Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Ян Васкез: Эл аралык валюта кору биз түшө турган унаа эмес


Вашингтондогу Като институтунда эмгектенген окумуштуу Ян Васкез
Вашингтондогу Като институтунда эмгектенген окумуштуу Ян Васкез

Вашингтондогу Като институтунда эл аралык каржы саясатын иликтеп жүргөн окумуштуу Ян Васкез «Азаттыктын» Эл аралык валюта корунун айланасындагы айрым суроолоруна жооп берди. Аны менен кабарчыбыз Илим Жанузаков тааныштырат.

Дүйнөлүк экономикалык кризис барган сайын тереңдеп бараткандыктан каражатка өтө муктаж өлкөлөрдү куткарып калуу үчүн Эл аралык валюта корунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керектиги тууралуу көп айтылууда. Ал ишке аша турган болсо Эл аралык каржылык кордун бюджети 250 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин чыгышы мүмкүн. Бул - экономиканы баш-аламандыкка салган жолдун гана уландысы болорун айткандар да жок эмес.

«Азаттык»: - Жакында эле Эл аралык валюта корунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгы тууралуу кеңири сөз болду. Аны көптөгөн өлкөлөрдүн каржылык кризиске кептелгени менен байланыштырышат. Сиз валюта корунун жаңы ролун кандай көрөсүз?

Ян Васкез: - Эл аралык валюта кору көп жылдардан бери эле дүйнөдө өз ордун таппай келатат. Мындан бир топ жыл мурда анын жардамы менен экономикалык кыйынчылыктардан чыгуу иш-чаралары ийгиликсиз аяктаган. Маселен, ушул он жылдыктын башында эле Аргентинаны кризистен сууруп чыгуу аракети ишке ашкан эмес. Ошондон кийин валюта корундагылар да, анын тышындагылар да кордун дүйнөдөгү азыркы орду кандай экендиги тууралуу суроолорду бере башташты. Ар бир кризис тушунда валюта кору өзүнө улам жаңы ыйгарым укуктарды энчилеп келет. Бирок барган сайын либералдашып бараткан дүйнөлүк экономикада анын чындап эле кандайдыр бир ыйгарым укуктары барбы же жокпу, бул – бүгүнкү күндүн талаштуу суроосу.

«Азаттык»: - Маселен, Эл аралык валюта корунун жаңы ролун сиз кандайча сүрөттөйт элеңиз?

Ян Васкез: - Кордун каражатын көбөйтүп, аны жолдо түрдүүчө амал менен короткусу келген адамдар бар. Муну саясий ишмерлер толук иш жүзүнө ашыра алышат. Анын үстүнө бул өз салык төлөөчүлөрүнүн каражатын короткондон жеңилирээк. Бул – албетте бай өлкөлөр үчүн өз салык төлөөчүлөрүнүн каражатын Эл аралык валюта кору аркылуу коротуу дегенди билдирет. Сунуштун негизги өзөгү - Эл аралык валюта корунун ролун кыйла кеңейтүү аркылуу бүгүнкү кыйналган мамлекеттерге жардам берүү дегенде жатат. Бирок «бул - жакшы идея» дешке же «бул 10 жыл мурдагыга караганда ийгиликтүү болот» деп ойлонушка эч кандай негиз жок.

«Азаттык»: - Муну демек, жөн гана Эл аралык валюта коруна дүйнөлүк экономикалык кризис менен күрөшүү үчүн көбүрөөк каражат берүү деп айтса болот экен да?

Ян Васкез: - Корду реформалоо боюнча эки чоң сунуш бар. Биринчиси, кордун каражатын кескин көбөйтүп, аны көп мамлекеттерге жардам бере ала тургандай кылыш керек. Экинчиси, кордун ичиндеги добуштарга байланыштуу. Маселен, Кытайдын экономикасы азыр кор түзүлгөн учурдагыдан кыйла чоң болгондуктан, анын Эл аралык валюта кору ичиндеги добушу да ошого жараша болушу керек. Анткени алар корго ошончолук каражат салышат.

«Азаттык»: - Кытайга Эл аралык валюта коруна кошчу каражатын көбөйтүүсү керектигин айтышыптыр. Бирок Кытайдын кор ичиндеги добуштарын көбөйтпөй туруп мындай сунуш жасалганына ырасмий Бээжин нааразылыгын айтып жаткан экен. Бул чынында эле ушундайбы?

Ян Васкез: - Эл аралык валюта кору экономикалык эмес, негизинен саясий мекеме. Андыктан ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы, ошол саясий мекемеге канчалык көбүрөөк таасир кыла алаганында жатат. Ошол себептүү Кытайдын «көп акча кошуп атканда аз добушка ээ болбошу керектиги» тууралуу нааразычылыгы жөндүү.

Чынында, эгер биз Эл аралык валюта корунун натыйжалуулугуна ойлосок, эгер дүйнөнү каптаган экономикалык кризиске тынчсыздана турган болсок, анда Эл аралык валюта кору биз түшө турган кеме эмес жана кимдин канча добушка ээ экендиги анча маанилүү эмес. Түшкөн кемебиз туура эмес болгондон кийин кимдин канча добушка ээ болгонунан эмне пайда. Менимче, талаш-тартыштардын бардыгы кантип экономикалык кризисти жеңүү эмес эле кимдин саясий таасири көп болору тууралуу болуп кетти.

XS
SM
MD
LG