Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Батыш өлкөлөрү Иранды ийледи


БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрү Ирандагы адам укуктары былтыр демонстрациялар менен коштолгон шайлоодон кийин кескин начарлаганын айтышты.
БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрү Ирандагы адам укуктары былтыр демонстрациялар менен коштолгон шайлоодон кийин кескин начарлаганын айтышты.

Батыш өлкөлөрү Ирандагы адам укуктарынын абалына олуттуу тынчыздануу билдиришти. Расмий Тегерандын дарегине карата сын Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында айтылды. Аталган эл аралык мекеме 2006-жылы түзүлгөндөн бери Ирандагы адам укуктарынын абалына биринчи жолу кайрылууда.

Женевадагы талкууда Иран бийлигинин былтыркы талаштуу шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип көчөгө чыккандарды айоосуз жазалоо ыкмалары бөтөнчө сынга алынды.

Батыштын баасы

Жыйын катышуучулары ичинен Франциянын БУУдагы элчиси Жан Батист Маттеи Ирандагы адам укуктарынын абалы 2009-жылдын 12- июнундагы президенттик шайлоодон кийин начарлаганына басым жасады:

- Кырдаал соңку сегиз айда абдан начарлап кетти. Бийликтер укугун тынч жол менен талашкан өз элине каршы кандуу репрессия жүргүзүүдө.

Оппозиция жактоочулары шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдиргенден кийин “бейкүнөө жарандардын” репрессияга “адилетсиз” кабылышын Кошмо Штаттар да сынга алды. Мамлекеттик катчынын орун басары Майкл Поснер өз сөзүндө буларга токтолду:

- Өткөн июндан бери миллиондогон ирандыктар 2009-жылдагы шайлоо жараяны жана алардын универсалдык укугунун ишке ашуусу боюнча мыйзамдуу тынчыздануусун билгизүүнү көздөдү, Иран өкмөтү алардын нааразылыгын басты, көп учурда зордук-зомбулукка барды. АКШ өкмөтү жакындагы зордук-зомблулук аракеттерин, бейкүнөө жарандардын төө бастыга адилетсиз алынышын чечкиндүү айыптайт.

АКШ өкүлү ага катар Иранды сөз эркиндигине коюлган чектөөнү жоюуга, саясий айыпкерлерди кыйноону, диссиденттер үстүнөн көргөзмө сот өткөрүүнү токтотууга үндөдү. Ирандагы абал боюнча ушуга окшош эле ойлорун Британия менен Германия делегациялары да айтышты.

Өткөн жылдын 12-июнундагы шайлоонун биринчи айлампасынан бир нече сааттан соң эле азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддын жеңүүчү деп жарыяланышы ири демонстрациялар менен коштолгон эле. Оппозициянын добуштар бурмаланды деп эсептеген миңдеген жактоочулары көчөгө башкалаа Тегеранда эле эмес, башка шаарларда чыгышкан.

Оппозициянын "Жашыл" кыймылы шайлоо жыйынтыгы боюнча нааразылыгын ыңгайы келе калган учурда билдирүүгө азыркыга чейин аракеттенип келүүдө. Демонстрациялардын артынан оппозицияга каршы башталган куугунтук 2000ден ашуун активисттин жана адам укугун коргоочулардын камалышына алып барды. Алардын бир нечесинин иши сотто каралды. Шайлоодон кийинки тополоңдорго тиешеси бар деп табылган эки адам атүгүл өлүм жазасына да тартылды.

Жабылган түрмө

Иран бийликтери болсо былтыркы шайлоону демократиянын туу чокусу деп эсептейт. Тегерандан келген делегация Женевадагы талкуу учурунда да ушул турумун коргоду жана Батыш өлкөлөрүн кош стандартты карманып жатканы үчүн айыптады.

Делегация башчысы Мохаммад Жавад Ларижанинин айтымында, Иран адам укуктарын коргоо үчүн нукура жана узак мөөнөткө эсептелген саясат жүргүзүүдө. Ал мисал ирээтинде шайлоодон кийин камалгандардын кеминде үчөөсү кыйноодон көз жумган Кахризак камак жайы дароо жабылышын келтирди:

- Мен ал жай укук бузуулар бар экендиги билинген соң жыйырма төрт саатка жетпеген убакыттын ичинде жабылганын баса белгилеп кетким келет. Келгиле, Гуантанамо жана Абу Грейб түрмөлөрү менен салыштыралы. Алар ушундай тездик менен жабылдыбы же жокпу?

Жыйын учурунда Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Иранда диний азчылыктар: суфизм жана бахизм өңдүү агымдардын жолун жолдогондор куугунтукталып жатышын да сынга алышты. Тегерандык өкүлдөр болсо мындай ырастоорлорду четке кагып, таанылган диний жана улуттук азчылыктардын баарынын укугу бирдей экенин белгилешти.

Өнөктөштөр колдоосу

Жыйында Иранды колдоп чыккан өлкөлөр да болду. Алардын катарында Куба, Венесуэла да бар. Тегерандын Латын Америкасындагы өнөктөштөрүнүн бири – Бразилиянын өкүлү Адам укуктары боюнча кеңештин отурумуна келгенинин өзү эле Ирандын бул маселеге көзү түз экендигин көргөзүп жатканын белгилесе, Орусия анын сабатсыздыкка каршы күрөшүн мактады:

- Ирандын адам укуктары чөйрөсүндө стратегиялык аракеттенүү планын иштеп чыгуу ниети жана адам укуктары боюнча улуттук мекеме түзүүнүн караштырып жатканы колдоого арзыйт. Биз Иран сабатсыздыкка каршы күрөштө ийгиликке жетишкенин белгилейбиз.

“Адам укуктарынын трагедиясы”

БУУнун Адам укуктары кеңешинин Иран боюнча жыйынын Тегеранды адам укугун бузуулар, өзгөчө өспүрүмдөрдү өлүм жазасына тартканы, шайлоо соңунан камалгандарга катаал мамиле жасаганы журналисттерди абакка салганы үчүн айыптап келе жаткан укук коргоочулар чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.

Өткөн жума күнү эле адам укугун коргоочу, Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади дүйнөнү кеч болуп кала электе жардам көргөзүүгө чакырган:

- Эгер Иранда ушундай кырдаал улана бере турган болсо, мен эскертим койгум келет, жаштар өкмөттүн зордугуна мындан ары чыдай албай калган күн келет. Анда алар аркандын аягына чейин барат. Мен мекенимдеги жаштарды тынч демонстрацияларга гана чыгууга качанга чейин чакыра алам. Мен эртең кеч болуп калат дегенде, дал мына ушуну эске алып жатам. Анда Иранда адам укуктары трагедияга кабылат.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Женевадагы кечээги талкуу боюнча баяндамасын 17-февралда чыгарган жатат. Чек арасыз кабарчылар уюму Иран өкмөтү адам укуктарын олуттуу бузганы үчүн айыптоо алынышы керек деп эсептейт. Бирок Улуттар уюмунун мекемеси мындай кадамга барарынан күмөн санагандар да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG