Муфтиятта атайын чакан комиссия түзүлүп, “халал” деген Кыргызстандагы эт сатуучу жайлар текшерүүгө алынган. Натыйжада мындай жайларда деле эт базарлардан дүңүнөн алынып кайра сатылаары, ал тургай бузулуп кеткен эттер бардыгы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бештей гана эт сатуучу жай талапка жооп берет деп табылган. Муфтийдин биринчи орун басары Сүйүн ажы Кулуевдин айтымында, мындай комиссия адал этти сатып иштөөгө уруксат алуу үчүн, сертификат берүүнү өтүнгөн каттардын улам түзүлгөн.
- Чындыгында көпчүлүгү адал деп айтылган сөзгө ылайыктуу эмес экен. Айрымдары өздөрү түшүнбөгөн, ар кандай хадистерди, сүрөттөрдү да илип алып, кардарларды тарткандар да жок эмес болуп чыкты. Алардын ишин токтотуп койбосок дагы, өз кеңешибизди бердик. Кээ бир башка улуттун өкүлдөрү “халал” деп ачкан, бирок жагымсыз, эски эттерди саткан жайларды да кезиктирдик. Кожоюндары биз менен жолугушуудан баш тартышты. Ал жердеги сатуучу кыргыз кыздарын болсо жоолук салып отургузуп коюптур. Айрым сатуучу кыздар этти Ош базарынан дүңүнөн алган жерден эле алышарын айтышты.
Сүйүн ажы Кулуев ошондой эле шаардагы кафе-ресторандар текшерүүгө алынбаганын, бул үчүн алардын укугу жоктугун кошумчалады. Ал эми Бишкек шаарынын башкы ветеринардык-санитардык врачы Шамен Сыдыков мындай иштерде сөзсүз түрдө биргелешип иштешүү зарылдыгын белгиледи.
- Тилекке каршы, муфтият бул багытта биз менен кеңешкен жок. Чындыгында, алар бул маселени түшүнбөйт, алардын алдында санитардык же ветеринардык кызмат жок. Ал эми сертификатты мыйзамдык базасы жок эле өздөрү карап берип жаткандыр. Бирок жаңылышып жатышат. Бул маселени биз да карайбыз. Негизи бул маселени биз менен макулдашып жасашы керек эле. Муфтияттан ошол эттин чын эле ден соолукка зыян же зыян эмес экенин, оорулуу, таза мал экенин кайдан билип коюшуптур.
Муфтияттын “халал” деп ачылган жайлардын көбү талапка жооп бербейт деген дооматынан улам биз да айрым дүкөндөргө баш багып көрдүк. Айрымдары биз менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.
Кубат: - Кээ бир учурларда өзүбүз да союп сатабыз. Бирок, көп учурда тааныштарбыз алып келип берет. Адал эт сатылат деген сертификатыбыз жок. Анткени биз жаңы эле ачылдык. Ошондуктан азырынча бизди текшере элек.
Наргиза: - Бизде чочконун эти кошулбайт. Самсаны жасардын алдында быссмылда деп анан баштайбыз. Этти түрктөрдөн аалбыз, алар беш маал намаз окуган адамдар. Башка эттерден жасап, адал деп жазып алып мойнубузга күнөөнү алгыбыз келбейт. Андай болсо “халал” деген жазууну алып эле салмакбыз да. Этке сертификатыбыз бар. Санэпиднадзордон келип жумасына бир жолу текшерип турушат.
Республикадагы көптөгөн мусулмандардын суроосунан улам өткөн жылы «Кыргызстандарт» менен бирдикте өлкөгө “халал” стандарттарын киргизүү боюнча техникалык комитет түзүлгөн. Бул диний, илимий жана медициналык «Ислам бороборунун» базасында ачылган. Мисалы, бүгүнкү күндө Малайзиянын халал стандартын Кыргызстанга киргизүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Аталган мекеменин сапатты өнүктүрүү менеджментинин башкы адиси Болот Нурматовдун айтымында, азыр халал-продукциялардынын ичинде эч кандай иш-кагазы жок эле иштеп жаткандар да жок эмес.
- “Халал” деп жазгандардын көбү эч кандай стандарттары, нормативдик иш кагаздары жок эле халал деп продукцияларын чыгарып жатышат. Тилекке каршы, “Кыргызстандарт” буларды текшербейт, ага укугу да жок. Бир гана стандарттарды иштеп чыкканга, бекиткенге укугу бар. Бизде да бул багытта иштерди жүргүзүш керек, көп иштер алдыда.
Азыркы тапта Кыргызстанда “Тоок этинен жасалган колбасанын стандарттары” деген бир гана стандарт иштеп жатат. Чукулку арада халал-индустриясында дагы жаңы стандарттар кабыл алынары күтүлүүдө. Бирок анын иштеши кандай болот аны мезгил көрсөтөт.