Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Э.Жураев: Парламенттик башкаруу үчүн шарт бар


Мэриленд университетинин изилдөөчүсү Эмил Жураев.
Мэриленд университетинин изилдөөчүсү Эмил Жураев.

Кыргызстан башкаруунун парламенттик системасын тандап алгандан тарта өлкө ичинде, аны менен катар чет жактарда талкуулар уланууда. Кээ бир жергиликтүү саясий күчтөр күчтүү президенттик бийликти жактырса, Орусия сыяктуу өнөктөш мамлекеттердин айрымдары Кыргызстандын Борбор Азияда биринчилерден болуп парламенттик башкарууга бет алуусуна каршылыгын билдирип келишет.

АКШдагы Мэриленд университетинин докторант-изилдөөчүсү Эмил Жураев «Азаттыкка» курган маегинде Кыргызстандагы парламенттик демократиянын калыптануусу боюнча пикири менен бөлүштү.







Парламенттик демократиянын келечеги

Өтө маанилүү жана чоң маселе. Кыргызстан мына он күндүн тегерегинде жаңы башкаруу системасына өткөнү турат. Бир жагынан өзгөрүүгө Кыргызстандын ичинде кээ бир саясий топтор каршы болсо, экинчиден, эң стратегиялык өнөктөшүбүз Орусиянын президенти Д.Медведев Кыргызстанга парламенттик система жарабайт деп кайра-кайра чыгып жатат. Менимче алар жоопкерчиликсиз сөздөрдү айтып коюп жатышат.

Парламенттик система «ак» же «кара» дегенди түшүндүрбөйт. Анын түрлөрү, ар кандай деңгээлдери көп. Биз албетте, Улуу Британиядагы Вестминистер сыяктуу парламенттик система болбойбуз, ал бизде иштебейт. Ошол эле кезде мисалга алсак Түркияда башкача, Германияда өзүнчө, Балтика өлкөлөрүндө да башкача парламенттик системалар бар. Кыргызстандыкы өзүнчө парламенттик система болот.

Парламенттик болобу, башка болобу башкаруу системасы беш-он, мүмкүн андан да көп жылдар бою өнүгүп, калыптанчу нерсе. Кайсы гана система болбосун анын иштеши үчүн ар бирибиздин жоопкерчиликтүү аракетибиз керек. Бул жерде эң биринчи кезекте партиялар, алардын жетекчилери, парламентке келген депутаттары турат. Ошолор чын ыкласы менен берилип, парламенттик башкаруунун шарттарын бузбаса система иштеп кетет.

Саясий партиялар палитрасы

Биринчиден, албетте алардын саны. Жүздөн ашуун партиянын 28 шайлоого аттанды. Бул өтө чоң палитра. Бирок ошол эле кезде алардын арасында шайлоочуга тандоо мүмкүнчүлүгүн берген варианттар азыраак экендиги көрүндү. Мүмкүн партиялардын арасында айырма болгон кезде дагы өздөрү шайлоочуга жакшы түшүндүрө албай жатат.

Азыр шайлоочуну саясий партиялардын идеологиясы, келечекте кайсы багытка карай умтулат деген суроолор түйшөлтпөйт. Маселен, негизги партиялардын бири «Ата Мекен» социалисттик партиябыз дейт, социалисттик деген эмнени түшүндүрөт? Социал-демократтар партиясы – анын айырмасы эмне? Республикачылар партиясы – бул эмнени түшүндүрөт? Булардын айырмачылыгын жана аталышынын маанисин да билбейбиз.

Партиялардын баары тең кайра айланып келип эле шайлоочуга экономиканы көтөрөбүз, инвестиция алып келебиз, бардыгыңарга жумуш беребиз деген убадаларды берип жатышат.

Электоралдык демократиянын калыптанышы

Шайлоо башкаруунун негизги таянычы экендигине биздин көзүбүз жетип калды. Биздин калк шайлоо – мамлекеттик башкаруунун маанилүү ритуалы экендигин коңшуларга караганда мыкты түшүнөт. Ал эми шайлоонун сапаты кандай, аны кантип оңдойбуз, буга убакыт талап кылынат. Саясий бутка туруу деген узак процесс. Электоралдык аң сезим менен жүрүм-турум жылдан жылга өсөт, жаңыланат.

Ал эми бийликке келген элиталар саясий оюндун жаңы эрежеси менен ойной алабы, жаңы Конституциянын талаптарына ылайык аракеттенеби - ал башка суроо. Бул фактордон көп нерсе көз каранды.

Парламенттик башкаруунун тоскоолдуктары

Бир коркунуч бар. Ал парламенттик башкаруу машинесинин иштей албай калышында эмес. Ал Кыргызстандын элинин биримдигинде. Чыр-чатак болуп, бөлүнүп-жарылган коомдордон айырмаланып Кыргызстанда парламенттик башкаруу иштеп кете турган негизги шарт бар. Анткени калктын басымдуу бөлүгү жаңы системаны колдоп, жаңы саясий системанын оюндарын кабыл алып жатат.

Ал эми жаңы жетекчилер улуттар аралык биримдик менен ынтымактын маанисин түшүнөбү – чоң маселе. Ош, Жалал-Абаддагы окуялардан кийин бир топ партия, административдик жетекчилер ачык улутчулдукту көрсөтүп, бир тараптуу сөздөрдү тартынбай эле айтып чыгууда. Эгер ушундай жагдай улана берсе, Кыргызстан коому бир топ жараланып, бөлүнүп калуу коркунучу бар.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG