Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Британия: «Чоң жыйырмалык» жыйынында БРИК өз талабын койду


Британияда 13-14-мартта өткөн “Чоң жыйырмалыктын” тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда, Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай бюджетин жогорулатуу керек болгон Эл аралык валюта корунан кошумча добуш талап кылышты.

Негизинен буга чейин Эл аралык валюта корунда эң көп добуш Европа биримдиги менен АКШга берилип, аткаруучу директору Европадан, президенти ар дайым АКШдан шайланып келген.

Британиянын түштүгүндөгү Хоршэм шаарчасында 13-мартта башталган жыйынга дүйнөдөгү эң ири экономикалык системасы бар 20 өлкөнүн каржы министрлери менен борбордук банк жетекчилери келишти. Жолугушууда дүйнөлүк экономикалык кризисти тизгиндөөнүн аргалары изделди. АКШ башка өлкөлөрдү мамлекеттик көмөкчү коромдорду көбөйтүүгө чакырууда. Франция менен Германия оболу каржы базарын катуу көзөмөлгө алуу керек деп эсептешет.

Отурумда тараптар апрел айында Лондондо өтө турган Чоң жыйырмалыктын мамлекет башчыларынын саммитинин камылгалары тууралуу да кеп козгошту. Ага улай Бразилия, Орусия, Индия жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Эл аралык валюта корунан кошумча добуш берилүүсүн талап кылган билдирүү менен чыгышты. Мындай билдирүү, дүйнөнү каптап кеткен каржы кризисин алдын алуу максатында эл аралык валюта корунун бюджетин көтөрүү маселеси тартышылып жаткан чакта жасалды.

Маселен, Бразилиянын тышкы иштер минитри Гидо Мантега өз сөзүндө, Эл аралык валюта корундагы добуштардын үлүшү реформаланышы керектигин, анткени добуштардын көбүн азганекей мамлекеттер ээлеп, тең салмактуулук болбой жатканын, алардын талаптары аткарылгандан кийин гана Эл аралык валюта корунун бюджетин көбөйтүүгө макул болушарын билдирди.

Ага чейин британ каржы министри Алистер Дарлинг жолугушуунун катышуучулары арасында пикир келишпестиктер жок экендигин билдирген болчу. Кийинчерээк ал, жалпысынан катышуучулар арасында олуттуу пикир келишпестиктер жок экенин, 20 адам бир жерде отурган жыйында талаш-тартыштар болгону кадыресе көрүнүш болгонун, а негизгиси ар бир өлкө өз экономикасынын кандай болушун өзү чечерин айтты.

Алистер Дарлинг Хоршэм шаарчасындагы “Чоң жыйырмалык” тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйынын ачып жатып, мындай деген:

- Айымдар жана мырзалар, бир саамдан соң биз жыйыныбызды баштайбыз, бул жыйын дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр кириптер болуп жаткан кырдаал тууралуу кечээ түнкү кызуу талкуубуз токтогон жердеги кепти андан ары улантат. Мен апрелдин башында Лондондо өтөөрү белгиленген мамлекет башчылары менен каржы министрлеринин жолугушуусу үчүн камылгалардын алкагында бүгүн кыйла илгерилетчү жылыштарды жасайбыз го деп ишенип турам. Лондон жыйынында биз үч олуттуу маселени көңүл чордонуна коймокчубуз. Алар – жалпы экономикабызды колдоого алуу, банк насыяларын кайрадан камсыз кылуу, жана, албетте, бул иш-аракетибизге дүйнөнүн айрым бөлүгүнүн гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнүн колдоосун алууга жетишүү болуп саналат.

Жыйында АКШ Эл аралык кордун бюджетин үч эсеге көбөйтүп, 750 миллиард долларга чейин жеткирүүнү сунуштады. Жапония тарап 100 миллиард доллар кошуу керектигин айтууда. Европа биримдиги да кордун акчасын 500 миллиард долларга чейин көбөйтүү керектигин, 100 миллиард долларды кошууга даяр турганын билдирди.

Чоң жыйырмалыкка дүйнөлүк экономиканын 80 пайыздан ашуунун түзгөн – АКШ, Жапония, Кытай, Европа биримдиги өлкөлөрү, ошондой эле Орусия, Бразилия, Түштүк Корея, Түркия жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөр кирет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG