Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

ISIC картасы студентке жеңилдик берет


Кыргызстандык студенттердин арасында ISIC картасын колдонгондордун саны өсүүдө. Муну менен алар транспорт, айрым дүкөн, эс алуу жайларында акчаларын үнөмдөп калганга мүмкүнчүлүк алышты .

Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган Данияров Айдин жарым жылдан бери ISIC картасын пайдаланат. Анын айтымында бул ага апта ичинде 200 сом үнөмдөп калганга жардам берет. Айдин бул картаны борборубуздагы дүкөндөрдөн, түнкү клубдардан, акыркы убакта шаардык муз майдандан да колдонот. Бирок ал бардык эле студенттер бул тууралуу биле беришпегенин айтат.

ISIC картасын бир гана студенттер эле эмес, 12 жаштан өйдө окуучулар, магистранттар, аспиранттар жана кесиптик-техникалык окуу жайдын студенттери “Туризм жана саякат музасы” (“Муза туризм и путешествия”) турфирмасынан ала алышат. Картаны алуу үчүн студенттик билеттин көчүрмөсү же окуган жерден справка, 3х4 өлчөмдөгү бир сүрөт жана паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү талап кылынат.

Картанын баасы Кыргызстандын аймагында 250 сом турат. Карта жана арзандатууга уруксат берген компаниялар тууралуу сиздер толугураак www.isic.kg электрондук дарегинен алсаңыздар болот. Аталган турфирманын жаштар программасынын менеждери Хилола Мухамеджанованын айтымында, ушул тапта борборубуздагы 30дан ашуун компаниялар арзандатууга макулдук беришкен.

-Чет өлкөдө абдан популярдуу ISIC картасы 2006- жылдан тартып биздин өлкөдө да колдонууга алынды. Ал студенттерге көптөгөн жайларда акча үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бүгүнкү күндө 2000 ашуун студенттер, окуучулар бул картанын пайдасын көрүшүүдө, - дейт Х.Мухамеджанова.

ISIC картасына ээ болгон адам аны бир гана Кыргызстандын аймагында эмес, бул документти тааныган 116 өлкөнүн ичинде да колдоно алышат. Демек, картанын ээси ошол өлкөлөрдүн мамлекеттик деңгээлдеги жеңилдиктерден пайдаланууга укуктуу. Улуттук Университеттеги ISICтин райсмий өкүлү Улан Кангелдиев жаңы ачылып жаткан кафе, түнкү клубдарда арзандатуулар болсо студенттер картаны көбүрөөк алмак деген ойдо:

- ISIC көп функционалдуу дүйнө жүзүндө студент макамын ынандырган карта болуп эсептелет. Ошондой эле ал ар кандай мейманканаларга, хостелдерге жана авиа билеттерди 5-10 пайызга чейинки арзандатуу менен алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

50 - жылдардын аягында студенттер арасындагы лидерлер дүйнө жүзүндөгү студенттердин макамын көрсөтүп турчу бирдиктүү документти түзүү идеясын көтөрүп чыгышат. Бирок бул идея 60-жылдардын аягында гана ишке ашып, ЮНЕСКОнун колдоосу менен Эл аралык үлгүдөгү студенттик идентификациялык карта пайда болот.

Ошондон тартып мындай картаны дүйнө жүзүндөгү студенттер колдонуп, товар сатып алууда, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, саякатка чыгууда, коомдук транспорт ж.б. тармактарда арзандатууларга ээ болуп келишет.

Бүгүнкү күндө ISIC картасы бирден бир дүйнө жүзү тааныган студенттик документ болуп эсептелет жана ал 116 өлкөдө чыгарылат. Ал эми Кыргызстан 2006-жылы ISIC картасын колдончу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Эки жылдан ашуун убакта Кыргызстанда эки миңден ашуун студент ISIC картасына ээ болуп, ийгиликтүү колдонуп келишет.

XS
SM
MD
LG