Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

С.Михеев: Кыргыз элитасы өз өлкөсүн жок кылып жатканын түшүнө элек


Оштун мэри Мелис Мырзакматов колдоочуларынын алдында, 20-август.
Оштун мэри Мелис Мырзакматов колдоочуларынын алдында, 20-август.

Орус президенти бүгүн Москва мэри Юрий Лужковду “ишенимден чыкканы” үчүн кызматтан алды. Кыргызстанда өткөн айда Ош шаарынын мэри менен да ушуга окшош окуя болгон.

Бирок анда Оштун мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Москвадагы “Саясий технологиялар борборунун” эксперти Сергей Михеев “Лужков-Мырзакматовдун” окуяларына карата пикири менен бөлүшөт.

Лужков менен Мырзакматовдун иштерин эки башка өңүттө караш керек
Сергей Михеев:
Менимче, Кыргызстандагы жана Орусиядагы кырдаалдар бири-биринен кескин айырмаланып турат. Анткени Кыргызстан бир нече ай мурдараак эле ыңкылапты баштан кечирди. Өлкөдөгү кырдаал туруксуз, көп нерселер мыйзам жолунан чыгып баратканын көрүп жатабыз. Бул – күтүлгөн эле көрүнүш, анткени кандай гана революция аракеттери болбосун, ал юридикалык башаламандыкты жаратат. Ошондуктан Лужков менен Мырзакматовдун окуяларын салыштырып болбойт. Буга ошол эки мэрди кайсыл күнөөлөрү үчүн иштен алуу маселеси көтөрүлгөнүн, алар кайсыл бийликтен калганын да айтса болот. Маселен, Мырзакматов – революцияга чейинки бийликтин, башкача айтканда, К.Бакиевдин адамы. Лужковду болсо буга чейинки бийлик алып келген эмес. Ал - ушул жаңы учурдун системасын башынан түзгөн адамдардын бири. Ал болгону элита ичиндеги аппараттык кызыкчылыктарды башкара албай калды.

Төрөкул Дооров: Байланыш жок дейсиз. Ошол эле учурда, Лужковду кызматтан алуу менен, президент Д.Медведев улуу муундун дөө-шаа саясатчыларын дээрлик жок кылып жатпайбы? Анткени Лужковго чейин да бир топ региондордун лидерлери кызматтан алынышкан эле. Кыргызстанда болсо өзүңүз Мелис Мырзакматовду Бакиевдин режиминин бийликтеги акыркы өкүлү дедиңиз. Ал иштен алынса, орус саясатындагыдай эле “тазалануу” болбойбу?

Мэр Лужков президент Медведевдин "ишениминен чыкты"
Сергей Михеев:
Ооба, буга кошулам. Кремль азыр 90-жылдардын “динозаврларын” саясий сахнадан толугу менен жок кылып жатат. Учурунда регионалдык деңгээлдеги жетекчиликте жүрүп, борбордук саясатка киришем дегендердин баары азыр оюндан четтетилип, катардагы эле “саясий дымагы жок менеджерлерге” айланышты. Бирок Лужков кетиши күтүлгөн окуя болчу. Эгер ал бүгүн иштен алынбаганда, келерки жылы анын мэр катары мөөнөтү баары бир бүтмөк. Окуянын тездеп кетишине, менимче, пикир келишпестик эле себеп болсо керек.

Төрөкул Дооров: Роза Отунбаева менен Мелис Мырзакматов деле пикири келишпей, өткөн айда мэрди кызматтан алуу маселеси боюнча жаңжал чыкты эле. Бирок анда кыргыз президенти мэрди “ишеним жоктугунан” кызматтан ала алган эмес. Эмне үчүн ага Отунбаева ага бара албады деп ойлойсуз?

Сергей Михеев: Менимче, буга азыркы кыргыз бийлиги өтө алсыз экендиги себеп болду. Анткени ал азырга чейин өлкөнүн бүт аймагында ишенимге ээ боло албай жатат. Анын үстүнө өкмөт өзү ич-ара бөлүнүп-жарылып кеткен. Азыркы шайлоо өнөктүгү убактылуу бийлик канчалык бөлүнгөнүн ачык эле көрсөтүп турат. Мындан сырткары, өлкөдө түндүк-түштүк болуп бөлүнүү дагы эле күч. Бул өтө таң калыштуу, бирок, менимче, кыргыз элитасы азыр өзүнүн өлкөсүн өзү ыдыратып, жок кылып жатканын түшүнө албай жатат. Ал проблеманын канчалык олуттуу экенин түшүнүүгө кудурети жетпей турат. Кыргыз элитасы өлкөдө улутуна, регионуна карабай, жумурияттын биримдиги үчүн баарына бирдей иштей турган күн тартибин түзүү зарылчылыгын аңдай элек. Абал өзгөрбөй, ушул калыбында кала берсе, өлкөдө баягы эле проблемалар кайра кайталанат деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG