Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Иранда кезектеги «шпион-журналист» соттолууда


Теги ирандык америкалык журналист Роксана Сабери
Теги ирандык америкалык журналист Роксана Сабери

Шейшемби күнү Тегеранда америкалык журналист Роксана Саберинин соту башталды. Сабери айым январдан бери абакта болчу. Теги ирандык журналистке АКШнын пайдасына шпиондук кылды деп күнөө коюлууда.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Чекарасыз кабарчылар уюму шейшемби күнү теги ирандык америкалык журналист Роксана Сабериге коюлган айыпты негизсиз деп, журналистке эркиндик берилишин талап кылды. Бул окуя жөнүндө уюмдун Иран боюнча талдоочусу Реза Моини “Азаттыкка” интервью берди.

“Азаттык”: Иранда буга чейин да журналисттер шпиондук кылды деп соттолгон. Муну серепчилер сөз эркиндигин чектөө катары баалашкан. Роксана Сабери шпиондук кылды деп айтууга негиз барбы?
"Иран журналисттер үчүн Жакынкы Чыгыштагы эң чоң түрмө саналат. " Реза Моини, Чекарасыз кабарчылар уюмунун изилдөөчүсү.


Иран-Журналисттер бирикмесинин энбелгиси
Реза Моини:
Жалгыз эле Роксана Сабери эмес, 2000-жылдан бери Иранда шпиондук кылды деп айыпталган журналисттердин күнөөсүн эч бир сот далилдей албайт. Чекарасыз кабарчылар уюму айыптоолор негизсиз экенине ишенет жана соттун жабык өтүп жатканы анын бир далили. Журналисттерге жана бейтарап байкоочуларга Саберинин күнөөсүн ырастаган далилдер берилген жок.

“Азаттык”: Бул иштин артында эмне жүйө бар деп ойлойсуз? Айрымдар муну Обама администрациясынын өз ара сүйлөшүү жөнүндөгү демилгесине каршы ирандык консерваторлор уюштурган чагым деп баалашууда. Сиздин оюңуз кандай?

Реза Моини: Бул чын болушу этимал. Мурда да бир нече ирандык-америкалык жаран ушундай жүйө менен Иранда соттолгон. Роксана Саберини Иран Ислам республикасы туткундарды алмашуу үчүн колдонушу мүмкүн. АКШнын абактарында каруу жарак сатты деп айыпталган жана башка кылмыштар менен соттолгон бир нече ирандык отурат. Ирандын революциячыл гвардиясынын бир катар жооптуу кызматкерлери Ирактагы АКШлык күчтөрдүн колунда кармалууда. Ушул мисалдарга таянып, бүтүм жасай бериңиз.

“Азаттык”: Ушундай иш менен Иранда соттолгон бир нече ирандык-американдык кийинчерээк эркиндик алып, Кошмо Штаттарга кайтып келишкен. Роксана Сабери да ошондой болот деп ойлойсузбу?

Реза Моини: Биз Сабери эч кандай кылмыш жасабагандыктан, тез арада боштулат деген үмүттөбүз. Иранда бийликтин түрдүү борборлору бар. Сотту түрдүү топтор эларалык маселелдеги өзара келишпестиктерди жөндөө үчүн пайдаланып жүрүшөт. Муну биз башка да журналисттер соттолгондо көргөнбүз.

“Азаттык”: Азыр Ирандын түрмөлөрүндө канча журналист отурат? Аларга кандай айып тагылган?

Реза Моини: Ушу тапта Ирандын абактарында жети журналист жана эки блоггер бар. Алардын үчөө: Эднан Хасанпур, Мохаммад Садык Кабудванд жана Мохаммад Хасан Фалаизаде шпиондук кылды деп, узак мөөнөткө кесилген.

Азаттык”: Ирандагы сөз эркиндигинин абалы кандай?

Реза Моини: Иранда сөз эркиндиги жок. Иран журналисттер үчүн Жакынкы Чыгыштагы эң чоң түрмө саналат. Журналисттер кесиптик ишине эч тиешеси жок жүйөлөр менен далилсиз айыпталып, дайыма кылычтын мизинде жүрүшөт.

“Азаттык”: Ырахмат.

XS
SM
MD
LG