Буга чейин Иранды санкциялар менен жазалоого негизинен АКШ демилгечи болуп келген эле. Бейшемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде бу маселени Франциянын өкүлү көтөрдү. Француздардын туруктуу элчиси Жерар Аро Тегеранга экономикалык жаңы жазаналарды жарыялоонун маалы келгенин билдирди.
"Биз бу проблеманы чечкибиз келет. Бирок кайталап айтып кетейин: биз карманган тактика эки ачакей болуп келатат. Бир жагынан сүйлөшүүлөрдү сунуш кылып, экинчи жактан Иранга кысым көрсөтүп жатабыз. Биздин баамыбызда эми ушундай кысымды күчөтө турган учур келди. Франция ушундай пикирде",-деп айтты элчи.
Бул сунушту Британия менен АКШ колдоду. "Убакыт аз калды, Ирандын жообун уга элекпиз, бу алардын, жалпы эле эл аралык жамааттын таламдарына ылайык келмек", -деп эскертти АКШнын элчиси Сюзан Райс.
Райс Иранга президент Обама ушул жылдын этегине чейин мөөнөт бергенин бышыктады. Эгер жаңы жылга чейин Тегерандан эч кандай ишаара болбосо Коопсуздук Кеңеши жаңы санкциялар маселесин эмдиги айдын башталышында караштыра башташы мүмкүн.
Коопсуздук Кеңешинин санкциялар боюнча комитетинин отчетун талкуулаган бу жыйында Кытай менен Россия кайрадан сабырдуулукка чакырышты. Кытай элчиси дипломатиялык күч-аракеттер үчүн дале убакыт бар деп эсептейт. Бул ойго орус элчиси кошулду.
"Ирандын атом программасына байланышкан жагдай татаал бойдон турат, -деп айтты Виталий Чуркин. – Тилекке каршы, ирандыктар олуттуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштаганга мүмкүндүктү көрбөй жатышат. Бирок "алтылык", анын ичинде Россия сүйлөшүүлөрдү жандантуу мүдөөсүнөн айный элек. Бул сүйлөшүү Ирандын программасына байланышкан бардык маселелерди чечүүгө багытталган". Орус элчиси Кеңештин мүчөлөрүн ишти бүлүнтүп алгандан этиет болуу керек деп үндөдү.
Буга удаа Евросоюз атайын билдирүү жарыялап, Коопсуздук Кеңешинде жаңы санкциялар тууралуу чечим кабыл алынса, ага толук кошула турганын ырастады.
Билдирүүдө Тегеранга дагы жети апта мөөнөт берүү сунуш кылынат. Ушул аралыкта Тегеран коюлган шарттарды аткарбаса, анда январдын этегинде шаркеттин тышкы иштер министрлер жыйыны санкциялардын жаңы топтомун талкуулайт.