Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

О. Молдалиев: Америкалык базанын тагдыры Москванын колунда


“Манас” аба майданындагы америкалык аскер базасынын тагдыры Бишкектин эмес, Москванын колунда. Ошондуктан бул маселени Обама менен Медведев гана чечиши мүмкүн. Бул жөнүндө “Азаттыктын” толкунунда саясат таануучу Орозбек Молдалиев ой-пикир бөлүштү.

-Бүгүн мына Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммити ачылды, эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Саммитте уюмдун ички маселелеринен тышкары Түндук Кореянын өзөктүк программасы, Оооганстандагы кырдаал сыяктуу эл аралык орчундуу маселелер талкууланаары күтүлүүдө. 2006-жылы ШКУнун Астанадагы саммитинде Кыргызстандан америкалык аскерий базаны чыгаруунун мөөнөтүн белгилөө талап кылынган эле. Андан бери үч жыл өттү, мөөнөт дагы белгиленди. Бирок базаны чыгаруу боюнча чечим өзгөртүлбөйт дегени менен да расмий Бишкек АКШ менен жаңы келишимге барары тууралуу сөз болуп жатат. Эгер тараптар чынында ушуга аракеттенип жаткан болсо, Кыргызстанга баары бир ШКУ боюнча өнөктөштөрдүн макулдугун алууга, бери дегенде аларга маалымат берүүгө туура келеби мына ушул саммитте?

-Бул жерде качан чыга турган мөөнөтүн белгилегиле деген тапшырма болгону менен ал маселе ошол бойдон калып калып, америкалыктардын алдында бул маселе коюлган эмес. Бул маселе мына быйыл чечилип калды, база августта кете турган болуп атат. Анан азыр кийинки кездерде кайта конгресс 30 миллион доллар белгилеп, калганга аракет кылып атат деген көп маселелер бар.

Бирок бул жерден айта кетиш керек Орусиянын 1 миллиард 700 миллион доллар кредити ушул базанын чыгышына байланыштуу берилгендиги билинип эле турат, аны бир да тарап ачык моюнга албаганы менен. Эгерде базаны кайта калтыра турган болуп калганда бул кредиттин тагдыры эмне болот деген суроо келип чыгат дагы жана анда бул 1 миллиард 700 миллион долларды ким берет деген маселе келип чыгат.

Америкада механизм жок мындай кредит бере турган, ошон үчүн бул дагы кыйынчылык болуп калат. Экинчиден, Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында өзүнүн мойнуна алып, бир туруп базаны чыгаргыла деп, анан кайра калтыралы деген маселе бул кээ бир кошуна мамлекеттердин тышкы саясатына окшоп калат дагы биздин аброюбузга бир топ шек келтирет.

Бирок бул базанын калтыргандын башкача жолдорун издеп тапса болот. Бул мындай бир эч чечилбей турган маселе эмес. Ошон үчүн эми бул маселенин Бишкекте эмес Москва тарапта болуп калгандыгын белгилей кетишибиз керек. Себеби дегенде, бул чечимдин Москвадан жарыялангандыгы маселени ошол жак менен чечиш керек деген сигнал болгон Вашингтонго. Ошон үчүн ал жактагы Обама менен Медведевдин күтүлүп жаткан жолугушуусунун учурунда бул маселе козголуп, ошол жактан чечилиши мүмкүн.

-Демек, ШКУнун алкагында бул талкууланбайт деген пикирди айтып жатасызбы?

-Бул маселе талкууланышы мүмкүн, бирок бул ШКУнун деңгээлинде чечилбейт, себеби дегенде, бул жерде билесиздер Пекин бул базанын калышына карама-каршы көз карашта. Москва бир аз ийкемге келиши мүмкүн, бирок бул Пекин бул маселеге оң көз караш менен карабайт. Ошон үчүн талкууланган менен бул маселеде бир чечимге келиши кыйын ал жерде.

Албетте, Карзай өзүнүн сунушун айтат Ооганстандагы тынчсыздандырган кырдаал боюнча. Бул жерде Кытайды айта кетиш керек, Кытай Ооганстанга экономикалык соода жагынан абдан чоң инвестицияларды алып кирип, мына былтыр, мурдагы жылы аймактагы жез өндүрө турган руданын кенин иштетүү боюча тендерди утуп алган.

Жолдорду салып атат, жана башка жактарынан Ооганстанга Кытайдын кызыкчылыгы абдан чоң. Бирок бул маселени биздин аймактагы Американын базасы менен байланыштырып Кытай чечпейт, муну башкача кылып чечкенге кызыкдар болот.

- Мына президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине карагнда 14-июнда кечинде Москвада кыргыз өзбек президенттери жолугуптур. Эми бул жолугушуу чек арада бир топ чыңалууну жараткан окуялар орун алгандан кийин болуп отурбайбы. Шанхай кызматташтык уюму Кыргызстан менен Өзбекстанга ушу чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бере алабы. Себеби бул уюмда кезинде ушул чек арадагы маселелерге байланыштуу түзүлбөдү беле. Кыргызстан мына ушул уюмду пайдалана алабы?

- Теориялык жактан алганда Шанхай уюму эки мамлекеттин ортосундагы мамилени жөнгө салууга жардам бериши мүмкүн, бирок мунун өзүнүн эл аралык укуктун негизиндеги бир катар этаптары бар. Адегенде, бул эки тараптык келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек.

Анан эгер эки тарап эч бир келишимге келе албай койсо же ортосунда бир жаңжал чыгып кетсе, ошол үчүнчү тарапка кайрылат. Ошол кезде эл аралык уюмдар же бейтарап сотко кайрылабы же башка маселелер болобу анын өзүнүн механизмдери бар.

Ошон үчүн же өзбек тарап же кыргыз тарап кайрылмайынча, бул уюмдун өзүнүн кийлигишкени ыңгайсыз болот. Ушул маселелерди жөнгө салып чечишиңерди күтөбүз дегендей каалоо-тилектери болушу мүмкүн. Бирок алар түздөн-түз жөн эле кийлигишип кете албайт.

-Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG