Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Орусия: Жаштар чындыктан коркпойт


Орусиядагы дагы бир эркин журналист менен коштошуу учурунда
Орусиядагы дагы бир эркин журналист менен коштошуу учурунда

Журналисттерди коргоо боюнча эларалык уюм Орусияны Ирак жана Алжир менен бирге журналисттер үчүн иштегенге эң коркунучтуу делген мамлекеттердин алдыңкы сабына койду. Ошого карабай, Орусияда «журналист болом» деген жаштардын саны азайып кетпеди.

“Новая газета” басылмасынын Москвадагы имаратына кире беришине кимдир бирөө эки атыр гүл коюп коюптур. Кар жааган сайын үлбүрөп, соолуп бараткан гүлдөр кимге багышталганы жазылган эмес. Бирок ал кимге арналганы айтпаса да түшүнүктүү. Бул басылмада иштей баштаганына жарым жылдай болуп калган Анастасия Бабурованы өткөн аптада адвокат Станислав Маркелов менен бирге атып кетишкен эле...

Имаратка киргенде узун бөлмөнүн төр жагында журналист менен адвокаттын сүрөттөрү жана алдында гүлдөр турат. Маркелов бул гезиттин кабарчыларын көп сот иштеринде коргоп чыккан. Журналисттер, редакторлор ары-бери чуркап жүрүшөт. Анткени бүгүн гезит басылчу күн. Иш кайнап турган учуру.

«Новая газетанын» редакторунун орун басары Олег Хлебников: «Анастасия гезит үчүн дагы көп ишти жасай алмак, - дейт. – Анын улутчул жаштар – скинхеддер – тууралуу макаласы басылган күнү журналистти атып кетишти».

Бул басылмада Хлебников 12 жылдан бери иштеп келатат. Бабурованын өлүмү ага буга чейинки көңүл чөктүрөөрлүк учурларды эске салгандай. Учурунда азыр Хлебников отурган жерде тажрыйбалуу журналист Юрий Щекочихин иштечү. Негизинен, жогорку бийликтеги коррупцияны иликтеген Щекочихин 2003-жылы табышмактуу жагдайларда узак оорудан кийин көз жумду. Анын кесиптештери журналистти белгисиз бирөөлөр ууландырып өлтүрүшкөнүн айтышат.

А.Политковскаяны эскерүү демонстрациясы, Париж. 6-октябрь, 2008-ж.
Арадан үч жыл өтүп, ушул гезиттин дагы бир белгилүү журналисти Анна Политковскаяны үйүнө кире бериште атып кетишти. Политковскаянын өлүмү чыныгы эларалык талкууга айланды. Журналист Кремлди ачык сындап, Орусиянын Чеченстандагы операцияларын катуу айыптаган китептерди жазган эле.

«Новая газетанын» дагы бир журналисти Игорь Домников да 2000-жылы үйүнө кире бериште белгисиз бирөөлөрдөн бир нече жолу башына катуу токмок жеп өлгөн.

«Мына ушул гезиттегидей эркин журналистикага эми ушунча өлүмдөн кийин эч ким деле барып иштегиси келбесе керек» деген ой жаралышы мүмкүн. Бирок, Олег Хлебниковдун айтымында, азыр аларда иштеп жаткан журналисттердин көбү жашы 20дан эми эле ашкандар: «Бабурова буга чейин «Известияда» да иштеген, бирок кийин биздин гезитти тандап алды, - деди Хлебников. - Ал өзүнүн жаштыгына карабай, бир топ эле тажрыйбалуу болуп калган эле. Биздин гезитти ал буерде көп акча иштейм деп тандаган жок, тетирисинче, ал «Новая газетада», мурдагысынан, азыраак айлык алчу. Ошого карабай, ал бизде өз пикирин ачык жаза ала тургандыгы үчүн келген».

«Новая газета» эки кишиге – мурдагы советтик лидер Михаил Горбачевко жана эркин көз-карашы менен айырмаланган бизнесмен Александр Лебедевге – таандык. Азыр Орусияда эркин деп эсептелген маалымат булактары деле калбай калды. Ошол аз булактардын бири – «Новая газета». Андагы макалаларда жөнөкөй эле айылдагы жетекчиликтен тарта Кремлдеги деңгээлге чейинки коррупция, Түндүк Кавказдагы адам укуктарынын орой бузулуп жатканы, мамлекетти каптаган «сокур улутчулдук» тууралуу айтылат.

А.Политковскаянын өлүмүнө бүт дүйнө кайгыргандай болгон. Бирок ага президент Владимир Путин анча деле көңүл бурганы байкалбады. Ошондонбу, айтор, ушул аптада А.Бабурованын өлүмү боюнча азыркы президент Дмитрий Медведев «Новая газетанын» редактору Дмитрий Муратов менен гезиттин кожоюну Михаил Горбачевду сүйлөшүүгө чакырганы көпчүлүктү таң калтырбай койбоду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG