта иштегендер жайы-кышы, ысык-суукта элди, өндүрүштү электр менен камсыз кылып турууга милдеттүү,- дейт Айылчы Сарыбаев.

XS
SM
MD
LG