Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Евробиримдикте Кыргызстандагы абал талкууланууда


Демонстранттар бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөштү, 8-апрель, 2010
Демонстранттар бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөштү, 8-апрель, 2010

Бүгүн Брюсселде Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейформал жыйыны өтүп жатат. Ага региондогу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышып, Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашууда. Еврошаркет ал жумурияттарды Кыргызстанга азыркы оор абалдан чыгууга көмөк көрсөтүүгө чакыруу менен, Брюссель да жардамын аябай турганын билдирди.

Евробиримдиктин Борбор Азия мамлекеттери менен жылына бир ирет болчу салттык жыйынында бул жолу жалаң эле Кыргызстандагы кырдаал талкууга алынат окшойт.

Азыр Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Жапонияда жүргөндүктөн, жыйынды бүгүн испан тышкы иштер министри Мигуэл Ангел Моратинос өткөрүүдө. Испания азыр шаркетте жетекчилик кылып жатат. Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев катышып атканы айтылды.

Брюсселдеги атын атабоону суранган расмий өкүлдөрдүн бири “Азаттыкка” айтканына караганда, Европа биримдиги азыр Кыргызстандын жаңы Конституциясы эларалык стандарттарга төп келишине жетишиш үчүн аракет кылууда. “Азыр негизги көңүл Конституцияга бурулат. Анткени ал кабыл алынып калгандан кийин, эчтемени өзгөртө албайсың”, - деген таризде ал өкүл Баш мыйзамдын мазмунуна кирише турган учурду өткөрүп жибербөө зарылдыгын белгиледи.

Евробиримдик азыр Европа Кеңешине караштуу Венеция комиссиясы менен тыгыз кызматташып жатканы айтылды. Аталган комиссия учурда Кыргызстанда жаңы Конституцияны иштеп чыгууга жана 27-июнга белгиленген референдумду, 10-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө кеңеш берип жатканы белгилүү. Баш мыйзамдын жаңы варианты негизинен ошол комиссиянын айткандары боюнча түзүлгөнүн Бишкектеги утурумдук өкмөттүн башчысынын орун басары, Конституциянын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев ушул дүйшөмбүдө айткан.

“Биз бул долбоордо Венеция комиссиясы 2007-жылдагы Конституция боюнча айткан сын, сунуштарынын 80-90% эске алдык”, - деген эле Өмүрбек Текебаев.

Жаңы Конституциянын долбоорун элдин сынына коердо, Текебаев анын негизги мааниси – президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартыла тургандыгында жана өлкөдө чыныгы саясий атаандаштыкка шарт түзүлөөрүндө деп белгиледи.

Бул идеяны ошол эле дүйшөмбү күнү Люксембургга чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери да колдошту. Алар өз билдирүүсүндө “Кыргызстанда мыйзамдардын аткарылышына жетишип, адам укуктарын толук коргогон чыныгы демократиялык өкмөт куралышын каалашаарын” айтышты.

Бул ойду 20-апрелдеги сөзүндө Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон да айтып, Кыргызстан демократияны курууга убада кылса, Брюсселден финансылык да саясий да колдоо алат деген эле.

Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель Бишкектеги маалымат-жыйыны учурунда, 12-апрель, 2010
“Кыргызстандагы кризис чыныгы экономикалык жана социалдык реформалар болушу зарылдыгын көрсөттү”, - деп айткан Эштон. Евробиримдиктин тышкы иштер министринин ишениминде, Кыргызстандагы башаламандык буга чейинки өкмөттүн начар иштегенин, чыныгы реформалар болбогонун далилдеди.

Еврошаркет азырынча Кыргызстандагы утурумдук өкмөттү формалдуу тааный элек. Бул тууралуу Европарламенттеги сөзүндө биримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель билдирди. Европалык дипломаттардын ишениминде, шаркет Борбор Азияда “ири мамлекеттердин саясий оюндарына” аралашууну каалабайт.

Соңку маалыматтарга караганда, Евробиримдик апрель окуяларынан жабыр тарткандарга, алардын жакындарына тикелей гуманитардык жардамын даярдап жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG