Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Израил-Сирия ортосундагы сүйлөшүүлөр жанданабы?


Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху.
Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху.

Израил менен Сириянын ортосунда Түркиянын арачылыгында башталып, Газа окуяларынан улам токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрү кайрадан жанданышы мүмкүн экени тууралуу аймактан такталбаган кабарлар чыга баштады.

2008-жылдын май айында Сирия менен Израил Түркиянын арачылыгы астында тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаган. Өзгөчө 1967-жылы Израил тарабынан басылып алынган жана тынчтык келишими үчүн Дамасктын өзүнө кайтарылып берилүүсүн талап кылган Голан бийиктиктери жөнүндөгү сүйлөшүүлөр ошол эле жылдын декабр айында Израилдин Газа тилкесине жасаган аскердик операциясынан улам токтоп калган.

Үстүбүздөгү айдын башында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бул сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышы тууралуу Израил тараптан белгилер келе баштаганын билдирип, расмий Анкара бул жөнүндө ойлоноорун айтты. Израилдин вице-премьер-министри Силван Шалом Түркиянын кайрадан арачы болуу нийетин канааттануу менен кабыл ала турганын билдирди.

2008-жылдын декабрь айында тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан маалда Израил армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операциясынын натыйжасында көптөгөн палестиналык арабдардын өмүрү кыйылган. Буга расмий Анкара нааразы болуп, көптөн бери өнөктөш болуп келген эки өлкөнүн ортосондагы байланыштар солгундап кеткен.

Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган ошо маалда Израилди Газа тилкесиндеги аракеттери үчүн айыптап, өткөн жылы Давостогу экономикалык форумда Израилдин мамлекет башчысы Шимон Перез менен кайым айтышып кеткен.

Жакында эле Израилдин тышкы иштер министринин орун басарынын Тел-Авивдеги Түркиянын элчисин кабыл алганда, аны өзүнөн ылдый отургузганы дипломатиялык жаңжалга себеп болуп, эки өлкө ортосундагы мамилени курчуткандай болду. Өкмөт башчы Эрдоган бул окуя тууралуу мындай деди:

- Израилдин Түркия өңдүү досунан колун жууп калышы - келечекте Израилди катуу ойлондура турган маселе. Биз Израил-Сирия мамилелеринин жөнгө салынышы үчүн колдон келгенди жасадык. Эми премьер-министр Нетаняху “мен Эрдоганга эмес, Саркозиге ишенем” дейт. Бул да дипломатияга дал келбеген жорук. Эгерде сен мага ишенбесең, мен сага кантип ишенем?

Бирок кийинки убакытта Израилдин Сирия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо маселесинде алда канча ийкемдүү болгону маалым. Израилдин вице-премьер-министри Силван Шаломдун айткан сөздөрүнө да ушул контексттен баа берүү керек шекилдүү.

Бирок Анкара Израил тараптан конкреттүү кадамдарды күтүп жатат. Түркия менен мамилелери жакшы болгон Сирия кайра башталып калышы ыктымал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бир гана Түркия арачылык кылышы мүмкүн экенин билдирип келүүдө.

АКШдагы АКШ-Израил коомдук иштер комитетинин (AIPAC) мурдагы төрагасы Том Дайн сүйлөшүүлөр кайрадан жанданаар алдында Түркия кайрадан Израилдин ишенимине кириши керектигин айтты.

"Азаттыктын" архивинен: Эрдоган Давос шеринесинен кетип калды

29-январда Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган Давосто Израил президенти Шимон Перес менен кайым айтышкан соң, форумдан кетип калды. Аны тарапкерлери баатыр катары тосуп алса, оппозициясы жана түрк интеллектуалдары жосунсуз жорук кылды деп айыптады.

Эрдоган Давос шеринесинен кетип калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG