Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Иран: президенттикке талапкерлердин алды белгилүү боло баштады


Иранда мурдагы президент Мохаммед Хатами алдыдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Муну менен ал быйылкы шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинеджадга негизги атаандаш болчудай.

Алтымыш беш жаштагы Мохаммед Хатами президенттик кызматта 1997-2005-жылдардын аралыгында турган. Ирандын Конституциясы боюнча бир адам катары менен эки мөөнөт гана президент боло алат. Андан кийин кызматтан чегинүүсү керек, бирок бир мөөнөт тыныгуудан кийин кайрадан талапкер болууга укуктуу. Андыктан бийликтен кеткенине төрт жыл болгон соң Хатами быйыл июнь айына белгиленген шайлоого катышарын ушул жекшемби күнү Тегеранда реформачыл саясий топтун жыйынында жарыялады.

"Мен шайлоого талапкер болорумду олуттуулук менен жарыялайм, ыңкылаптын тагдырына кайдыгер карап, шайлоого катышуудан кетенчиктөөгө болобу, биз шайлоо эркин жана мыйзамдуу өтүүсүнө көңүл бурушубуз, калк жигердүү катышуусун камсыздашыбыз керек",- деди Мохаммед Хатами. Анын бул сөздөрүн чогулгандар кол чабуулар менен тосуп алышты.

Хатаминин шайлоого талапкерлигин коюп жатышы шайлоочуларга аны же азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддын бирин тандоого мүмкүндүк берчүдөй. Ахмадинежаддын бийликтеги биринчи мөөнөтү Ирандын шектүү өзөктүк программасынан улам Батыш менен Тегерандын тиреши күчөп, эки тараптын мамилеси кескин начарлоосуна алып барды. Ал эми Хатами президенттик кызматта турган жылдары тышкы саясатта Батыш менен ымала түзүүгө, ички турмушта болсо саясий жана социалдык өзгөрүүлөр үчүн аракет жасаган. Бирок бийликтин маанилүү тепкичтеринде турган эскичил күчтөр реформалардын көбүн алдыга жылдырбай, Хатамиге колдоочуларын жоготууга туура келген эле.

Махмуд Ахамадинежаддын тушунда болсо Ирандын Батыш менен мамилеси курчуду. Мекенинде болсо ал экономиканы жөндөй албаганы үчүн сынга алынууда. Өткөн жылы Иранда инфляциянын деңгээли дээрлик 30%ды түздү. Реформачылар Ахмадинежаддын тышкы саясатка арналган "курч" сөздөрү Иранды эл аралык коомчулуктан ого бетер изоляциялаганын айтышат.

Анткен менен жарышка мурдагы президент Мохаммед Хатаминин жана башкалардын чыгышы эскичилдердин кээ бирлери Ахмадинежадды сынга алышканына карабай, алардын реформачыларга каршы өз ара биригүүсүнө алып баруусу мүмкүн.

Бирок аналитиктердин айтымында, шайлоо жыйынтыгы Ахмадинежад Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменейиден колдоо алар-албасына барып такалат. Аятолла Ахмадинежадды бир ирээт эл алдында мактаган жана анын сөздөрү миллиондогон адамдын добушун алып бериши мүмкүн. Тегерандык журналист Иса Сахархиз мындай дейт:

- Анын (Хатаминин) алдында турган чоң көйгөй кош механизм менен аракеттенген өлкөдө иштегендик. Анын бир жагы шайлоого, экинчи жагы кызматка дайындоолорго негизделген. Экинчи бөлүктү колдогондор демократияга же адамдардын добушуна эмес, жогорку диний лидерге артыкчылык берүүнү жактагандар. Бул топ реформачылардын өз планына ылайык аракеттенүүсүнө жеңил эле жол бербейт.

Иран парламентинин мурдагы реформачыл депутаты, азыр АКШдагы Массачусетс Технология институтунун иликтөөчүсү Фатима Хагихатжо Мохаммед Хатаминин бедели азыркы президенттикине караганда жогору жана консерваторлор аны өткөрбөөгө аркеттенишет, бул үчүн мыйзамсыз чараларга да барышат деп эсептейт. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде ал Хатаминин шайлоого катышуу чечими тууралуу төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

- Мунун жүйөөсү - Иран кабылган терең кризистер. Учурдагы өкмөттүн эби жок башкаруусунан улам Иран ушундай абалга кептелди, соңку жылдары ал согуштун босогосунда турду, улуттук ажырым тереңдеди. Өлкөнүн чалгын министринин негизги баш ооруусу - жибек же түстүү ыңкылап. Бул коомдогу саясий атмосферанын мурдагыдан да жабык болуусуна алып барууда. Хатами шайлоого катышуусу бул кризистерди азайтууга жардам бере алат деп сезди.

Бирок президенттигинин соңунда Мохаммед Хатамиден ал өлкөгө өзгөрүү алып келүүдө чечкиндүүлүктү көргөзө алган жок деп эсептеген кээ бир колдоочуларынын көңүлү калгандай болгон эле.

Маселен студенттер бир кезде Ирандагы реформачыл кыймылдын алдыңкы сабында турушчу, азыр алардын үнү анча угулбай калды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG