Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Пакистанда террорчулукту үйрөнгөн германиялыктар көбөйүүдө


Пакистандан Ооганстандагы НАТО аскерлерине май тартып баратканда чабуулга кабылган машинелер. Исламабаддын чети. 4-октябрь, 2010
Пакистандан Ооганстандагы НАТО аскерлерине май тартып баратканда чабуулга кабылган машинелер. Исламабаддын чети. 4-октябрь, 2010

Пакистандын Ооганстанга чектеш аймагында америкалык пилотсуз учактын чабуулунан 8 согушчан катардан чыкты.

Алардын бешөө теги түркиялык же араб Германиянын жарандары болгон. Бул тууралуу Пакистандын коопсуздук кызматы билдирди. Жергиликтүү уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан талиптер жана “ал-Каида” менен байланыштагы согушчандардын түнөк жайы

...кээ бир теги өзбек, түркиялык же “ал-Каида” сыяктуу уюмдар кийинки төрт-беш жылда Германияда желдет жалдоо иштерин алда канча активдештирди.Сауд Мехенет

эсептелет.

АКШнын пилотсуз учагы. Ооганстандын Баграм аэродрому. 27-ноябрь 2009
Пакистан-германиялык исламчылардын казат жайы


Пакистан бийлигинин маалымдашынча, германиялык исламчылар Түндүк Вазиристандын Мир Али шаарынан 3 чакырымдай алыстагы кыштактын талиптер менен байланыштагы башчысы менен жолугушуп жатканда ракета соккусуна кабылып өлүшкөн. Сентябрь айында эле АКШнын пилотсуз учактары, Пакистан тараптын билдиришинче, өлкөнүн Ооганстанга чектеш аймакка 20дан көп жолу сокку уруп, андан 120дан ашуун адам өлгөн.

Германиялык жарандар Пакистанга террорчулардын лагерлеринде машыкканы барган деп боолгонууда. Сентябрдын башында Германиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин бири Йорг Цирке Берлиндин “Tagesspiegel” гезитине берген интервьюда, өлкөдө улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган 400дөн ашуун исламчы жашаганын билдирген. “Алардын 70и террордук лагерлерде даярдыктан өткөн деген шектенүү бар. 40 адам Ооган жеринде согушуп келгендер”,-деп маалымдаган Цирке.

“Нью-Йорк таймс” гезитинин Германиядагы кабарчысы Суад Мехеннеттин “Азаттыкка” айтышынча, акыркы жылдары Пакистандагы согушчандардын өкүлдөрү Германия жана башка батыш Европа өлкөлөрдүн жарандарынан өз катарына азгырууну күчөткөн:

- Жакында Исламабад менен Лахордо теги Пакистандык британ жаштар кармалды. Алар Вазиристандагы базаларда машыкканын айтып беришкен. Соңку үч жылда Вазиристанга башка Европа өлкөлөрүнө караганда Германиядан каттаган адамдардын саны бир кыйла өстү. Себеби кээ бир теги өзбек, түркиялык же “ал-Каида” сыяктуу уюмдар кийинки төрт-беш жылда Германияда желдет жалдоо иштерин алда канча активдештирди.
Террорчу деп шектелген германиялык жарандардын соту. Дюселдорф, 4-март 2010


Былтыр октябрда “Вашингтон Пост” гезити да 2009-жылы кеминде германиялык 30 исламчыл Пакистанда террорчулук өнөрдү үйрөнгөнү барганын кабарлаган.

Пакистан Хайбер ашуусун ачпай жатат

Быйылкы суу ташкын Пакистан армиясын террорчуларга каршы согуштан алагды кылып койгонун, Исламабад экстремизмге каршы согуштун маанисин мыкты түшүнгөнүн АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Филип Кроули билдирди:

- Пакистан менен кызматташуунун жана координацияда иштөөнүн абалы бизди канааттандырат. Биз түз, бийик деңгээлде көп сандагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Акыркы айларда Пакистандын көңүлү башка жакка бурулду. Бирок Пакистан эктремисттердин өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурганын түшүнүп, өткөн жылы аларга каршы өтө активдүү иштеди.

Бирок өткөн жумада АКШлык тикучардын чабуулунан пакистандык үч аскер курман болгондон кийин президент Асиф Али Зардари коомчулуктун нааразылыгын басуу үчүн Торхам чек ара бекетин жана Хайбер ашуусун жапкан. Ошондон тарта Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөргө Пакистандан күйүүчү май жана башка материалдарды ташуу токтогон. Бул тушта НАТОлук аскерлерге жүк тарткан кербенге Пакистан талиптер кол салып, 60тай жүк тартуучу машинени иштен чыгарды.

Пакистан-Ооганстан чек ара аймактарында өз ара кызматташууну жакшыртуу жана террорчулуктун алдын алуу маселеси НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расумусен менен Пакистандын тышкы иштер министри шах Махмуд Курешинин Брюсселде өткөн кездешүүсүндө талкуулады.

Сентябрдын аяк ченинде Батыш өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтары Пакистанда жайгашкан ислам согушчандары кээ бир Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Британия, Франция жана Германияга бир маалда чабуул жасоого камданганын ырастаган маалыматтарды колго түшүргөн. Ушундан улам АКШ жана башка бир катар өлкөлөр өз букараларын террорчулар чабуул жасашы мүмкүн болгон өлкөлөргө барганда этият жүрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG