Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Тегеранда демонстрация кууп таркатылды


Тегерандагы политехникалык университеттеги демонстрациядан көрүнүш, жарандык кабарчынын сүрөтү, 7-декабрь, 2009-жыл
Тегерандагы политехникалык университеттеги демонстрациядан көрүнүш, жарандык кабарчынын сүрөтү, 7-декабрь, 2009-жыл

Ирандын коопсуздук күчтөрү 7-декабрь - Студенттер күнүндө өкмөткө каршы демонстрацияны кууп таркатты. Оппозиция бул күндөн тартып президент Махмуд Ахмединежаддын июнь айында кайра шайланышына каршы нааразылык акцияларын кайра жандандырууну көздөп жатат.

Иранда 7-декабрь - Студенттер күнү. Мындан эки күн мурда эле бийликтер чет элдик кабарчыларга үч күн аралыгында Тегерандын борборуна барууга тыю салган. Ошондуктан, 7синде Фердоуси аянтында орун алган кагылышты көз карандысыз тарап аркылуу бышыктоо мүмкүн болгон жок.

Күбөлөрдүн бири Азаттыктын иран кызматына телефондон буларды билдирди:

Студенттер Тегеран университетинин кампусунда оппозиция лидери Мир Хусейн Мусавинин атын атап, ураан чакырып жатышат. Кампустун каршы тарабындагы университеттин мечитинин жанында (өкмөтчүл) Басиж студенттери чогулуп, студенттерге каяша сөздөрдү кыйкырып, Ирандын желегин булгалап жатышканын көрүп турам. Студенттер Тегеран университетинин кан жолун көздөй баратышат. Университеттин сыртындагы Ыңкылаб айнтында чогулушту, полиция да ошол тарапка бет алды. Университеттин айланасындагы көчөлөрдү полиция, коопсуздук кызматкерлери жылчыксыз кайтарып турушат. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды видеотасмага тартып жатканын көрүп турам.

Ушул эле күбө демонстранттар менен полициянын университеттин жанындагы кагылышын мындайча сүрөттөдү:

Полиция, коопсуздук күчтөрү элди университетке жакындатпай жатат, адамдар кампустун сыртындагы жан жол менен да баса албай калды. Полиция Жумурият көчөсүндө көздөн жаш чыгарган газ чачып баштады. Ал көчөдө полиция менен эл бир бирин былчылдатып жатат.

Мунун алдында дагы бир күбө Тегерандын дагы эки аянтындагы кагылышты мындайча сүрөттөдү:

Полиция элдин чогулулттурбай жатат. Басижчилер полиция менен биригип алып, Вали Аср майданында элге чабуулга өттү. Мен азыр АмирКабир университетинин кире беришине жакын тырам, мында эл кире бериш эшикти күч менен ачып, кампустун ичине кире баштады.

Күбөлөргө ылайык, оппозициянын каршылык көрсөтүү акциялары жекшембинин түнүндө эле башталган.

Нөшөрлөп жааган жаанга карабастан, активисттер үйлөрдүн чатырларынан «Аллау Акбар», «Диктаторго өлүм» деп деп кыйкырышты. Бул тууралуу тасма интернеттеги «ЮТЮБ» (Youtube) видео сайтына коюлду.

Кабарларга караганда, оппозициячыл демонстрацияны көздөн жаш чыгаруучу газ, союл менен кууп таркаткан полиция ошондой эле Ирандын эң ири университетин курчоого алды. Күбөлөрдүн айтымында, бул мамлекет тарабынан уюштурулган демонстрацияны үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жасалды. Эл аралык кабар агенттиктерине маалымат берген бир нече күбөнүн бирөө «Тегеран университетинде жана ага жакын көчөлөрдө жүздөгөн коопсуздук кызматкерлери» жүргөндүгүн билдирди.

Тегерандагы Amirkabir университетиндеги демонстрациядан көрүнүш, жарандык кабарчынын сүрөтү, 7-декабр, 2009-жыл

Экс премьер Мир Хоссеин Мусави баштаган оппозиция июнь айындагы президенттик шайлоону бурмалоо менен өттү деп, анын жыйынтыгын таануудан баш тартып келатышат.

Мусави оппозициянын нааразылык акциялары улана бере тургандыгын каңкуулоодо. «Бийликтер бүгүнкү демонстрацияны кууп таркатсын, бирок эртең да күн бар, бүрсүгүнү да күн бар» деп жазды Мусави өзүнүн kaleme.com сайтында.

Июндагы шайлоодон кийинки толкундоолордо Ирандын динчил бийликтери жүздөгөн кишини камакка алган. Алардын түрмөдө уруп-сабалып, зордукталганы, дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтар болууда. Өз сайтында Мусави мындай кысымга карабастан, нааразылык акциялары токтобогондугун белгилейт.

Полиция жана Төңкөрүшчүл гвардия Студенттер күнүндөгү ар кандай мыйзамсыз чыгууларды катуу жазалай тургандыгын эскертишти.

Акыркы күндөрү Иранда интернет байланышынын ылдамдыгы кескин төмөндөп кетти. Бул оппозициянын өз ара байланышын үзгүлтүккө учуратуу аракети катары бааланууда. Ассошиэйтед Пресстин кабарлашынча, шаар тургундары электрондук почта кызматынан пайдалана албай калышкандарын, өкмөттүн оппозициячыл интернет сайттарын блокадасы күч алгандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG