Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:10

Журналисттерге чабуул - сөз эркиндигине чалмабы?


Алматы шаарында ооруканада жаткан кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк көз жумду. Ал Алматыдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан колу-буту таңылган абалда ыргытылганы айтылган болчу. 17-декабрь күнү оор абалда табылган журналист ошол бойдон эсине келген жок.

Сөз эркиндигине чалма: А.Саипов, А.Ташиев, Г.Павлюк....?

Белгилүү журналист Геннадий Павлюк менен болгон кейиштүү окуяны жарандык коомчулуктун өкүлдөрү анын кесибине байланыштырышат. Соңку кездери ал “Ата-Мекен” аттуу интернет долбоорунун үстүндө иштеп, Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата-Мекен” партиясы менен тыгыз кызматташып келгени, анан эле 16-декабрь түнү Алматыда колу-буту байланган абалда алтынчы кабаттан ыргытылышы күдүк ойлорду жаратууда.

Ибрагим Рустамбек аттуу ылакап ысым менен белгилүү журналист Геннадий Павлюк “Белый Пароход” гезитин жана интернет баракчасын түзгөн. Орусиянын белгилүү маалымат каражаттары менен кызматташып келген. “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, маркум менен соңку кездери жаңы медиа долбоорун ишке ашыруу багытында кызматташып келгенин айтууда.

Учурда Алматы милициясы бул боюнча “адам өлтүрүү” деген негиз менен кылмыш иши иликтенип атканын айтууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова дагы Г.Павлюктун өлүмү анын кесибине байланыштуу болгон дегенге кошулат. Укук коргоочунун пикиринде, соңку кездери журналисттерге чабуул күчөп, токмоктолуп, өлкөдөн качып кеткендерин кошпогондо киши колдуу болгондору да көбөйө баштады. Ошентсе да журналисттер коомчулугу биримдигин көрсөтө албай келишүүдө:

- Эң биринчиден журналисттердин биримдиги жок. Журналисттер бүгүн бир гезиттин журналистине кол салынып атабы, бир массалык маалымат каражаты жабылып атабы, бирөөнө карата сот иши жүрүп атабы, кол салуу болуп атабы же сөз эркиндигине коркунуч болуп атабы – башка журналисттер аларды маалымат катары гана чагылдырып, ошону менен токтоп калып атышат.

Президенттин Катчылыгынын Өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Катчылык өлкөдөгү журналисттердин сабалышы, токмоктолушуна байланыштуу ар бир ишти көзөмөлдөп, Ички иштер министрлиги, прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте иш алып барып атышканын, журналист Г.Павлюктун өлүмүнө да тынчсызданып турушканын билдирди.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнү маалымат каражаттарынын жетекчилиги өздөрү да журналисттердин коопсуздугуна көңүл буруулары керектигин, журналисттер өздөрү да алардын кесиби кооптуу экенин билип жүрүүлөрү зарылдыгын баса айтты:

- Эгер журналисттер тууралуу айта турган босок, ар бир журналист биринчи кезекте өзүнүн кесиби кооптуу экенин, бир эле учурда бир же андан көп кишиге алардын жазгандары, алып барган иштери катуу тийип калышы ыктымал экенин билгенден кийин, өзү дагы этияттык менен жүрүшү керек. Редакциялар, алардын жетекчилери - журналисттер түнгө чейин иштеп калып атканда аларды үйүнө жеткирүү чараларын, шарттарын түзүп бергенге аракет кылышы керек.

Укук коргоочулардын айтымында, журналисттердин сабалышы же өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштеринин дайыны чыкпай калып атканы көп нерседен кабар берип турат. Бул биринчиден - Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура сыяктуу килейген органдардын абдан алсыз абалга келгенин же “бармак басты, көз кысты” деген принцип менен иштеп калганын көрсөтөт дешет. Ал эми маалымат каражаттарынын жетекчилери кызматкерлеринин коопсуздугуна баш оорутуп, журналисттер ар качан өз кесиби кооптуу экенин ойлонуп калган шартта өзүн-өзү цензуралоо күчөмөкчү.


Соңку окуяларга байланыштуу кайрылуулар да көбөйдү

Өлкөдө соңку кездери журналисттердин, саясатчылардын сабалышына, өлтүрүлүшүнө байланыштуу Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеши да жалпы элге кайрылуу жасады. Анда өлкөдө башкача ойлонгондор токмоктолуп, куугунтукталып, бийлик террору күчөгөнү айтылат.

“Бүгүн Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчыларды өлтүрүп, сабап, болбогон шылтоо менен түрмөгө камап, аларга карата жок жеринен кылмыш иштерин козгоп жатышат. Оппозициялык саясий ишмерлердин, журналисттердин, бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин, укук коргоочулардын жана алардын жакын туугандарынын өмүрлөрү күн сайын коркунучта. Азыркы бийлик каршы сүйлөгөндүн бардыгын колунан келишинче өлтүрүп же сабап, болбосо түрмөгө камай турганы ачык эле болуп турбайбы”,- делет БЭКтин кайрылуусунда.

Ошондой эле Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы дагы “Журналисттер жана сөз эркиндиги коркунучта!” деген аталышта ачык билдирүү менен чыгып, өлкө жетекчилигинен журналисттердин коопсуздугун чыңдоо боюнча кечиктирилгис жана дайындуу чараларды көрүүнү талап кылышты.

“Кыргызстанда журналисттердин үстүнөн зомбулук кылуу максаттуу, эчтемкеден кайра тартпас жырткычтык мүнөзгө ээ болууда, алардын коопсуздугу камсыздалбай жатат. 2006-жылдан бери журналисттерге бардыгы 60тан ашуун кол салуулар болгон. 2009-жылы июлда өлкөнүн түштүгүндө журналист А. Ташиев өлтүрүлгөн, кийинчерээк башка бир журналист – К. Жолдошев катуу уруп-сабалган. Журналисттер кылмыш-жазык куугунтугуна көп алынууда: 2008-жылы ЖМК жана журналисттерге каршы 50дөн ашуун сот иштери катталган. 2005-жылдан бери саясий башпаанек издөө менен же өмүрлөрүнө коркунуч келгендиктен Ч. Орозобекова, Т. Бектенов, К. Биримкулов, Ж. Эдигеев, Х. Мажиева, С. Абдылдаев өлкөдөн чыгып кетишкен”,- деп айтылат социал-демократтардын билдирүүсүндө.

Ал арада бийлик өкүлдөрү 2009-жыл стабилдүүлүктүн, жакшы жакка өзгөрүүнүн жылы болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG