Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

La Stampa: Е. Гуревич бриллиант соодасы менен шугулданган


Гуревич тууралуу макала жазган La Stampa гезити
Гуревич тууралуу макала жазган La Stampa гезити

Италия прокуратурасы Кыргыз өкмөтүнүн финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич Fastweb жана Telecom Italia Sparkle компанияларынын мыйзамсыз иштерине көмөктөшкөн деп шектенүүдө.

Болжолу менен бул ишке тиешеси бар делинген уюшкан топ 2003-2006-жыл аралыгында ошол компаниялардан 2,7 миллиард долларды башка өлкөлөргө алып чыккан жана 40 миллион еврого жакын салыкты жашырган. Гуревич менен кошо дагы 55 кишиге камакка алуу ордери чыгарылган.

Италиялык La Stampa гезитинин кабарчысы Якопо Якобони Гуревич жөнүндө макала жазып, аны арам акчаны адалдоо схемасын түзгөндөрдүн бири деп атайт. Якопо Якобони "Азаттыкка" маек курду.

- Адегенде Fastweb жана Telecom иши жөнүндө кыскача айтып берсеңиз. Айрымдар аны Италия тарыхындагы эң ири салык аферасы деп аташууда.

Якопо Якобони: Ооба, италиялык судьялардын айтымында, бул - өлкө тарыхындагы эң ири салык махинациясы. Сот өкүлдөрү азырынча 2 миллиард евро жөнүндө сөз кылышууда. Анын ири бөлүгү кошумча нарк салыгынын механизмдерин колдонуу менен уурдалган.

Айыптоочулардын болжолунда, бир ууч адам көз будамайлоонун «карусель» деген жөнөкөй механизмин түзүшкөн. Ал топко Fastweb жана Italia Telecom компаниясынын көзөмөлүндөгү Telecom Italia Sparkle ишканаларынын бир нече жогорку жетекчилери, компаниялардын сырткы кеңешчилери кирчү. Айыптоочулардын ырастоосунда, көз боемочулук менен алынган арам акча андан кийин ар кандай жол менен адалдалган.

Тергөө бир нече багыт боюнча жүргүзүлгөн. Атап айтсак, топтун Калабрия мафиясы менен байланыштары да иликтенди. Уюмдун борбордук фигураларынын бири – Женнаро Мокбел 1970-жылдары ашынган оңчулдар менен байланышта болчу. Тергөөнүн бир багыты – бриллианттардын соодасы. Иштин ушул бөлүгүнө Гуревичтин тиешеси бар делинүүдө. Аны камакка алуу буйругу берилди. Бирок ал АКШнын жараны, Федералдык иликтөө бюросу - ФБР аны таба алган жокпуз деген жообун кайтарды.

- Гуревичтин арам акчаны адалдоого ролу кандай? Сиз аны макалаңызда ири оюнчу деп атаптырсыз.

Якопо Якобони: Ооба, Италиянын тергөө органдарынан алынган маалыматтарга караганда, анын ролу өтө маанилүү болгон. Гуревич өзүнүн кээ бир компаниялары аркылуу бриллианттарды Африканын айрым өлкөлөрү, атап айтсак Угандага жөнөтүүгө көмөктөшкөн болушу мүмкүн.

Иликтөөгө жакын булактардын айтымында, анын Израил менен да байланыштары бар. Албетте, азыр көпчүлүк маалыматтар жашыруун болгондуктан, көп нерсе шардана кылына элек. Бриллианттар Европага, маселен Голландияга, Италияга да мыйзамсыз жиберилип турган. Бул абдан чиелешкен иш.

Бир нече жыл мурун Италияда финансы полициясынын капитаны Конти табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган. Ал Фонди деген шаарда мыйзамсыз бриллианттарды ташууга тиешеси бар делинген жайларда иликтөө жүргүзө баштагандан кийин каза болду. Азыр анын өлүмү боюнча өзүнчө тергөө жүрүп жатат.

Бир нече жыл мурун Кипр банкынын Италия банкына Гуревичке байланыштуу маалымат жиберип, ал Wolstin Ltd жана Crown Era Investments Ltd фирмаларын арам акчаны адалдоо үчүн пайдаланган деп эскерткен. Адашпасам, алар салыктарды бурмалоодон, тамеки жана маң заттарынын аткезчилигинен түшкөн акча жөнүндө сөз кылышкан.

- Жалпысынан Гуревич тууралуу Италияда кандай маалыматтар бар?

Якопо Якобони: Бул окуяга чейин ал жөнүндө деле уккан эмеспиз. Гезиттердин архивдерин карап чыктык, бирок эч нерсе тапкан жокпуз. Менин коллегам Жанлука Пауличчинин жардамы менен жогоруда сөз болгон Кипр банкынын нотасын гана тапканбыз. Жаңылышпасам, ал 2 жыл илгери жөнөтүлгөн.

Биздин гезитте жарык көргөн макаладан кийин Италиядагы чоң басылмалардын бири - "Panorama" Гуревич тууралуу кеңири материал жарыялады. Журнал өз иликтөөсүн жүргүзгөн. Тергөөгө жакын айрым адамдар ФБР аны кантип эле таба алган жок деп күмөн санашат. Алар Гуревичтин калкалаган күчтүү кишилери бар деп туюнтушат.

- Камакка алуу ордери эмнени билдирет?

Якопо Якобони: Эл аралык ордер чыгарылганын так билем. Бирок сот, прокуратура Гуревич Америкада жашайт деп ойлошкон. АКШ менен Италия ортосунда экстрадиция жөнүндө келишим бар. Кыргызстандын Италия менен экстрадиция тууралуу протоколдору барбы же жокпу, чынын атйсам билбейм. Менимче, андай келишим жок болушу керек. Балким, Гуревичтин Кыргызстанга барганы ушуну менен түшүндүрүлөт.

"Азаттыктын" архивинен: Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады

Бул тууралуу “MGN Group” тобун маалымат жактан камсыздоо боюнча “Флекси коммюникейшин” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов 10-мартта маалымат жыйынында билдирди. MiT

Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG