Узундугу 200 метр келген “Мистраль” - көп функционалдуу кеме, аны командалык пункт катары да колдонууга болот. Бир эле учурда 900гө чейин жоокерди батыруу менен сокку урууга жөндөмдүү оор тик учактардан он алтыны, ондогон брондуу техника менен танктарды салып жүрө алат. Баасы болсо 750 миллион долларга чейин баруусу мүмкүн. Орусиянын өтүнүчүн бир нече ай бою иликтеген соң, ага “Мистраль” кемесинен бирди сатууга макулдугун бергени жана дагы үчөөнү сатуу боюнча сунушту караштырып жатканы тууралуу француз тарап дүйшөмбү күнү жарыялады.
Эгер иш аягына чыгарылса, бул Орусия менен НАТОго мүчө өлкөнүн ортосунда согуштук техника боюнча алгачкы ири соода болот. Бирок ал Орусиянын НАТОго мүчө же ага кирүүгө умутулуп жаткан коңшулары арасында катуу камтамачылык жаратты. Франциянын технологиялык жактан алдыга кеткен аскерий кемеси Орусияга сатылып жатышына өзгөчө тынчсыздангандардын бири – Грузия.
Грузин парламентинин Европага интеграция комитетинин төрагасы Девид Даричиашвилинин айтымында, бул сооданын жалпы аймакка таасири бардыгын эске алганда, маселе НАТО менен Евробиримдиктин алкагында талкууланышы керек:
-Албетте, бул Орусиянын жакынкы коңшуларын олуттуу тынчыздандырат жана менимче бул аймактагы стабилдүүлүк, тең салмактуулук, коопсуздук контекстинен алганда, кеңири тынчыздануу жараткан маселе болуусу керек. Ошондой эле НАТО жана Евробиримдик өлкөлөрү ортосунда да талкууланышы абзел. Орусиянын колунда мындай куралдын турушу өз коопсуздугу жана өзүн коргоо үчүн гана кам көргөн өлкөлөрдөн айрымалуу. Мен каршылык бизден эле эмес, башка тараптардан да көп болот деп күтөм.
Орусиянын НАТОго мүчө коңшуларынан Литва менен Эстония былтыр ноябрда эле Францияга кат жолдоп, андан кеме Орусияга кандай куралы менен кошо сатылары боюнча түшүндүрмө берүүнү суранган.
Орусиянын француз кемесине көз артып калганынын себебин адистер 2008-жылы августта Грузия менен кыска согушта байкалган кемчиликтер менен байланыштырууда. Орусиянын аскер - деңиз күчтөрүнүн командачысы былтыр колунда “Мистраль” сындуу кеме болгондо, флот орус-грузин согушу учурунда Кара деңизде кыйла натыйжалуу аракеттенмектигин, француз кемеси 40 эле минутта аткаруучу жумушту, Кара деңиз флотунун карамагындагы кемелер 26 саатта жасай тургандыгын айткан.
Француз коргоо министри Ерве Морен дүйшөмбү күнү америкалык кесиптеши Роберт Гейтс менен Париждеги сүйлөшүүлөрү учурунда белгилегендей, алар Борбордук жана Чыгыш Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн алган жарааты алигиче айга электигин түшүнөт. Бирок Франция ошол эле учурда Орусия менен эки тараптуу мамилесинде ишенимди чыңдоону көздөйт. АКШ коргоо министри болсо бул маселенин айланасында француз тарап менен “жакшы жана кеңири” пикир алышканына гана токтолду.
Ал эми Вашингтондон Пентагондун маалымат катчысы Жефф Моррелл АКШнын Чыгыш Европадагы достору менен өнөктөштөрүнүн, өзгөчө Грузиянын камтамачылыгынын жөнү бардыгын, ал “жаңы кемелер Орусияга Грузияны Кара деңизден дагы бир ирээт коркутуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт” деп кооптонорун белгиледи.
Франция НАТОнун аскерий командачылыгына 43 жылдык тыныгуудан кийин былтыр гана кошулду. 1966-жылы ал кездеги президент Шарль де Голь Франциянын суверенитетине шек келип жатат деп эсептегендиктен, өлкөсүн НАТОнун аскерий структурасынан чыгарып кеткен болчу.