Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Тегеранда абал тынч, бирок дүмөктүү


Тегеран -- Өткөн ишембидеги кагылыштардан кийинки көрүнүштөрдүн бири.
Тегеран -- Өткөн ишембидеги кагылыштардан кийинки көрүнүштөрдүн бири.

Тегеранда кырдаал дүмөктүү. Жекшемби күнү оппозициянын тарапкерлери айрым жерлерде чакан митингдерди өткөрүштү. Полиция ишемби күнкү тополоңго катышкан 450дөй кишини камады. Шаардын үстүнөн тикучактар айланып учуп, көчөлөрдү полиция күзөтүүдө.

Парламенттин спикери Али Ларижани атайын билдирүү таркатып, шайлоонун ырасмий жыйынтыктарынан күмөн санаган жарандардын пикирин эске алуу зарылдыгын белгиледи. Сакчылар кеңешин ал ар бир арызды кылдат териштирип чыгууга чакырды.

Дүйшөмбү күнү Сакчылар кеңеши 50дөн ашуун шаарда бүллүтөндөр шайлоочулардын санынан көп болуп чыкканын моюнга алды, бирок анын баары жалпы эсепте санактардын натыйжасын өзгөртө албайт деп билдирди.

Тышкы иштер министрлиги соңку окуялар үчүн кайрадан Батыш өлкөлөрүн айыптады. Министрликтин өкүлү "Европанын көп өлкөлөрү жана Америка адамдарды демократиялык каражаттарды колдонуп,өз талаптарын мыйзамдуу жол менен туюнтканга үндөгөндүн ордуна жалпысынан козголоңчулар менен оппортунисттердин таламын талашканга өтүп алышканына" ачууланды.

Вашингтондо жана Лондондо жайгашкан маалымат каражаттарын министрликтин өкүлү "көчөдөгү ээнбаштарга тикелей буйрук берип жаткан командалык пунктка" салыштырды, чет элдик кабарчыларды маалыматтар менен жабдыган ирандыктарды" болсо өз өлкөсүнө чыккынчылык кылып жаткандарга" кошту.

"Батыш өлкөлөрү менен маалымат каражаттары анархизмге,баш аламандыкка жана жапайычылыкка колдоо көрсөтүп жатканы таптакыр кабыл алгылыксыз нерсе",- деп кошумчалады ал.

Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму таркаткан маалыматтарда акыркы бир апта ичинде Иранда 24кө жакын журналист жана блоггер камалганы айтылат. "Иран бийликтери кабарчыларды кароолго алган башкы бута кылып алышты",-деп ырастайт бул уюм.

Канадалык Newsweek журналынын кабарчысы камалды,Би-Би-Синин туруктуу иштеген өкүлүн өлкөдөн чыгарып салышты. Шайлоону калыс баяндап көрсөтпөгөнү үчүн "Ал-Арабия" телеканалынын Тегерандагы кеңсеси биротоло жабылды. Чет элдик бардык маалымат каражаттарына Ирандагы нааразылык жыйындары жана жүрүштөрү жөнүндө кабарлаганга, түз алып репортаждарды көрсөткөнгө жана уктурганга тыюу салынды.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибанд ырасмий Тегерандын айыптарын караманча четке какты.

Германиянын канцлери Ангела Меркел "шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу күмөн-күдүктөрдүн баарын добуштарды ачык-айрым, зарыл болсо эл аралык байкоочулардын катышуусу менен кайра санап чыгып чечүү керектигин, акыйкат ошондо аныкталарын" айтып, "мындан өткөн мыкты жана жөнөкөй жол" жок экенин көрсөттү.

Акыркы бир аптадагы окуялар иран коомуна жик салганга жетишти. Экс-президент Хашеми Рафсанжиге санаалаш партиялардын бири Мир Хоссейн Мусавини "легитимсиз режимге каршы узак мөөнөттүү кампания жүргүзө алар саясий блок түзүүгө" чакырды. "Мусави эми бүткүл оппозицияны бир чамгарак астына баш коштура турган лидер болушу керек",- деп билдирди аталган партиянын өкүлү Хосейн Мараши The Financial Times гезитине телефон аркылуу берген интервьюсунда.

Бирок басылма белгилегендей, капысынан келишкис оппозициянын лидерине айланган Мусави азыркы бийликке каршы катаң позицияда тура алабы-жокпу, маселе ушунда. Ал өзүнүн тарапкерлерин тынч мүнөздө күрөштү улантканга чакырып, полицияга аларга күч колдонбогула деп кайрылды.

Тасмада: Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык

Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG