Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Президент Ахмадинежаддын "орой тилинин" жандырмагы


Президент Махмуд Ахмадинежад
Президент Махмуд Ахмадинежад

Президент Ахмадинежад эл алдында сүйлөгөндө Иранды дүйнөдөгү бакубат мамлекеттердин бири деп атаганды, Батыш өлкөлөрүн Ирандын ийгиликтери алдында алсыз экенин баса белгилегенди жакшы көрөт. Махмуд Ахмадинежад былтыр Исфахан шаарына барганда АКШны “региондун сазына төрт аягы менен баткан айбан” деп сыпаттаган.

Ал эми АКШ президенти Барак Обамага “биз силерден кубаттуу өлкөлөрдү көргөнбүз” деген мааниде айбат кылган. Башка бир жолу Вашингтон менен чогуу Иранга кысым көрсөткөн өлкөлөрдү “мойнунан каргы менен жетеленген итке” салыштырган. Август айында Израилдин жетекчилерин “акмак сионисттер” деп атап, “мени өлтүргөнгө адамдарды жөнөтүштү” деп күнөөлөгөн аларды.

Ахмадинежад эки жума мурда берген телеинтервьюда, ошондой эле кийинки аптада Тегеранда чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери алдында сүйлөп, “жок” же “на” дегендин ордуна “ноуч” деген. Бул сөз ирандыктар үчүн обу жоктуктун, оройлуктун белгиси.

- Мен Жакынкы Чыгыштагы бир өкмөт башчы менен сүйлөшүп жатканымда, ал мага АКШнын саясатчылары өтө коркунучтуу адамдар экенин айтып, ошон үчүн мени ийкемдүү болгун деди. Ал мени ишендирдим деди окшойт, бир же бир жарым сааттан кийин: “Эми өз саясатыңды бир аз жумшартасыңбы?” деп сураганда, мен “ноуч” дедим.

Албетте Ахмединежаддын көчөдө жана базарда айтылчу сөздөрдү колдонуусу, Батыш өлкөлөрүн сындап сүйлөгөнү карапайым ирандыктарга жагат.

Сүргүндөгү ирандык журналист жана жазуучу Фараж Саркухинин оюнча, Ахмадинежаддын бу сыяктуу сөздөрү жөнөкөй элдин улуттук сезимине тийүүгө багытталган:

- Жөнөкөй сөздөрдү колдонгон берегидей тил күчтүн логикасына таянат. Бул патриархалдык тил. Бул акылга таянып иш жүргүзгөнгө үйрөткөн эмес, кара күчтү даңазалаган, күчкө укук берген тил. Менимче, Ахмадинежад жана башка ага окшогондор бу тилди атайылап колдонушат. Бул сөзсүз эле алардын маданиятын билдирбейт. Бирок ушундай орой сөздөрдү калайык-калк менен байланыш түзгөнгө пайдаланышат. Мен муну демагогиянын бир түрү деп айтмакмын.

Иран парламентинин мүчөсү Насрулла Тораби жогорку кызматтагы адамдар өлкөнүн аброюна шек келтирген сөздөрдү колдонгондон сак болуш керек деп санайт. АКШнын Огайо штатындагы Веслей университетинин профессору Акбар Мехдинин айтышынча, Ахмадинежад интеллигенттик чөйрөлөр орой же олдоксон санаган сөздөрдү саясый жүйөдөн улам калың эл алдында кеңири колдонот:

-Анын (президенттин) орой сөздөрдү кайра-кайра пайдаланганы, өзгөчө, чет өлкөлөргө карата тайманбай айткан каяша сөздөрү элдин айрым катмарларына жагат.

Ахмадинежаддын көчө тилинде сүйлөгөнү элдин өзүнө ток ортоңку катмарындагы билимдүүлөр, интеллектуалдар менен реформачыл парламентарийлер эчен ирет сындашкан. Бирок Ахмединежаддын жактоочулары да көп. Алардын ичинде өкмөттүн мурдакы басма сөз өкүлү Гулам Хусейн Илхам өлкө президенти жөнөкөй эл менен жеңил байланыш түзүү максатында аларга жакын тилде сүйлөшөйт дейт. Алар профессор-президенттин билимдүү, маданияттуу адамдар үчүн орой санаган тилде сүйлөгөнүн эрөөн көрүшпөйт.

XS
SM
MD
LG