Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

СССРдин экс-президенти Горбачев өткөнгө өкүнбөйт


Михаил Горбачев элди аралаганды жакшы көргөн алгачкы советтик лидер болду. 25-май, 1989-ж.
Михаил Горбачев элди аралаганды жакшы көргөн алгачкы советтик лидер болду. 25-май, 1989-ж.

Мындан туура 25 жыл илгери Михаил Горбачев Советтер Союзунун жетекчиси болуп дайындалган. Анын бийлиги килейген өлкөнүн келечегине, миллиондогон адамдардын аң-сезими менен тагдырына ченегис өзгөрүүлөр алып келди.

Түн жамына тандалган жаш лидер

Чын эле 1985-жылы андагы Советтер Союзунда бийликке Горбачев келбей, башка бирөө келгенде, биз азыр кайда жана кандай болот элек? Аны азыр болжош кыйын, ал эми 25 жыл илгери, 11-мартка караган түнү Кремлге шашылыш кара лимузиндер агылып, телеканалдар адаттагы берүүлөрдүн ордуна классикалык музыканы угузуп туруп алды.

Көптөн бери коомчулукка көрүнбөй калган Кремлдин 73 жаштагы кожойуну Константин Черненко 10-март күнү кечинде оорудан көз жуумп, шашылыш чогулган Компартиянын Борбордук комитети төрт саат ичинде 54 жаштагы Михаил Горбачевду жаңы лидер кылып тандады. 2 жыл ичинде 3 жетекчисин акыркы сапарга узаткан Советтер Союзунун тарыхында Горбачев башкы кызматка келген эң жаш жетекчи болуп калды.

Ал бийликти колго алар замат реформалар тууралуу сөз кылып, ондогон жылдардан бери өнүкпөй ордунда тура берип эскилиги жеткен советтик системаны өзгөртө баштайт. Ал кезде Горбачевдун жардамчысы болуп турган Вадим Медведев өзгөртүү керек экенин баары түшүнсө да, эмнеден, кай тарабынан баштаарын билбей чаташканын айтат.

- Перестройка, же кайра куруу деп баштап алып, экономикалык кырдаалды жакшыртыш үчүн тартипти күчөтүп, башкаруу ыкмаларын өзгөртүүгө кириштик. Улам барган сайын дагы көп нерсени өзгөртүү керектиги айкын болуп атты.

Реформанын оң жана терс натыйжалары

1987-жылдын башында Горбачев базар экономикасынын башталгыч элементтерин киргизип, чакан менчик ишканалар, же кооперативдер түзүүгө жол ачты. Экономикалык реформа саясий өзгөрүүлөр болмоюнча турмушка ашпаарын түшүнгөн соң, Элдик депутаттар курултайын түзүп, депутаттардын жарымы атаандаш шайлоо аркылуу тандалмай болду. Ага чейин Советтер Союзунда сайран куруп келген катаал цензура жумшартылып, Айкындуулук саясаты жарыяланып, маалымат каражаттарын болуп көрбөгөндөй эркиндиктин шамалы каптады.

Горбачевдун айыл-чарба, азык-түлүк тармагындагы реформасы тескери натыйжа алып келип, эл тамак-ашты дүкөндөрдөн талон менен сатып алып, ага кошумча аракечтикке каршы бүткүлсоюздук кампания он миңдеген кишилердин убалына калып, сапатсыз арак менен самогон далай элди адашкан ок менен аткандай апаат кылды. Советтик жумурияттарды көз карандысыздык эпкини аралап, улутчулдук социалдык жарылууга алып келген аймактарда куралдуу чатактар башталды.

Азыр 79 жаштагы Михаил Горбачев “Азаттыкка” курган маегинде андагы реформалар ал өзү каалагандай натыйжа алып келбесе да, эч убакта өкүнбөй турганын айтты.

- Биздин башыбызга ушундай бир сыноолор, ушунча иш түшкөн эле анда. Күнү-түнү иштеп аттык. Эл ыраазы болбойт экен баары бир. Анан өзүмдөн өзүм сурачу болдум. Эмнеге эл сага ыраазы болушу керек деп. Суроону башкача коюш керек. Ушунча килейген өлкөнү өзгөртүү вазийпасы туш келген багың тоодой экен. Тагдырдан мындан артык эмне сурайт элең? – дечү болдум.

СССР эле эмес дүйнө өзгөрдү, Горбачевдун доору бүттү

Михаил Горбачевдун саясий-экономикалык жана башка реформалары оң жана терс жемишин берип отуруп, Советтер Союзу чет мамлекеттер менен ийкемдүү мамиле түзүп, 1989-жылы Берлин дубалы кулап, дүйнөдө “кансыз согуш” доору аякташына алып келди. Горбачев өзү президенттик кызмат киргизип, 1990-жылы ал кызматка өзү шайланып, СССРдин биринчи жана акыркы президенти болуп калды. Көп узабай анын саясий салмагы бошоп, демократтар аны реформаларды аягына чыгарган жок деп сындаса, коммунисттер ушундай өлкөнү кыйратты деп тепкиге алышты.

Горбачевду орусиялыктар азыр да ар түркүн баалашат, Москванын көчөсүндө биздин кабарчы менен маектешкен Иван Мединцевдин пикири анын таасын далили боло алат.
“Мен Горбачев тууралуу оң жана терс көз караштамын. Оң жагы – кантсе да, ал көп нерсени өзгөрткөн. Терс жагы – ал баштаган нерселер туура жолдо кеткен жок, мурдагы советтик өлкөлөр ичинен Орусия азыр туңгуюкка келип такалды. Таптакыр башкача болушу керек эле. Ошон үчүн мен Горбачевду жакшы да, жаман да көрөм”, - дейт бул Москванын тургуну.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG