Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Салижан Шарипов: “Юрий Гагарин Кыргызстанда да болгон”


Орусияда 9-мартта биринчи космонавт Юрий Гагариндин туулган күнүнүн 75 жылдыгы белгиленди. Гагарин 1961-жылы 12-апрелде адам баласынын тарыхында биринчи болуп космоско учканда, Кыргызстандын баатыры, болочок космонавт Салижан Шарипов төрт жашта болчу.

“Азаттык”:- Сиз Гагаринден кандай сабак алдыңыз?

С.Шарипов:
- Юрий Гагарин, белгилүү болгондой, жер шарынын биринчи космонавты, ал космосту ачкан киши, анын эрдиги түбөлүк кала берет. Мен цивилизациядан алыста дээрлик кичинекей Өзгөн шаарында жашап атып, космосту багындыргандардын катарын толуктасам деп кыялданчумун. Анда мен төрт же беш жашта элем.

“Азаттык”:- Мага белгилүү болгондой Юрий Гагарин кезегинде Кыргызстанда жабык аскерий эс алуу жайында болгон экен...

С.Шарипов:- Ысык-Көлдө коргоо министрлигинин сакаюу жайы бар. Ал жерде космонавттар тоолуу шартта машыгуу өткөрүшчү. Гагаринди билгендер абдан көп, ал тургай Чолпонатада ал түнөп жүргөн үй да бар. Аны азыр конок үйү кылышкан, аты «Космонавт». Машыгуу үчүн Ысык-Көлгө барган көптөгөн космонавттар тиккен бактар кыйла, ал «Космонавттар аллеясы» деп аталат.

“Азаттык”:- Космоско бир эле жолу учкан жоксуз. Киши ар бир жолу ар башка таасир алабы же мурунку көргөн-билген эле кайталанып турабы?

С.Шарипов:- Билесизби, киши орбитада болгондо жер шарын 90 мүнөттө айланып чыгат. Бир күндө 15 жолу күндүн батканын жана ошончо жолу күндүн туулганын көрөт. Албетте биз ал жакта көбүнчө иш менен алек болобуз, тажрыйба жүргүзөбүз, колубуз бошор замат учуп келип терезеден жердин кооздугуна суктанабыз.

Ар бир жолку учуу эч убакта мурункуга окшобойт. Жерди кароо - тартып койгон сүрөттү тигиле кароо эмес. Ал ар жолу өзгөрүлүп турган ажайып дүйнө. Алган таасир башкача болот. Киши ар бир жолу өзүнө мурункуга окшобогон бир нерсени табат. Космостун мейкиндигин же жерди карасын, адам андан аябагандай бир жыргалды табат жана андан эки бирдей таасир алуу болбойт

“Азаттык”:- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG