Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

Ширин Эбади: Иранда президенттик жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек


Ирандын борбору Тегеранда бийик имараттардын төбөсүндө толкуган элге ок ачууга даяр автоматчандар пайда болду.
Ирандын борбору Тегеранда бийик имараттардын төбөсүндө толкуган элге ок ачууга даяр автоматчандар пайда болду.

Ирандык таанымал укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйылыгын лауреаты Ширин Эбади өлкөдө жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүшү зарыл деп санайт. Эбади айым “Азаттык” радиосуна берген интервьюда, шайлоонун жүрүшүнө көз салуу үчүн Иранга эларалык байкоочулар чакырылууга тийиш деген да пикирин айтты.

Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты Ширин Эбадинин айтышынча, ирандыктар Махмуд Ахмединежад орой мыйзам бузуулар менен президент шайланганына нааразы:

Адам укугун коргоочу жана Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты Ширин Эбади.
-Ирандыктар шайлоонун жыйынтыгына толук ишенишпейт. Миллиондогон адамдар көчөгө чыгышып, өз талаптарын тынч жол менен билдиришүүдө. Тилекке каршы, элдин тынч демонстрацияга чыккан элге зобун-зордук көрсөтүлдү. Көчөгө чыккандардан кеминде сегиз адам өлдү. Тегеран университетинде коопсуздук күчтөрүнүн чабуулунан бир киши жан берди. Көптөгөн адамдар жарадар болду. Бийликтин зобундугу элди, парламент мүчөлөрүн кыжырдантты. Кээ бир профессорлор нааразылык билдиришти. Минтип отурса бийлик элдин талабын эске алат деп ойлойм.

Маалыматтар булактарынын кабарлашынча, кагылышта жети адам өлгөн. Ыңкылапты күзөтүү кеңеши талаштуу аймактарда добуштарды кайра саноого макулдугун билдирди. Ал эми Ширин Эбадинин пикиринче, бийлик эң алды тынч демонстрацияга чыкканы үчүн камакка алынган бардык адамдарды токтоосуз абактан бошотууга тийиш:

- Өз нааразылыгын тынч билдиргени үчүн эле камалгандардын ичинде адам укугун коргоочу Абдул Фатах Султани, мурдакы вице-президент Мухаммад Али Абтахи, реформачыл саясатчы, ден соолугу начар абалдагы Саид Хажариян жана башкалар бар. Камалгандардын баарын атап чыкканга көп убакыт кетет.

Ширин Эбади эларалык байкоочулардын катышуусу менен жаңы президенттик шайлоо өткөрүү - азыркы шартта бирден бир туура чечим болот деген ишеничте:

- Менин оюмча, азыркы жагдайда добуштарды кайра саноо эч нерсени чечпейт. Жаңы шайлоо эларалык уюмдардын көзөмөлү астында өтүш керек. Ошондо бардык тараптар үкөктөгү бюллетендер элдин чыныгы добушу деп ишенишмек.

Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменеи Махмуд башка талапкерлердин нааразылыгына карабай, Ахмединежадды экинчи мөөнөткө президент шайлануусу менен куттуктады. Ахмединежад өзү шайлоо калыс өттү деп эсептейт. Ошон үчүн бийлик жаңы шайлоо өткөрүүгө көнбөсө эмне болушу мүмкүн?

- Болочок жөнүндө айтуу кыйын. Мен андыктан азыркы кырдаал жөнүндө сүйлөгөндү оң көрөм. Иран эли жана дүйнө ишенген эларалык уюмдардын көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүлсө, бул эң туура чечим болот деп айтаар элем.

Ширин Эбади сөзүнүн аягында, 12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбеген жана Ахмединежаддын эки мөөнөткө президент шайлануусуна нааразы болуп көчөгө чыккан бардык адамдар демонстрацияны тынч өткөрүүнү каалашканын баса белгиледи.

Видео тасма.


Тегеран метросундагы нааразылык жыйын
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00



Тегеран метросундагы нааразылык жыйын


12-июндагы шайлоонун расмий жыйынтыгына макул болбогон ирандыктар Тегеран метросунда чогулуп, бийликке нааразылыгын билдирип жатышты. Facebook.

XS
SM
MD
LG