Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Жорж Крол: Кооз сөздөн ишке өтчү мезгил келди


АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Жорж Крол.
АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Жорж Крол.

Бул күндөрү АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Жорж Крол (George Krol) Кыргызстанда иш сапар менен жүрөт. Ал Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана Кыргызстанда иш жүргүзгөн эл аралык, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бүгүн Ж.Крол Ош шаарында абал менен жеринде таанышууда. Андан соң Москвага сапар алып, Кремлде ыңкылаптан кийинки Кыргызстан менен кызматташуунун багыттары тууралуу сүйлөшөт.

25-майда таң эрте Бишкекке келген АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол иш сапарын Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаева менен жолугушуп, өлкөдөгү абал тууралуу маалымат алып, АКШнын президенти Барак Обаманын айттырган кабарын жеткирди:

- Президент Обама башында турган АКШ өкмөтү Кыргызстандагы абалга өтө чоң ынтызарлык менен көз салып турат. Өлкөдөгү абалды турукташтыруу, демократиялык жана ачык мамлекетти түзүү, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча элдин тынчсыздануусун түшүнүү менен колдоо көрсөтөт.

АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү АКШ өкмөтү Кыргызстанда сөз эркиндигин жана базар экономикасын өнүктүрүүгө да жакындан көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жорж Крол расмий бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанга атайын иш сапар менен келген АКШ өкмөтүнүн үчүнчү өкүлү. Буга чейин 14-апрелде АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Роберт Блэйк (Robert O.Blake) жана май айынын башында Президент Обаманын Борбор Азия жана Орусия боюнча жардамчысы Майкл Макфол (Michael McFaul) Бишкекте Убактылуу өкмөт менен жолугуп, ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрү убада кылынган.

АКШ тараптан ыңкылаптан кийинки Кыргызстанда мыйзамдуулукту орнотуу, Баш мыйзам долбоорун даярдоо, референдум жана шайлоолорду өткөрүүдөн тарта өлкөнүн демократиялык жана экономикалык өнүгүүсүнө колдоо, адам укуктары менен сөз эркиндигин камсыз кылууга көмөк көрсөтүлөт деген убада байма-бай айтылып келет.

Жергиликтүү серепчилердин айтымында, мухиттин ары жагынан келген аткаминерлердин жалындуу достук сөздөрү гана жаңырып, келген жардам азырынча сезилбейт. Балким мындай дипломатиялык сапарлар АКШнын аймактагы чоң атаандашы Орусияга көрсөткөн “белгиси” гана болуп жүрбөсүн деген да көз караштар бар.

25-майда журналисттер менен жолугуу маалында Ж. Крол Вашингтондон келип-кеткен расмий делегациялардын аткарган иштери эми интенсивдүү баскычка көтөрүлүп, “кооз сөздөн ишке өтчү” мезгил жеткендигин айтты. Ал Ош жергесинде болуп, абалды өзү көрүп, жергиликтүү тараптар менен баарлашкандан кийин америкалык Ак үйдүн бюрократиясын “ишке түртөөрүн” тамашага чала билдирди.

Америкалык бийлик өкүлү "Кыргызстандагы абалды кандай баалайсыз?" деген “Азаттыктын” суроосуна өлкөдө туруктуулук болгону менен түштүктөгү абалга абдан кылдат мамиле жасалып, зордук-зомбулукка жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле эмки айда боло турган референдумда Кыргызстан эли сунуш кылынган Баш мыйзамдын долбоорун жактыруу менен өлкө келечегинин багыттарын аныктоого активдүү катышат деген ишеним бардыгын айтты.

"Бул багытта иш алып барып жаткан эл аралык уюмдар менен Убактылуу өкмөттүн ортосундагы тыгыз кызматташуу ишти алдыга жылдырууга чоң өбөлгө болот жана кубанаарлык нерсе”, деди Ж. Крол.

Ошол эле учурда расмий Вашингтондун өзүндө АКШ-Кыргызстан алакасын кандай багытта өнүктүрүү тууралуу талаш-тартыш чоң. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Абдрисаев “Wall Street Journal” басылмасында чыккан макаласында “Кээ бир илимпоздор [америкалык] Кыргызстан жөнүндө ачык эле айтып жатат: бул ишке ашпай калган эксперимент, тетири көздөй кетип калган, буларга жардам бергенден эч кандай пайда жок деген мааниде”, деп жазат.

Анткен менен АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол, "Кыргызстандагы абалды жөнгө салууда Орусия менен АКШ ортосундагы кызматташтыкты үлгү катары баалоого болот. Ал гана эмес бул жаатта москвалык, вашингтондук жана брюсселдик көз караштар төп келип турат", деген оптимисттик маанайда маалымат жыйынын жыйынтыктады.

26-майда америкалык жогорку даражалуу дипломат Ошто бир катар жолугушууларды өткөрүп, сапарын андан ары Москваны көздөй улайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG