Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Өзбекстан ислам кыймылынын изи Исфарада табылды


Тажикcтандын Исфара шаарындагы операция учурунда Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген төрт согушчан жок кылынды. Бир желдет колго түштү.

Тажик чек арачылары тоолуу аймакта күзөттө.

Исфара - Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана дубандарына чектеш Согд дубанындагы тажик шаары. Бул окуя “Өзбекстан ислам кыймылы региондо дагы баш көтөрө баштаганбы?” деген суроо

1997-жылдан бери Исфарада береги кыймылдын 40 чакты мүчөсү кармалган.

жаратат.

18-октябрь, жекшемби күнү Тажикстан түндүгүндөгү Исфара шаарында өткөрүлгөн операция үч саат чукул созулуп, аткылашууда Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген төрт желдет өлтүрүлүп, дагы бирөө колго түшүрүлдү.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Махмадулло Асадуллаевдин “Азаттык” радиосуна маалымдашынча, согушчандар бекинип жаткан үйдөн каруу-жарак да табылды:

-Операция мезгилинде пулемет, үч Калашников автоматы, көп сандагы ок, ошондой эле террордук иштерди кантип уюштуруу жана бомба жасоо боюнча көрсөтмө табылды.

Бул операцияга Тажикстандын коопсуздук күчтөрү менен милициянын өзгөчө тапшырмаларды аткаруучу отряды-ОМОНдун жоокерлери катышты.

Исфара шаарынын прокурору Ориф Умаров “Азаттыктын” тажик кызматына жекшемби күнкү атышууда катардан чыгарылган төрт согушчандын жана кармалган бирөөнүн Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү экенинен күмөн санабасын билдирди. Умаровдун айтышынча, согушчандардын баарынын улуту тажик жана алар 2006-жылдан бери издөөдө болчу. Бирок прокурор тергөө аяктамайын алардын аты жөнүн ачыкка чыгаруудан баш тартты.

Кыргыз чек арачылары

Өткөн жылдын август жана сентябрь айларында да Исфарада полициянын үч кызматкерине кол салынган эле. Ушундан улам Тажик коопсуздук күчтөрү жыл башынан бери 40 миң калктуу Исфарада Өзбекстан ислам кыймылынын жыйырмадан ашуун мүчөсүн издеп жатышкан. Исфара шаардык прокурорунун сөзүнчө, 1997-жылдан бери Исфарада береги кыймылдын 40 чакты мүчөсү кармалган. Бул Согд дубаны боюнча эң чоң көрсөткүч.

Тажикстандын коопсуздук кызматтары жекшемби күнкү операция кезинде талкаланган тамдын ичинен дагы башка да согушчандардын жасаттары табылышы мүмкүн дешет. Согушчандар өткөн бейшемби күнү таңга маал Кыргызстанга кирмек болгондо чек арачылар тарабынан артка кайтарылган куралчандарбы, ал жөнүндө тажик тарап так айта элек.

Бирок чөлкөмдүн кээ бир маалымат булактары Тажикстандын ички иштер министрлигинин атын айтпаган даражалуу кызматкерине шилтеме берип, согушчандар Баткен облусуна кире албай Исфарага келген деп кабарлашты.

Согушчандар өткөн айда Исфарада өлтүрүлгөн Тажик полициясынын жооптуу кызматкеринин өлүмүнө тиешелүү экени да айтылууда.

Баткен: Куралдуу топ курчоодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

XS
SM
MD
LG