Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Британияда жанкечтилер соттолду


Жанкечтилер Лондондон учуп чыга турган жети учакты жардырууну максат кылышкан
Жанкечтилер Лондондон учуп чыга турган жети учакты жардырууну максат кылышкан

7-сентябрда Британ соту үч жаранды Британиядан Түндүк Америкага каттоочу учактарды жардыруу үчүн кылдат даярдык көргөн деп тапты.

Британ соту теги пакистандык Абдулла Али, Танвир Хусейн жана Асад Сарварды Британиядан Түндүк Америкага учкан бери дегенде жети учакты жардырып, миңдеген адамдарды ажалга айдамак болгон деп тапты. Бул жигиттердин үчөө
Бул аябай шумдуктуу кутум эсепсиз адамдардын өмүрүн алып, майып кылмак.
Британ полициясы.
тең али отузга толо элек.

Британиянын жана АКШнын коопсуздук кызматтарынын маалымдашынча, Абдулла Али башындагы топтун шумдуктуу планы “ал-Каиданын” Пакистандагы кеңсеси менен байланышта иштелип чыккан. Бул пландын жетекчиси теги мисирлик Абу Масри 2005-жылы 7-июлда Лондонду дүрбөткөн бомба жардыруусунун демилечиси болгону айтылат.

Британиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Алан Жонсон үч жылга созулган тергөө-коопсуздук кызматтары өтө чоң алааматты болтурбаганын көрсөттү деп билдирди:

-Бул окуя биз чынында терроризмдин олуттуу коркунучу астында болгоунбузду тастыктайт. Бул аябай шумдуктуу кутум эсепсиз адамдардын өмүрүн алып, майып кылмак.

Абдулла Али жана анын шериктери мерчемдеген чабуулдарды тергөөчүлөр “глобалдык өлчөмдөгү террорчулук” деп сыпатташты. Бийликтердин мүнөздөшүнчө, трансатлантикалык аба каттамдарындагы жардыруулар 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын шаарларындагы кыйракандан кийинки эбегейсиз чоң террорчулук болмок экен.

Ишке ашпай калган чабуулдун масштабы жөнүндө Лондон шаардык полициясынын антитеррордук бөлүмүнүн башчысы Жон МакДоуэлл 7-сентябрда мындай деди:

-Көптөгөн адамдар өмүрүнөн ажырамак. Анын зыянын так айтуу абдан кыйын, бирок учак жерге кулап түшсө, өлгөн адамдардын саны бир нече эсеге көбөйөрү анык эле.

Жанкечтилер суюк жардыргыч заттарды учакка суусундук куюлган желим бөтөлкөлөр менен алып өтүүнү пландашканын Британиянын падышалык тергөө кызматынын терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгын башчысы Сю Хемминг айым маалымдады:

-Эркектер суусундуктардын идиштеринен бомба жасоочу ишкана куруп алышыптыр. Жардыруучу заттарды толтуруу максатында бөтөлкөлөрдү бошотушкан. Детонаторду батарея ташынан чогултушкан. Алар бомбаны абада жардырууну мерчемдешкен.


Абдулла Али, Танвир Хусейн жана Асад Сарвардын 2006-жылы августа камакка алынуусу - эл аралык аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн суюк заттарды алып жүрүүсүн чектөөгө негиз болгон.

Террорчулар турган жайлардан аэропорттогу кылдат текшерүүдөн жардыргыч заттар куюлган бөтөлкөлөрдү кантип билгизбей алып өтүү, ошондой эле Лондондун Хитроу аэропортунан АКШ жана Канадага учуучу учактардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө топтун жетекчиси Абдулла Алинин колу менен жазылган көрсөтмөлөр да табылган.

“Шейит өлүүгө” бел байлаган айрым жанкечтилер жандарын эмнеге курмандыкка байлап жатканын түшүндүрүп, адамдардын үрөйүн учуруучу төмөндөгүдөй видеотасмаларды жазып коюшкан.

-Силер биздин жерлерибизден чыгып кетмейинче жана биз сезгенди сезмейиңерче биз бул жолдон тайбайбыз. Бул АКШнын жана анын британ жана жөөт өнөктөштөрүнүн мусулман жерлеринде жасаган иштери үчүн өч алуу. Бул каапырларга эскертүү. Алар биздин жерлерибизди таштап кетишпесе, бизге жана мага окшоп, Алланын мыйзамы жер бетинде орномойнча сокку урууга даяр тургандар көп.

Бул шейит өлүп, миңдеген адамдардын өмүрүнө бүлүк салууга жанын сайууга даяр Умар Ислам деген болочок жанкечтинин видеотасмага жазып койгон кайрылуусу.

Тергөөчүлөр “Ал-Каиданын” Пакистандагы согушчандары менен британ исламчылары Британияда туулган навайчынын баласы-Рашид Рауф аркылуу байланышып турган деп боолгошот.

Рауф 2006-жылы Пакистанда кармалып, кийинки жылы мечитке күзөштчүсүз жөнөтүлгөндө качып кеткен жана 2008-жылы Ооганстандын чек арасына жакын жерде америкалык пилотсуз учактын чабуулуна кабылган.

АКШ жана Британиянын чалгындоо кызматтарында Рауфтун өлүү-тирүүсү жөнүндө так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG