Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Москвада кыргыз жараны поездге боюн таштады


Мындай курулуш жайларынын көбүндө жумуш токтоп калды
Мындай курулуш жайларынын көбүндө жумуш токтоп калды

14-мартта Москвада кыргызстандык жаран поездге боюн таштап, өлгөнү кабарланууда. Милиция баштап кыргызстандык жаран кризистин айынан өзүн өзү өлтүргөн деп билдирген эле, кийинчерээк бул версияны четке какты.

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 30 жаштагы кыргыз жараны кантип метродо поезд астында калганы азырынча толугу менен аныктала элек.

“Биз азыр анын туугандарынан, чогуу жүргөн кишилерден сураштырып жатабыз. Кокустук болуп түшүп кеттиби же кандай болду - аны Кудай билет, - дейт элчи. - Биз чындап эле ал өзү поездге боюн таштадыбы-жокпу - далилдеп бергиле деп жатабыз”.

27 жаштагы кыргызстандык Кубанычбек Атабеков кризистин айынан жанкечтиликке барган болушу мүмкүн дегенге ал узак убакыттан бери жумушсуз жүргөнүн, чөнтөгүндө акчасы калбаганын мисал келтиришкен эле. Азырынча соңку окуя боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек болсо да, орус жеринде иштеп жүргөн кыргыз жарандары арасында кризистин айынын жумушсуз калгандары көбөйгөнү байма-бай айтылып келет.

Дүйнөнү каптаган каржы кризиси көптөгөн ири ишканаларга өз таасирин тийгизип, бир катар өлкөлөрдө он миңдеген адамдар жумушсуз калышты. Мындай көрүнүш кыргызстандык эмгек мигранттарынын дээрлик басымдуу бөлүгү байыр алган Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө да орун алып жатат.

Чолпонбай Кадыров Москвада иштегенине эки жылдан ашты. Ал Москвада иштеген кыргызстандыктар каржы кризисинин кесепетин кадыресе эле тартып жатканын айтат. Айрыкча курулуш тармагында иштеп, айлап айлыктарын ала албай жүргөн кыргыздардын көп экенин белгиледи. Чолпонбайдын айтымында, жумуш жоктугунан кыргыздар арасында эле бири-бирин тоноп, алдаган учурлар да көбөйгөн.

“Чындыгында Москвада иштеген эмгек мигранттарына кризистин таасири тийип, жумушсуз калгандар көбөйдү, - дейт Ч.Кадыров, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып. - Мен билгенден жумушсуз калып көп кыргыздар үйүндө отурушат. Курулуш тармагында иштегендер болсо жумуш жок эле айлыгын алганга барып, кезерип күтүп эле кайра келип жатышат. Көп курулуш иштери токтоп калган. Жумушсуз кыргыздар арасында эле бири-бирин тоноп, телефонун сурап качып кеткен учурлар көбөйдү”.

Биздин кийинки маектеш Калипа эженин Москвада иштегенине беш жылдан ашкан. Ал да алгач барганда түрдүү жумуштарда иштеп, оор күндөрдү башынан кечирген. Көп кыргыздар менен бирге сыз жыттанган жер төлөлөрдө да жашап жүргөн. Азыр ал Москвага көнүп, үй-бүлөсүн толугу менен чакыртып алып чогуу турушат. Бирок каржы кризисинен улам кыргыздар жумушсуз калбаш үчүн кандай гана жумуш, кандай маяна болбосун иштөөгө даяр экенин айтты.

“Күнүнө 500 рублдан алып, 12-18 саат иштегендер бар. Алар ошончо саат бою тигинен туруп идиш жуушат, айрымдар муздак сууга жуушат. Азыр жумушун жоготуп албаш үчүн ошого да кайыл болуп иштешет”, - дейт Калипа эже.

Чет элдик мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы акыркы мезгилде чет жердеги көптөгөн эмгек мигранттардын айлык акылары бир топ кыскарып, көптөрү жумушсуз калганын маалымдады. Анын айтымында, жакында эле ассоциация кыргыздар эмгектенген өлкөлөрдө иликтөө-сурамжылоо иштерин жүргүзүгөн. Ага ылайык жумуштарынан айрылган күндө да көптөгөн мигранттар ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстанга келүүнү каалабай турушканын айтышкан.

”Дүйнөлүк экономикалык кризис биздин мигранттарга абдан эле таасирин тийгизип жатат, - деп ишенет А.Алымбек кызы. - Айлык акылары бир топ төмөндөдү, көптөрү жумушсуз калышты. Кризис байкалгандан бери Орусияда улутчул жаштар, скинхеддердин тобу да күч алып жатат. Ошого карабай мигранттардын көбүндө Кыргызстанга келе турган маанайы жок. Тескерисинче өлкөнүн башка шаарларына которулуп иш издөөнү туура көрүшөт. Бул Кыргызстандагы энергетикалык жана экономикалык кризистерге байланыштуу”.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров да кризистен улам жумушунан айрылган мекендештердин саны өскөнүн тастыктады. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал “элчилик мигранттарга башка жактан жумуш таап бергенге көмөк көрсөтүп жатканын” айтты: “Орусия боюнча жумуш орундары кыскарып атат. Мүмкүнчүлүк болушунча башка жактан жумуш таап бергенге аракет кылып жатабыз. Мисалы, Якутиядан 15 киши 5-6 айдан бери айлыгын ала албай, арыз менен кайрылышкан экен. Бул боюнча ушул маселени чечип бергиле деп президентине кайрылдык. Айрыкча бул Москва шаарында курч. Өзгөчө курулуш тармагында кыскартуу көп болуп жатат”.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин Чүй облусу боюнча төрагасы Нурбек Мусаевдин айтымында, атайын жүргүзүлгөн мониторингге ылайык чет жактан кайтып келгендердин 10% гана каржы кризисинен улам келгендерин билдиришкен. Бирок мекенине кайткандардын дээрлик бардыгы кайрадан кетүү ниетин айтышкан.

”Биз келип аткан мигранттарды поезддерден, учактардан иликтеп жатабыз. Сурамжылоо уюштурганга чейин барып атабыз. Кайтып келгендердин 10% гана каржы кризиси таасир бергенин айтышкан. Бирок Кыргызстанга кайткандардын дээрлик бардыгы кайра кетебиз деп атышат”, - деди “Азаттыкка” Н.Мусаев.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда 1-мартка карата жумушсуздардын саны Кыргызстанда 67 миңден ашкан. Адистер жумушсуздардын реалдуу саны мындан беш эсе көп экенин айтып жатышат.

Бирок Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинде дүйнөлүк каржы кризисинен улам мигрантардын массалык мекенине кайтуусу көбөйүп, жумушсуздардын саны мындан да көбөйөт деген кооптонуу жок. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү абал андайга жетпей турганын, жетсе да ага карата камылгалар көрүлгөнүн айтып жоопкотушууда.

XS
SM
MD
LG