Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Грекияда каражат үнөмдөө саясаты калкты көчөгө сүрүп чыкты


Грек демонстранттары парламент имаратынын жанында нааразылык жыйынын өткөрүүдө. Афина. 2010-жылдын 4-майы.
Грек демонстранттары парламент имаратынын жанында нааразылык жыйынын өткөрүүдө. Афина. 2010-жылдын 4-майы.

Грекияда парламент мамлекеттик бюджет таңсыктыгын кыскартууну көздөгөн радикалдуу чараларды талкуулап жатат. Шаршембиде грек өкмөтүнүн катаал чараларына каршы демонстрация үч кишинин өлүмүнө алып келген.

Шаршембиде банктагы өрттөн каза тапкан үч кишинин өлүмүнө карабастан, Грекиянын кесиптик кошундар биримдиги элди жаңы демонстрацияларга чакырууда. Курман болгон эки жаш аял жана бир эркек өзүлөрү иштеген банктан чыга албай камалып калышкан, имаратка демонстранттар кара май куюлган бөтөлкөлөр ыргытып, өрт койгон эле.

Грекиядагы эң ири коомдук тармак биримдиги – АДЕДИнин төрага орун басары Илиас Вреттакос баары бир көчө акциялары улана берээрин белгиледи. “Жумушчулардын тарыхый укуктарына чабуул жасалып жатат, биз мындай саясатка каршы күрөштү токтотпойбуз. Колдон келишинче, адам өлүмүнө алып келчү бузукулук иштерге бут тосууга аракет жасайбыз. Өкмөттүн саясатына каршы баарыбыз биригип күрөшөбүз”, - дейт мамлекеттик кызматкерлер кошунун жетектеген Вреттакос.

Карапайым эл антип коогалуу каршылык көрсөткөнү менен, Грекиянын өкмөтү өлкөнү толук банкроттон сактап калыш үчүн Эл аралык валюта кору менен Еврошаркеттин талабын аткарып, салыктарды жогорулатып, айлык-маяна жана социалдык төлөмдөрдү азайтууга аргасыз экенин айтууда. Ошондой радикал чаралар кабыл алынып, жалпы мамлекетте катуу үнөмдөө саясаты башталганда гана Грекия чет элдик донорлор убада кылган 110 миллиард евролук насыяны алып, кризистен чыгуу жолуна түшө алат.

Грециянын премьер-министри Папандрэу элди жоопкерчиликтен качпай, кыйынчылык алдында биригүүгө үндөдү: “Ар бир жаран демонстрацияга чыгууга укуктуу, бирок башка бир адамдын өмүрүнө кол салган кыянатчыл ишке эч ким укук берген эмес. Кол салуу андан аркы кагылышууларга алып келет, демонстрация менен киши өлтүрүүнүн айырмасы асман менен жердей”.

Бейшембиде Грекияда банк кызматкерлери иш таштоо жарыялап, мурунку күнү 3 кесиптешинин өлүмүнө алып келген чагымчыл демонстрацияларды айыпташты. Ошол эле маалда банк ишмерлеринин кесиптик кошуну кайгылуу окуяга өкмөттүн катаал саясаты себеп болгонун кошумчалады.

Грекиянын президенти Карлос Папулиас өлкө ушу тапта жардын кырында турат деп эскертти. Өкмөт сунуш кылган катаал чаралар Грекиянын мамлекеттик бюджетин турукташтырып, алдыдагы үч жыл ичинде азыркы 14%дай тартыштыкты 3%га түшүрүүнү көздөйт.

Грекиядагы финансылык кризис башка европалык өлкөлөргө кесепетин тийгизет деген чочулоолордон улам бейшембиде евро арзандап, АКШ долларына карата соңку бир жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшүп кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG