Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Иракта жаңы парламентке добуш берүү аяктады


Шайлоо учурунан көрүнүш
Шайлоо учурунан көрүнүш

Бул 2003-жылдагы АКШ баштаган, Саддам Хусейндин режиминин кулашына алып келген оккупациядан кийинки экинчи жалпы элдик шайлоо. Анда 80ден ашык саясий уюмдан 6200 чакты талапкер Өкүлдөр палатасындагы 325 орун үчүн ат салышты.

Иракта 19 миллион кишинин добуш берүүгө укугу бар. Багдадда шайлоо бекеттери ачылгандан берки жардыруу, кол салууларда аз дегенде 24 киши каза тапты.

Тополоң-тозго карабастан, баш калаада бул аял добуш берип жаткандыгын билдирди:

– Мен уулумдан айрылганым үчүн шайлоого баратам. Бул менин жообум. Уулуман айрылсам да, добушумдан айрылгым келбейт.

Багдаддан башка шаарларда да жардыруулар болуп, бирок курмандыктар тууралуу кабарланган жок. Шайлоонун коопсуздугун камсыздоо аракетинде, өлкө боюнча миңдеген ирактык жана америкалык аскерлер жайгаштырылды.

Шайлоочулар Саддам Хусейн кеткенден кийин саясий сахнада үстөмдүк кылган шийит исламчыл партиялары менен, алардан секулярдуу турумдары партиялардын ортосунан тандашууда. Шийит өкмөт башчысы Нури ал-Малики өзүнүн «Мыйзамдуулук коалициясы» аркылуу кайра төрт жылга шайланууга далалаттанууда. Ирактан бул шайлоодон жарым жыл өтпөй, америкалык согуштук күчтөр алынып кетмекчи.

2005-жылдагы парламенттик шайлоодо сунилер аны бойкоттоп, диндер аралык араздашуулар бир нече жылга созулган. Бул ирет сунилердин көбү зордукчулуктан баш тартып, добуш берүүгө активдүү катышат деп күтүлүүдө. Жергиликтүү байкоочулар азырынча добуш берүү план боюнча өтүп, ири мыйзам бузуулар болбогондугун билдиришти.

Иракта парламенттик шайлоо өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG