Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Иранда аялдар «жашыл» демонстрациялардын алдыңкы катарында


Неда Ага Солтани Тегерандагы демонстраяда окко учту
Неда Ага Солтани Тегерандагы демонстраяда окко учту

Ирандагы азыркы толкундоолордун мезгилинде жекшемби күнү Неда деген кыз ок жеп көз жумганын видеодон бүт дүйнө көрдү. Көз ачып жумганча Неда Ирандагы козголуунун символу болуп калды. Анын курман болушу Иранда аялдар күнүмдүк турмушта гана эмес, соңку демонстрацияларда да олуттуу роль ойноп жаткандыгын айгиледи. Демонстранттардан тартып, саясатчылардын жубайларына чейин ирандык аялдардын добушу бүгүн катуу да, даана да чыгып турган чак.

Неданын камера алдында көз жумганын видео аркылуу бүт дүйнөгө тараганда аны элеси көргөндөрдүн көңүлүнө түбөлүккө кадалды болуш керек. Айрымдар Неда окко учкан 20-июнду анын аты менен атоону сунуш этишүүдө.

Неданы Тегерандын жанындагы Бехест Захра көрүстөнүнө эртеси эле шашылыш көөмп салышканы кабарланды. Бийликтер дүйшөмбү күнү аны Тегеран мечитинде эскерүүгө уруксат берген жок.

Неда - 12-июндагы президенттик шайлоодо добушун алдаттык деп, көчөгө чыккан миңдеген аялдардын бири гана. Иш жүзүндө шайлоодогу бурмалоолорго каршы нааразылык акциясын баштоого чакыргандардын биричилери аял болгон:

– Шайлоодон кийин талапкерлердин колдоочуларына кандай кеңеш бере аласыз? деген журналисттин суроосуна экс-президент Рафсанжинин аялы «алдамчылык болсо көчөгө чыгышсын» деген эле. Ал эми анын кызы Фаез Хашеми демонстрацияга катышам деп камакка түшүп чыкты. Хашеми жана башка ирандык кыз-келиндер президент Ахмединежадга жеңилип калды деп жарыяланган Мир Хосеин Мусави же дагы бир реформист Мехди Карруниге добуш беришкен. Себеби бул талапкерлер аялдардын укугун жакшыртууга убада кылышкан.

Ал эми Иранда аялдар олуттуу дискриминацияланат, мисалы ажырашканда, бала багууда күйөөсү менен тең укукка ээ эмес. Ошондой эле күйөөсүнүн же атасынын уруксаты менен гана чет өлкөгө чыга алат.

Ошол эле мезгилде алар университет студенттеринин арасында 65 пайызды түзөт, көп тармактарда алардын үлүшү өсүп барат. Мусавинин аялы Захра Рахнавард – мурда университеттин ректору, экс-президент Мохаммад Хаттаминин кеңешчиси болгон. Рахнавард күйөөсүнүн шайлоо өнөктүгүнө такай аралашып жүрдү, эл алдында сөз сүйлөдү, интервю берди, макала жазды. Ал эми шайлоодон кийин студенттер менен эки ирет жолугушуп, «Мусави адамдардын укугун коргоо максатынан кайра тартпайт» деп ишендирди.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад да аялдарга кошумча укук берүүгө убада кылган, жана аны айрым аялдар колдоду. Бирок Азаттыктын фарси кызматы кайрылган бир катар айымдар 12-июнда алар Ахмединежадга каршы добуш бергенин, себеби аны аял укуктарынын жана эркиндиктердин душманы деп эсептешээрин билдиришти.

Тегерандык таанымал феминист Насрин Сотоде Азаттыкка аялдардын Ахмединежадга каршы чыгышынын себебин мындайча түкшүмөлдөдү:

– Ахмединежад бийликте турган акыркы 4 жылда аялдардын жыйындарына кол салышты, канча аялды сотко улам чакырып, соттолду, узак мөөнөткө кесилди. Кийген кийими, сырткы көрүнүшү үчүн аларга такай кол салуулар болуп келатат. Алардын сабап кетишет.

Өткөн аптада Тегерандагы тынчтык мүнөздөгү демонстрацияларда ар кыл жаштагы, коомдун ар кыл катмарынан чыккан аялдар катышты. Айрымдары көрнөк көтөрүп, полициянын союл көзөгөнүнө карабай, ураан чакырса, башкалары исламдык Басиж милициясына, жөнөкөй кийимчен тыңчыларга кол кайрышты. Бир кыз полиция кызматкерин тепкилеп жаткан видео ирандыктар арасында кеңири таркады. Ал эми бир сүрөттө паранжычан аял коопсуздук кызматкерлери сабап жаткан эркекке арачы түшкөндүгүн көрүүгө болду.

Полиция аял-эркекке караган жок. Аялдарды сабап, кээде катуу жарадар кылышты. Толундоолордун мезгилинде окко учкандардын арасында аялдар да болду. Бирок азыркы кризис эмне менен бүтсө да, Иран Исламдык Жумуриятында кыз-келиндер чектелүү укуктары менен кала берүүгө макул эмес экендиги, Петөфи айтмакчы, азаттык үчүн тик карап, өлүмгө да барууга даяр экендиги айгине болууда.

XS
SM
MD
LG