Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Германияда согушчандар соттолду


Айыпталуучу Адем Йылмыз Дюсселдорфдогу регионалдык сотто. 4-март, 2010
Айыпталуучу Адем Йылмыз Дюсселдорфдогу регионалдык сотто. 4-март, 2010

4-мартта Германиянын соту төрт согушчанды эркинен ажыратты. Алар өлкөдөгү АКШнын аскерий обьектилерине жана жарандарына кол салмак болгон деп айыпталды.

Соттун маалымдашынча, согушчандардын планы ишке ашса, кем дегенде 150 адамдын каны төгүлмөк. 10 айда бүткөн бул сот Германиянын сотунда каралаган эң чоң террордук иш болду.

Согушчандардын планы ишке ашса, кеминде 150 адам, көбүнчө АКШ жарандары өлмөк.



Исламды ыйман туткан эки немис менен теги түрк немис жарандырынын планы


Германияда бир катар террордук чабуулдарды уюштурмак болгон береги төртөөнү сот “Зауэрланд тобу” деп атаган эле. Себеби Фриц Геловиц, Даниэл Шнайдер жана теги түрк немис жараны Адем Йылмыз өлкө
Журналисттер Дюсселдорф сотунун сыртында. 4-март 2010
батышындагы Зауэрланд облусунда 2007-жылдын 4-сентябрында кармалган.

Алар жалдап турган үйдөн 26 детонатор жана 12 канистр кычкылтектин ачыткысы табылган. Бул, маалымдалганга караганда, 500 кг жардыргыч жасаганга жарайт. 2005-жылкы Лондондогу террордук чабуулдун уюштуруучулары дал ушул заттарды пайдаланышкан.

Сот ислам динине чоңойгондо өтүшкөн Геловец жана Шнайдерди 12 жылга, Йылмызды 11 жылга кести. Ал эми дагы бир теги түрк немис жараны Атилла Селек террорчуларга көмөктөшкөнү үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды. Селек Түркияда кармалып, кийин Германияга алып келинген.

Дюсселдорфтун регионалдык жогорку сотунун өкүлү Улрих Эггер 4-мартта кабарчыларга террорчулардын мүдөөсү аткарылса, кеми 150 кишинин өмүрүнө зобун болмок деп билдирди:

- Сот төрагасы полициянын аракетинин натыйжасында мерчемделген кандуу булоон болтурулбаганын ачык айтты. Сот эгер план ишке ашса, бериси 150 адам, көбүнчө АКШ жарандары өлмөк деген ишенимде.

Тергөөчүлөрдүн айтышынча, согушчандар АКШ аба күчтөрүнүн Рейнланд-Пфальц жериндеги базасында, америкалыктар көп барган кафе-ресторандар, дискотекаларда жана Франкфурт аэропортунда бомба жардырмак болушкан.
Лондон 7-июлдагы бомба чабуулунан кийин. 2005-жыл.


Төрт согушчан тең 2001-жылы түптөлгөн “Ислам жихади союзу” террордук уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн мүчөсү деп да айыпталды.

Өкүмгө прокурор да, согушчандын адвокаты да ыраазы

Мамлекеттик прокурор Уолкер Бринкманн кабарчылар менен болгон кездешүүдө соттун өкүмүнө канааттанганын жашырбады:

-Биз өкүмгө канааттандык. Өкүм кылмышкерди жоопко тартуу боюнча биздин талабыбызга ылайык болду. Сот болгону көп мааниси жок жумшактыкка барды.

Согушчандар, маалымдалганга караганда, Пакистандагы террордук лагерлерде атайын даярдыктан өтүп келишкен жана эл аралык ислам уюмунун буйругу боюнча аракеттенген.

Айыпталуучулардын бири Даниэл Шнайдердин адвокаты Йоханс Пөш соттун өкүмүнө ынанганын маалымдады:

-Биз өкүм бир аз жеңил болот деп күткөнбүз. Бирок бизге берилген далилдер 12 жыл туура экенине ынындырды. Менин кардарым мындай өкүмгө даяр болчу. Андыктан ал доо арызын бербейт.

10 айга созулган соттун соңунда Геловиц, Селек жана Шнайдер экстермизмден баш тартышты жана өз аракеттерин “жаңылыштык” деп аташты.

XS
SM
MD
LG