Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Нигериялык жанкечтинин атасы уулунун жаман жолго түшкөнүн туйган


Трансатлантикалык авиалайнерди жармак болгон нигериялык жигит АКШга каршы чоң масштабдагы кутумдун алкагында аракеттенди деп айтууга негиз жок.

Бул жөнүндө АКШнын Ички коопсуздук кызматынын башчысы Жанет Наполитано айым жекшемби күнү Си-Ен-Ен телеканалына берген интервьюда айтты. 23-жаштагы Абдулмутталиб жума күнү Амстредамдан Детройтко бараткан учакта жардыргыч затты

Абдумутталаб 20 жылга эркинен ажыратылып, 250 миң доллар айып төлөйт.

жардырмакчы болуп жатканда жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү тарабынан кармалган.

Умар Фарук Абдулмутталаб “Delta” авиакомпаниясынын учагын жардырууга аракет кылды жана учакка жардыргыч затты алып кирди деп айыпталууда. Ишемби күнү АКШнын федералдык соту Мичиган университетинин медициналык борборунда дарыланып жаткан 23-жаштагы нигериялыкка ага коюлган ушундай айыптоону угузду.

Абдулмутталаб жума күнү Нидерландиянын борбору Амстердамдан Детройт аэропортуна конгону бараткан учакты жардырмак болуп жатып, бутун күйгүзүп алаган. Жүргүнчүлөр кыраакылыгын көрсөтпөсө, 288 адамдуу учак күлойрон болмок.

Энн Арбор шаарындагы сот жараянына катышкан америкалык журналист К. Уильямстын сөзүнчө, Абдумутталаб 20 жылга эркинен ажыратылат:

- Кошмо Штаттардын аба каттамдары жөнүндөгү мыйзамына ылайык, учакты жардырууга аракеттенсе жана авиалайнерге жардыргыч затты орнотсо, бул эки учурда айыпталуучу 20 жылга эркинен ажыратылып, 250 миң доллар айып төлөйт.

Айыпталуучунун атасы Алхажи Умар Абдулмутталаб маалыматтарга караганда, мурда Нигериядагы эң чоң "Нигерия бир банкынын" директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Ал ноябрда өлкө байтакты Абужадагы АКШ элчилигине жана Нигериянын коопсуздук кызматтарына уулунун кооптуу жолго түшкөнүн айтып кайрылган. Алхажинин тынчсыздануусуна уулунун Дубайдагы окуусун таштап, Йеменге “исламды үйрөнгөнү” кеткени жөнүндөгү каты түрткү болгон. Атасынын мындай эскерткенине карабай, “Абдулмутталабга эмне үчүн АКШга кирүүгө виза берилген?” деп суроо коюшту кээ бир маалымат каражаттары.

Ак Үй өкүлүнүн “Нью-Йорк Таймс” гезитине түшүндүрүшүнчө, айыпталуучунун Абдулмутталабтын атасынын маалыматы АКШнын чалгындоо кызматынына киргизилип, бирок “Абдумутталабда бекем калыптаган экстремисттик көз карашы жок” деген бүтүм жасалган. Маалымат булактарынын билдиришинче, кенже Абдумутталаб АКШга бир жыл ичинде көп ирет кирүүгө уруксат берген визаны 2008-жылы июнда Британияда окуп жүргөндө алган.

Кээ бир маалыматтар боюнча Абдулматталаб Йеменде “ал-Каиданын” базасында бир айдай болуп, атайын даярдыктан өткөн. Бирок АКШнын Ички коопсуздук кызматынын башчысы Жанет Наполитанонун Си-Ен-Ен телеканалына берген интервьюда Абдулмутталабды “ал-Каида” менен байланышы бар деп айтуу “чайкоочулук болор эле” деди. Ошол эле учурда Наполитано айым 27-декабрда АКШнын Ен-Би-Си телеканалына берген интервьюда Абдумутталдын жардыргыч затты кантип учакка алып өткөнү иликтенип жатканына токтолду:

- Биз ачыгын айтканда, ал (Абдумутталаб) учакка өтүп жатканда, кылдат текшерүүдөн өтүп-өтпөгөнүн, ал кылдат текшерилсе, текшерүүнүн чараларын өзгөртүү жагын изилдеп жатабыз.

Ак Үй болсо Гавайада эс алууда жүргөн президент Барак Обама Кошмо Штатардын аба каттамдарында коопсуздукту бекемдөө үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү буйруганын билдирди.

Жума күнкү калабадан кийин АКШнын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү текшерүү мурдакыдан да кылдат жүрүүдө. Бул өз кезегинде узун кезекти пайда кылып, учактардын кармалышана алып барууда жана жүргүнчүлөрдүн да түйшүгүн көбөйттү. Ошондой эле учак жерге конордон алдыңкы 60 мүнөттө жүргүнчүлөрдүн ордунан туруусуна, колбагажын алуусуна тыйуу салынды. Ушундай эле коопсуздук чаралары Канадада, Европа Биримдигине мүчө өлкөрдө дагы башка жерлерде катуулатылды.

Абдумутталабга байланыштуу окуя америкалыктардын мусулмандарга болгон мамилесине кандай таасир этиши ыктымал? Бул жөнүндө АКШнын маалымат булактары эмне дешүүдө? Бул суроого Мэриленд штатынын тургуну Абдыкаар Сыдыков дем алыш күндөрү гезиттер чыкпаганына көңүл буруп: “Менин оюмча, террорчулук кайсы бир динге же улутка мүнөздүү нерсе эмес. Түпкүлүгүндө, ар кандай жаман иш жакшылыкка алып барбайт”, - деди.

XS
SM
MD
LG