Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Ыйык Мария чиркөөсүнүн айыбы не?


Ирактык жарандар Багдаддагы Ыйык Мария чиркөөсүнүн сыртындагы жекшемби күнкү чабуул болгон жерди карашууда. 1-ноябрь 2010
Ирактык жарандар Багдаддагы Ыйык Мария чиркөөсүнүн сыртындагы жекшемби күнкү чабуул болгон жерди карашууда. 1-ноябрь 2010

Багдаддагы католик чиркөөсүндө барымтага алынган динзарларды бошотуу учурунда 52 киши набыт болгону маалымдалды. Өлгөндөр арасында динзарлар, коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана согушчандар бар.

Согушчандар жекшемби күнү оболу Багдаддагы баалуу кагаздар биржасына кол салышкан. Андан соң биржанын маңдайындагы Ыйык Мария чиркөөсүнө чабуул жасап, кечки ибадатка чогулган 120дай католик динзарын барымтага алышкан. Иракта 1,5 миллионго жакын тарса христиандар жашайт.
Ирак. Шииттердин Мехди армиясынын жоокерлери Улуу Аятолла Мухаммед Садык ас-Садрдын өлгөнүн эскерип, аскерий парадддан өтүшүүдө. Нажаф шаары. 13-октябрь 2010


Аманаттан бошотулган католик жигит согушчандар чиркөөнү басып алардан мурда көчөдөн катуу жардырууну, аны коштой октун үнүн угушканын айтат: "Куралчандар чиркөөгө киргенден мурда ок чыгарышты. Биз чиркөөдө сыйынып жатканбыз. Алар бизди залда барымтада кармашты жана ура башташты".

Ирактагы “Ал-Каида” менен байланыштагы “Ирак ислам мамлекети” деп аталган топ чабуулду алар уюштурганын өз сайтында билдирди. Алар Египеттин копт христиандарынын чиркөөсүндө кармалып жаткан жана ислам динине өтүүнү каалаган же кабыл алган эки аял бошотулмайын “Ирак тарсаларын кыра беришээрин” эскертти.

2004-жылы да Багдад жана Мосул шаарларындагы беш чиркөөгө, анын ичинде Ыйык Мария храмына бир маалда чабуул жасалып, 12 киши набыт болгон.

Согушчандар католик чиркөөсүнө кол салгандан эки күн мурда Дияла провинциясындагы кафеге чабуул жасап, 21 кишинин өмүрүнө зобун келтирген.

Ирактын коргоо министри Абдул Кадыр Обейди барымтадагы адамдарды бошотуу операциясы ийгиликтүү болгонун билдирди:

- Ийгиликтүү өткөрүлгөн операциянын натыйжасында таатка катышкан адамдардын көпчүлүгү куткарылды. Бардык согушчандар жок кылынды. Шектүү делгендер да өлтүрүлгөнүн айтпадымбы. Башынан эле алардын бардык телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап жаттык. Топтун ичинде ирактык эмес адамдар бар экенинен эч кандай шек жок. Тергөө алардын кайсы өлкөдөн экенин аныктайт.

Ирактын ички иштер министринин орун басары Хусейн Камал жакынкы күндөрү чиркөөлөргө кол салуу көбөйүшү мүмкүн деген чочулоосун билдирди.

Бу тушта Ирактагы саясый кризис уланууда.Марттагы парламенттик шайлоодо оппозициячыл “ал-Иракия” блогу премьер-министр Нури Малики башындагы Улуттук альянстан эки мандат көп уткан. Бирок, алардын 91 мандаты 325 орундуу парламентте жаңы өкмөттү түзүүгө жетишсиз жана алар Маликин премьер болушуна каршы. жана алар Маликин премьер болушуна каршы. Ошентип, Иракта жети айдан бери жаңы өкмөт түзүлө элек, а саясый кризис уланууда.
.

XS
SM
MD
LG